Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

21-май: Тарых барактары


Пётр I 1712-жылдын бул күнү Россиянын борбор шаарын Москвадан Петербургга көчүргөн.
Пётр I 1712-жылдын бул күнү Россиянын борбор шаарын Москвадан Петербургга көчүргөн.

Кыргызстан тарыхындагы биринчи эл аралык шахматтык турнир 1979-жылы өткөрүлгөн. ФИФА Эларалык футбол федерациясы 1904-жылдын 21-май күнү Париж шаарында негизделген. Пётр I 1712-жылдын 21-май күнү Россия мамлекетинин борбор шаарын Москвадан Петербургга көчүргөн. Улуу Британия дүйнө тарыхында биринчи болуп «жайкы убакытка» 1916-жылдын 21-май күнү өткөн.

Тобольск воеводасы 1625-жылы боярдын уулу Петр Сабанский баштаган элчиликти энисейлик кыргыздарга жөнөткөн. Элчилик үчүн кыргыздарды падышалык Россиянын букаралыгына өтүшүн сунуш кылып, тышкы күчтөргө каршы биргелешип күрөшүү жана кыргыздардын орус воеводаларына караштуу калкка чапкын жасабашын талап кылуу милдети жүктөлгөн. Орус элчилиги энисейлик кыргыздарды Есер улусу орун алган Енисей дарыясынын боюнан тапкан. Кыргыздар элчиликти башында каардуу кабыл алып, анан барып алардын Тобольсктон падышанын грамотасы менен келгендигин билген соң сүйлөшүү жүргүзө башташкан.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкер депутаттардын кеңеши 1928-жылдын 21-май күнү борбор шаар аймагында орун алган тезек камдоо «кампаниясын» айыптаган чечим чыгарган. Шаардык кеңеш тезек камдоо «кампаниясы» борбор калаа үчүн жарашбаган жосун экендигин белгилген. Кеңири кулач жайган жампа жасоо өнөкөтү караңгылыктын белгиси экендигин жана ал антисанитариялык кырдаал жаратаары баса көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештин чечимине ылайык ордо калаанын борбору эсептелген: чыгышында Кузнечный, азыркы Ибраимов, батышында Больничный, азыркы Логвиненко, түндүгүндө Ташкент, азыркы Жибек жолу, түштүк тарабында Верхний, азыркы Бөкөмбаев көчөлөрүндө тезек жасоого тыю салынган.

Кыргыз областтык ВКП (б) комитети 1932-жылдын бул күнү Фрунзе шаарындагы советтик сооданы өнүктүрүүгө белсене киришкен. Партиялык чечимге ылайык шаардын айланасындагы элүү беш колхоз чарбалары борбордун өнөр жайларын айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга милдеттендирилген. Анткен менен эки тараптын тең партиялык көрсөтмөнү толук аткарууга чолосу тийген эмес. Ошол кездеги обком партиянын биринчи катчысы Александар Шархрайдын маанилүү чечимди аткарбаган кызматчыларды кызматтан ала тургандыгын билдиргенине карабастан, айрым жетекчилер буйрукка баш ийген эмес. Чарба жетекчилеринин айтымына караганда, элет калкы ансыз да жакырчылыктын азабын тартып, тамак-аш шаарга эмес жеке керектөөдөн артпай калган.

Фрунзе шаарынын түштүк-батышына курулган жаңы аэропорт 1957-жылдын бул күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришкен. Ошол убактагы шаар инфраструктурасына ылайык аэропорт борбордон ыраак орун алган. Андан да таштак талаадагы кыпкызыл гүлгө оронгон күмүш канат самолеттор жүргүнчүлөргө керемет таасир калтырган. Жаңы аэропорт мурдагы Ново-Белинский, азыркы Тынчтык көчөсүнүн соңунда жайгашып, ошол кезде ал шаардын ыраакы чеги катары саналган.

Кыргызстан тарыхындагы биринчи эларалык шахматтык турнир 1979-жылы өткөрүлгөн. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган шахматчылардын эл аралык турнири 21-майда башталып, ага А. Белявский, Д. Спилмэн, Е. Васюков, В. Савон сыяктуу эларалык гроссмейстерлер жана кыргызстандык Н. Зильберман, Л. Юртаев, Д. Маматовго окшогон мастерлер катышкан. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган эл аралык турнирди Львовдук гроссмейтер А. Белявский жеңип, кыргызстандык Н. Зильберман менен Л. Юртаевдер эларалык мастердик норманы толтурушкан.

ФИФА Эл аралык футбол федерациясы 1904-жылдын 21-май күнү Париж шаарында негизделген. Футбол федерациясын уюштуруу келишимине Франции, Бельгия, Дания, Голландия, Испания, Швеция жана Швейцария мамлекеттери кол коюшуп, федерациянын биринчи президенттигине Робер Герен шайланган.

Байыркы Русьтун тарыхындагы Күндүн тутулушу биринчи жолу 1091-жылыдн 21-май күнү катталган.

Пётр I 1712-жылдын 21-май күнү Россия мамлекетинин борбор шаарын Москвадан Петербургга көчүргөн.

Улуу Британия дүйнө тарыхында биринчи болуп «жайкы убакытка» 1916-жылдын 21-май күнү өткөн.

Айрым тарыхый материалдарга караганда, атактуу грек философу Платон б.з.ч.427-жылдын 21-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Советтер Союзунун күйөрманы, америкалык ишкер Арманд Хаммер 1898-жылдын 21-май күнү туулган. Ал өз убагында учурдан пайдаланып Советтер Союзундагы искусство үлгүлөрүн текейден арзан топтоп, Америкага чыгарып кеткен. Арманд Хаммер 1921-жылы В. И. Ленинге колунда адамдын баш сөөгүн кармап Ч. Дарвиндин «Түрлөрдүн жаралышы» аттуу китебине отурган колодон жасалган маймылдын айкелин белекке берген. В. И. Ленин белекке ыраазычылыгн билдирип, «эгер Советтер Союзу жана Америка өз алдынча тынчтык өнүгүүсүн улантышбаса, маймылдар анда адамдардын баш сөөгүн колдоруна кармашып, бул эмне деген нерсе эле деп ойлонгон кез келет» деген экен. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлер жетекчисинин метафорасы жаш америкалыкка зор таасир калтырып, ал Советтер Союзу менен кызматташууну андан да жандандырган.
XS
SM
MD
LG