Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

16-апрель: Тарых барактары


Советтик армия 1945-жылдын бул күнү Берлинге каршы согуш операциясын баштаган.
Советтик армия 1945-жылдын бул күнү Берлинге каршы согуш операциясын баштаган.

Кыргызстан калктарынын ассамблеясы 2002-жылдын бул күнү «Гражданык коомдогу ынтымак жана ырашкерчиликтин жолдору» аттуу форум өткөргөн. Санк-Петербург шаарындагы Борбордук аскер-деңиз китепканасы 1805-жылдын 16-апрелинде негизделген. СССР Борбордук Аткаруу комитети 1934-жылдын 16-апрелинде Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамды киргизген.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1939-жылдын 16-апрель күнкү токтомуна ылайык, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик институту ачылган. өкмөттүк токтомдо каралгандай окуу жайга окучуларды кабыл алуу жай айында жүргүзүлүп, окууу семестри 1-сентябрдан башталмак. Мындан тышкаары, биринчи курска кабыл алуу көлөмү 200 студент менен белгиленген.

Фрунзе ТЭЦи иштеткен электрэнергиясы жалаң эле борбор шаар үчүн эмес, алыскы райондордун колдонууусун камсыздап турган. Кыргыз ССР өкмөтүнүн чечимине ылайык 1964-жылдын 16-апрелинен тарта борбордук ТЭЦ иштеп чыгарган электрэнергия Рыбачье шаарына бериле баштаган. Фрунзе ТЭЦинин электрэнергиясы Фрунзе-Ысык Көл багытында тартылып, анын натыйжасында көл жээгиндеги порт шаардын 800 квартиралуу үйүнө жарык келген.

Фрунзе шаардык аба байланыш агенттиги 1984-жылдын 16-апрелинде авиабилеттерди «Сирена» электрондук системасы менен сатуу ыкмасын колдонууга киргизген. «Сирена» электрондук системасынын ишке кириши билет сатуу жана пассажирлерди тейлөө шартын жакшырткан. Натыйжада, мурдагыдай кезек күтүү бир аз да болсо азайып, адамдар билетти телефон аркылуу алууга жетишишкен.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жасалган ири саамалыктын бири-кыргыз жазма маданиятында жасалган реформа эсептелинет. Кыргыздын карлыгач интеллигенцияларынын аракети менен мурдагы араб тамгалары латын графикасына өткөрүлүп, анын натыйжасында окуу жайлар үчүн жаңы графика менен басылган китептерге болгон муктаждык жаралган. Ишенаалы Арабаев менен Кусейин Карасаев жазган «Алиппе» китеби 1928-жылдын бул күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийген. Андан кийин Б. Данияровдун «Чен өлчөм», К. Баялиновдун «Түлкү жана суур», «Чабалакей жана жылаан», «Кыргыз кошоктору» аттуу китептер жарык көргөн.

Биолог-профессор Турдаков жетектеген ихтиологиялык экспедициянын Ысык-Көлдө жасаган илимий изилдөөсү 1948-жылдын бул күндөрү соңуна чыккан. Профессор Турдаковдун аныктоосуна ылайык, Севандан алынып келген форель бир канча ийгиликсиз сыноодон кийин акыры Ысык-Көлгө көнгөн. Анткен менен профессор Турдаков севан форелине караганда, ысыккөлдүк чебагы балыгы кыйла өндүрүмдүү жана табыгий шартка ыңгайлашкандыгын белгилеген.

Кыргызстан калктарынын ассамблеясы 2002-жылдын бул күнү «Гражданык коомдогу ынтымак жана ырашкерчиликтин жолдору» аттуу форум өткөргөн.

Император Павел I 1797-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында Россия мамлекетинин тагына отурган. Павелдин биринчи жардыгы менен Петр I тарабынан киргизилген империядагы такты ээлөө ыйгарымы өзгөртүлгөн. Эми жаңы талапка ылайык, так ээлөө эркектик багытка жараша улуу балага ыйгарылган.

Санк-Петербург шаарындагы Борбордук аскер-деңиз китепканасы 1805-жылдын 16-апрелинде негизделген.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 1836-жылдын 16-апрелинде күтүүсүз маселеге кириптер болгон. Джексондун башкаруу мезгилинде өкмөт ашыкча 37 миллион доллар акча топтоп, эми парламентарийлер аны кантип жана каякка жумшоо керек деп баш катырышкан экен.

Германия мамлекети 1871-жылдын 16-апрель күнү империялык Конституцияны кабыл алган.

СССР Борбордук Аткаруу комитети 1934-жылдын 16-апрелинде Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамды киргизген.

Советтик Кызыл армия 1945-жылдын 16-апрель күнү Берлинге каршы согуш операциясын баштаган.

Англис математиги жана ойлоп тапкыч Джон Хэдли 1682-жылдын 16-апрелинде күзгө телескопту ойлоп чыгарган.

Атактуу англис актеру Чарльз Спенсер Чаплин 1889-жылдын 16-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG