Кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү: Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар 1874-жылдын 4-май күнү мундуз уруусун Россия империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдиришип генерал Г. А. Колпаковскийге кайрылышкан. Кайрылууда алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп чекесинен кырып баштаган. Мундуз уруусунун өкүлдөрү генерал Г. А. Колпаковскийге эбак эле келгендигин билдиришкен. Бирок аларды Ташкенге киргизбей койгондугуна байланыштуу өкүлчүлүктүн генералга жашыруун келгендиги кабарланат.
Пишпекте жашаган уйгур балдары үчүн курулган мектеп 1904-жылдын бул күнү окуучуларга эшигин ачкан. Адегенде, мектепте башталгыч класстар ачылып, ал уезддик борбордо орун алган орус жана жергиликтүү калк үчүн курулган мектептердин катарын толтурган.
Пишпек элдик депутаттар кеңеши 1919-жылдын бул күнү эркиндик үчүн күрөшкөн жоокерлердин урматына Эмен паркындагы көрүстөнгө орнотула турган эстелик үчүн конкурс жарыялаган. Уюштуруу комитети иштеп чыккан планга ылайык конкурстук байгелер белгиленип, биринчи орун үчүн 3 миң рубль, экинчиге 2 миң, үчүнчү үч долбоордун ар бирине 1 миң рублдан сыйлык каралган.
Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы 1924-жылдын бул күнү ишин баштаган. Курултайда Түркстандын саясий-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук республикалардын өз алдынча уюшулуш маселелери каралган.
СССР Министрлер кеңеши 1955-жылдын 4-майында «Союздук республикалардын чарбасын мамлекеттик пландоого киргизүү жана финансы тартибин өзгөртүү» Токтомун кабыл алган. Токтомго ылайык, Кыргызстандын ишкана, өнөр жайлары өз алдынча продукцияны өндүрүүгө жана пландоого укук алышкан.
Жаңы Нидерландия колониясынын биринчи губернатору Петер Минюит 1626-жылдын 4-май күнү Гудзон дарыясы куйган жээкте жайгашкан көлөмдүү аралга түшкөн. Ал адегенде аралга Жаңы Амстердам аталышын берген. Андан кийин мында жашаган жергиликтүү уруулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, Петер Минюит аралды 60 гульденге (болгону 24 доллар!) сатып алган. Ошентип азыр дүйнөгө атагы чыккан Манхэттендин тарыхы башталган. Уламышка караганда «Манхэттен» сөзү жергиликтүү калктын тилинде «бизди алдап кетти» дегенди билдирет имиш.
Дүйнөдөгү биринчи бүктөлчү кол чатыр 1715-жылдын 4-май күнү Парижде чыгарылган.
Америка Кошмо Штаттарында 1927-жылдын 4-май күнү «Оскар» сыйлыгын тапшыра турган искусство Академиясы уюшулган.
И. В. Сталин 1935-жылдын 4-майында өткөн кызыл офицерлер менен жолугушуу маалында «Кадрлар баарын чечет!» деген айтылуу сөзүн айткан.
Фашисттик Германиянын мамлекеттик башчысы Адольф Гитлер 1942-жылдын 4-май күнкү Берлин шаарындагы операда сөз сүйлөп, Уинстон Черчиллди «дүйнөдөгү анык кан ичкич» деп жана «еврейлик-капитализмдин соңуна чыккандыгын» жар салган.
Эрнст Хемингуэй 1953-жылдын 4-майында «Абышка жана деңиз» чыгармасы үчүн Пулитцеровдук сыйлыкты алган.
Теңдешкис энциклопедиялык сөздүктүн түзүүчүсү Фридрих Арнольд Брокгауз 1772-жылдын 4-май күнү жарык дүйнөгө келген.