Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:21

19-март: Тарых барактары


2005-жылдын 19-мартында Ош областтык имараттын кашында Кыргызстан калкынын кезектеги курултайы өткөн.
2005-жылдын 19-мартында Ош областтык имараттын кашында Кыргызстан калкынын кезектеги курултайы өткөн.

Атаке баатырдан Орус империясына жиберген элчилигин Абдрахман Кучаков жетектегени жалпыга маалым. Орус архивдик материалдарында элчинин кесиби туурасында кошумча маалыматты жолуктурса болот.

Тобол мамлекеттик казыначылыгынын Сибирь багытынын командири Н. С. Федцовго 1786-жылдын 19-мартында жолдогон катына караганда кыргыз элчисинин толук ысмы Абдрахман Курган Кучаков деп жазылган. Окумуштуулардын оюна ылайык Курган анын азан чакырган ысмы, ал эми Абдрахман анын дин аталышы болгон. Абдрахман Кучаков орус архивдик материалдарында кесиби молдо катары катталган.

Түркстан коммунисттик партиясынын экинчи конференциясы 1919-жылдын 19-март күнү ишин баштаган. Конференцияда Түркстан коммунисттик партиясынын Мусулмандар бюросун уюштуруу туурасында чечим кабыл алынган.

Кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти Сабира Күмүшалиева 1917-жылдын 19-мартында жарык дүйнөгө келген. Болочок артист Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду 1934-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында эмгектене баштайт. Сабира Күмүшалиеванын чыгармачылык сапары байсалдуу уланып, ал калк кадырына татыган сахна чеберине айланган. Ал жараткан ондогон ролдор кыргыз адабиятынан баштап, дүйнөлүк классикаларга чейин жетип, актриса кыргыз калкынын сүймөнчүгүнө айлана алган.

Атактуу Тимурдун өмүр жолун, теңдешкиз кол башчылык аскер өнөрүн даңазалаган Низам ад-Дин Шаминин кол жазмасы 1404-жылдын бул күндөрү өкүмдардын колуна тийген. Тимур чыгарманы оң баалап, ага «Зафер-намэ» тактап айтканда, «Жеңиш китеби» деген аталышты берген. «Зафер-намэ» чыгармасында Кыргызстандын жер аталыштарына байланыштуу кызыктуу маалыматтар арбын учурайт.

Соңку парламенттик шайлоодон кийин кырдаал курчуп, 2005-жылдын 19-мартында Ош областтык имараттын кашында Кыргызстан калкынын кезектеги курултайы өткөрүлгөн. Курултайга жети миң чамалуу адам катышып, алар президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, чукул президенттик шайлоо өткөрүлүп, парламенттик шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптарын коюшкан.

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган сессиясы 2005-жылдын 19-март күнү ишин баштаган. Шаардык кеңеш депутаттары Жалал-Абад, Ош облустук мамлекеттик администрация мекемелеринин жана айрым райондук администрация имараттарынын мыйзамсыз басып алынышын айыптап чыгышкан. Шаардык депутаттар кеңеши жалпы кыргыз калкын сабырдуулук, тынчтык жана ынтымакка чакырган кайрылуу кабыл алган.

Вавилондук жазууларга караганда күндүн тутулушун каттаган биринчи маалымат б.з.ч. 721-жылдын 19-март күнү катталган.

Автордук укукту коргогон дүйнөдөгү биринчи мыйзам 1474-жылдын 19-мартында Венецияда кабыл алынган.

Пётр I Батыш Европага жасаган «Улуу элчилиги» 1697-жылдын 19-март күнү башталган. Ф. Лефорт, Ф. Головин, П. Возницындар Улуу элчилер аталашып, ал Пётр I болсо Преображенский полкунун урядниги Петр Михайлов деген ысым менен делегациясыны мүчөсү катары Европага аттанган.

Союздук жана орус армиясы 1814-жылдын 19-март күнү Парижди ээлешкен.

Европарламенттин биринчи жыйыны 1958-жылдын 19-март күнү Страсбургда ишин баштаган.

Советтик диссиденттер Андрей Сахаров, Валентин Турчин жана Рой Медведев 1970-жылдын 19-март күнү советтик жетекчиликти демократиялык жолго чакырган ачык кат менен кайрылышкан.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети 2008-жылдын 19-мартында Орусиядагы кубаттуу «СКИФ МГУ» аталган суперкомпьютерди сынаган.
XS
SM
MD
LG