Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

20-апрель: Тарых барактары


Национал-социализм идеологиясынын жана Үчүнчү рейхтин негиз салуучусу Адольф Гитлер 1889-жылдын ушул күнү жарык дүйнөгө келген.
Национал-социализм идеологиясынын жана Үчүнчү рейхтин негиз салуучусу Адольф Гитлер 1889-жылдын ушул күнү жарык дүйнөгө келген.

Теңдешкис манасчы Сагымбай Орозбак уулу 1868-жылдын 20-апрель күнү жарык дүйнөгө келген. Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясы 1978-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган. АКШда 1940-жылдын 20-апрелинде биринчи электрондук микроскоп жасалган.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, 1868-жылдын 20-апрель күнү теңдешкис манасчы Сагымбай Орозбак уулу жарык дүйнөгө келген. Ал Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы Сарой жергесинде көз жарып, 16 жашынан тарта Манас айта баштаган. Сагымбай Орозбак уулу манасчылардын акыркы муунуна кирет жана анын оозунан дастандын биринчи бөлүгү «Манас» гана жазылып алынган. Замандаштарын айтымында, ал өзүн «семетейчи» деп эсептеген жана «Семетей» дастанын келиштире айткан экен. Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган.

Кыргызстан борборунун үлгүлүү шаарга айланып, транспорт байланышынын өнүгүшүнө 1940-жылдын 20-апрелинде ишке киргизилген Фрунзе асфальт-бетон заводу маанилүү роль ойногон. Заводдун биринчи продукциясы «Ала-Тоо» кинотеатрынын полун асфальттоого пайдаланылган. Фрунзе асфальт-бетон заводунан чыгарылган продукция борбор шаардын көчөлөрүнө, тратуар, скверлерге төшөлүп, ал түгүл кийин республиканын жер-жерлерин байланыштырган унаа жолдордун салынышына колдонула баштаган.

Кыргызстан мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башкы архитектору В. Тычинский менен архитекторолор Союзунун төрагасы Е. Писарскийлер 1964-жылдын 20-апрелинде борбор шаардын курулуш маселесин түп тамырынан өзгөртүү сунушун киргизишкен. Алардын пикирине ылайык, шаар ортосунан өткөн темир жол шаарды экиге бөлүп, анын көркүн эле бузбастан инфраструктуралык өнүгүшүнө кедерге келтирээри белгиленген. Архитекторлор аталган кемчиликти жоюш үчүн темир жол астынан казылган жол салууну сунуш кылышкан.

Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясы 1978-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган. Конституцияда партиянын советтик коомду жетектөөчү жана багыттоочу ролу аныкталып, мамлекеттик саясий түзүлүш менен коомдук уюмдар туурасында жаңы беренелер киргизилген. Анткен менен бардык советтик мыйзамдардай эле жаңы редакциядагы Конституция да коомдон жана реалдуу турмуштан бөлүнгөн маани жана мазмуну менен айырмаланган.

Орус падышалык бийлиги 1843-жылдын 20-апрелинде Сибирге калкты жайгаштыруу жардыгын кабыл алган. Анын натыйжасында, миңдеген орус дыйкандары борбордук аймактардан чыгышка жер которушуп, жаңы аймактарды өздөштүрүүгө киришишкен.

Англия мамлекетинин Протектору лорд Оливер Кромвель 1653-жылдын 20-апрелинде англис парламентин тараткан.

Франция мамлекети 1792-жылдын 20-апрелинде Австрияга согуш жарыялаган.

Россия мамлекетинде жез акчалар 1656-жылдын 20-апрелинде жүгүртүүгө киргизилген.

Америка Кошмо Штаттарында 1940-жылдын 20-апрелинде биринчи электрондук микроскоп жасалган. Көлөмү 3 метрдик микроскоптун салмагы жарым тоннага жетип, ал 100 миң эсеге чоңойтуп көрсөтө алган. Уникалдуу техниканы доктор Владимир Зворыкин жасаган.

Национал-социализм идеологиясынын жана Үчүнчү рейхтин негиз салуучусу Адольф Гитлер 1889-жылдын 20-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок фюрердин атасы Алоис Гитлер башында өтүк ултаруучу болуп кийин бажы кызматына которулган. Энеси Клара Пёльцль фамилиясынан чыккан. Никесиз туулган Адольфтун атасы 1876-жылга чейин энесинин Шикльгрубер фамилиясын алып жүргөн. Кийин ал өгөй атасы Гитлердин фамилиясына которулган.

Улуу Ата Мекендик согуштун бурулуш этаптарынын бири эсептелген Москва кашындагы салгылаш 1942-жылдын 20-апрелинде соңуна чыккан. Москва үчүн согуш жарым жылдан ашык уланып, ал Гитлердин «Тайфун» операциясын таш каптырган.

Москва үчүн согушта кыргызстандык 28 гвардиячылар да катышып, гитлердик Германиянын жеңилишине өз салымын кошушкан.

Париж шаарына чогулган он төрт өлкөнүн улуттук волейбол федерациялары 1949-жылдын 20-апрель күнү Эл аралык волейбол Федерациясын уюштурушкан.
XS
SM
MD
LG