Кыргызстандагы тарыхый окуялар
Кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр абалды салмакташ үчүн курултай чакырып, калкка орус бийлигине кирүү сунушу менен кайрылган.
Бир жагынан Цин империясынын кол салуу коркунучу, экинчи тараптан казак султандарынын кысымынан чоочулаган кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр абалды салмакташ үчүн курултай чакырып, калкка орус бийлигине кирүү сунушу менен кайрылган. Курултайга келген кыргыз жакшылары улук бийдин таклибин туура табышкан. Курултайдан колдоо тапкан Атаке баатыр Абдрахман Кучаковду баш кылып, ага Шергазыны кошуп кыргыз элчилигин 1785-жылы Россия империясынын борбору Петербурга аттандырган. Кыргыз элчилери казак султандарынын ээлиги аркылуу адегенде Омск шаарына келишкен. Сибирдеги орус администрациясы кыргыз элчилигин жылуу кабыл алып, 1785-жылдын 29-декабрында аларды Петербургга узаткан.
Кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү ийгиликсиз аяктап, козголгон калкты хандык канга бөлөгөн. Анткен менен эркиндик эңсеген калкка боштондук кыймыл калкка психологиялык дем берген. Кокон хандыгына болгон маанай өзгөрүп, бийликтин калк арасындагы баркы кеткен. Хандын ордосундагы орус тыңчысы Вайнбергдин 1874-жылдын 29-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, кыргыз көтөрүлүшүнүн 1873-жылдын август айындагы жеңишке жетиши Кокон хандыгынын абалын оордоткон.
Түркстан Коммунисттик партиясынын II съезди 1918-жылдын 29-декабрында ишин аяктаган.
КЭКтин лидери К. Бакиев жана башка бир катар оппозициялык кыймылдардын башчылары кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.
Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев, «Ата Журт» коомдук-саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева, «Жаңы багыт» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев, Кыргызстан элдик конгрессинен Алмазбек Атамбаев жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин лидери Мисир Ашыркуловдор 2004-жылдын 29-декабрында кызматташуу меморандумуна кол коюшкан. Меморандумда парламенттик шайлоо учурунда ичара кызматташуу; парламенттик шайлоону баш мыйзам талабына шайкеш жана демократиялык шартка ылайык адилет өткөрүү сыяктуу маселелер каралган.
Чукул кырдаал министрлигине караштуу Бишкек шаардык өрттөн сактоо гарнизонунун 100дөй кызматкери 2005-жылдын бул күнү Жогорку Кеңештин кашында нааразылык пикет өткөрүшкөн. Алар бийликтен гарнизон администрациясынын ишин текшерип, бир жылдан бери берилбей калган социалдык камсыздоого бөлүнгөн 16 млн. сом каражаттын кайтарылышын талап кылышкан.
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган адам укугу Декларациясынын 50 жылдык урматына Кыргыз Республикасы 1998-жылдын декабрь айында атууга өкүм чыгарылган адамдардын жазасын аткарууга 2 жылдык мораторий жарыялаган. Кийин ал 2000-жылдын 31-декабрында, андан соң 2005-жылдын 29-декабрында узартылган.
Акын, жазуучу Ишенбай Мансуров 1936-жылы, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов 1949-жылы жарык дүйнөгө келген.
Дүйнөдөгү тарыхый окуялар
Дзержинский атындагы биринчи балдарды тарбиялоо Коммунасы 1927-жылдын 29 декабрында ачылган. Жаш жеткинчектерди тарбиялоо борбору Новый Харьков шаарында орун алып, аны айтылуу «Педагогикалык поэманын» (1939) автору, педагог Антон Макаренко жетектеген. Кийин мындай багыттагы мектептер Советтер Союзунун бардык республикаларында, анын ичинде Кыргызстанда да ачыла баштаган.
Раджив Ганди башында турган Индия Улуттук конгресс партиясы 1986-жылдын 29 декабрында Индиядагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.
Айтылуу Петр I менен Екатерины I сүймөнчүк кызы Елизавета Петровна 1709-жылдын 29-декабрында жарык дүйнөгө келген.