Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

27-апрель: Тарых барактары


Фидел Кастро 1963-жылдын 27-апрель күнү биринчи жолу Советтер Союзуна келген.
Фидел Кастро 1963-жылдын 27-апрель күнү биринчи жолу Советтер Союзуна келген.

Кытай императору Канси Дасюэши Исэнча 1697-жылдын бул күнү жунгар өкүмдары Галдан Бошокту ханга каршы согуш аракети соңуна чыккандыгын билдирген жардык чыгарган. Императордун жардыгында Галданды кармап жазасын берүү үчүн аскер жиберилгени белгиленген. Кытай мамлекетинин жунгарларды талкалашы аймактын коопсуздугун камсыз кылган. Андан да буга чейин жунгарлардын чапкынынан азап тарткан кыргыз жана казактар үчүн аз да болсо бейпил мезгил орногон.

Падышалык Орусия бийлигинин 1861-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык Черноморск губерниясында, Степной, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд облустарында жергиликтүү калктын жер менчигин аныктоо иши башталган. Аталган токтом Орусиядан көчүрүлгөн адамдарга бөлүнө турган жер көлөмү жана аларга бериле турган мөөнөттү тактоо маселеси аныкталган.

«Ачык коом» институтунун түптөөчүсү Жорж Сорос 2004-жылдын бул күнү президент Аскар Акаев менен жолугушкан. Жолугушуунун соңунда айтылуу филантроп Сорос А. Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Анын айтымында А. Акаевдин мындай кадамы түбөлүк бийликти көксөгөн Борбор Азия жетекчилери үчүн мыкты өрнөк болмок.

«Пирамида» телеканалы 41 күндүк тыныгуудан кийин 2004-жылдын 27-апрелинде кайрадан иштей баштады. Телеканалдын башкы директору Андрей Цветков, бийлик өкүлдөрү мындай кадамга коомчулуктун кысымы, балким Жорж Соростун президент менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасы болушу мүмкүн экендигин белгилеген.

Якут Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы 1922-жылдын 27-апрелинде негизделип, 1992-жылдын бул күнү Саха Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Якут АССринин курулушуна Максим Кирович Аммосов сыяктуу инсандар зор салым кошкон. М. К. Аммосов 1937-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз ВКП(б)нын 1-катчылык кызматын аткарууга киришип, кийин сталиндик репрессияга кабылып атылып кеткен.

Рим папасы Юлиан 1509-жылдын 27-апрелинде Венецияны чиркөөдөн чыгарган.

Дүйнөлүк океандарды кыдырууга белсенип чыккан португалиялык Фернан Магелланды 1521-жылдын 27-апрелинде филиппиндик аборигендер өлтүрүшкөн.

Алексей Михайлович Романов 1670-жылдын 27-апрель күнү мамлекеттик колуктуну кароо сынагы соңуна чыккандыгын жарыялаган. Алексей Михайлович өзү төрт ай ичинде 70 селкини сынап, акыры падышанын көңүлү отуз алтынчы болуп сыноодон өткөн тарустук дворяниндин кызы Наталья Кирилловна Нарышкинага токтогон. Наталья Кирилловна падышага Петрду төрөп берген.

Америкалык ойлоп тапкыч жана сүрөтчү Сэмюэл Морзе 1791-жылдын 27-апрелинде туулган. Атактуу ойлоп тапкыч азыр «морзянка» аталган телеграф аппараты үчүн ыңгайлуу алиппени чыгарган.

Москва шаарындагы математика жана навигация илимдери багытындагы мектеп 1701-жылдын 27-апрелинде негизделген.

Англис социалист-утописти Роберт Оуэн 1825-жылдын 27-апрель күнү Америка континентинде Жаны Гармония аталган колония түптөгөн. Анткен менен анда жашаган калктын маанайы гармонияга шайкеш келбегендиктен Роберт Оуэн 1828-жылы ишмердигин токтотууга мажбур болгон.

Орусиядагы I Мамлекеттик Думанын ишмердиги 1906-жылдын 27-апрель күнү ишин баштаган.

Атактуу советтик физик-теоретик, профессор Лев Давидович Ландау 1937-жылдын 27-апрель күнү камакка алынган. Лев Давидович Физикалык проблемалар Институтундагы Теориялык бөлүмдү жетектеп, жаш шакирти менен бирдикте антисталиндик баракчаларды даярдаган. Илим адамдары баракчаларды көбөйтүп, аларды майрам маалында таратууну көздөшкөн.

Генрих Гиммлердин 1940-жылдын 27-апрель күнкү буйругуна ылайык каргашалуу “Освенцим” концлагери негизделген.

Советтер Союзу менен Египет 1959-жылдын 27-апрель күнү Асуан плотинасын куруу туурасында келишимге кол коюшкан.

Куба революциясынын лидери Фидел Кастро 1963-жылдын 27-апрель күнү биринчи жолу Советтер Союзуна келген. Америкалыктардын кол салуусунан сестенген Куба лидери «Эркин аралдан» жашыруун учуп чыккан жана анын кайра мекенине кайтышы ушундай эле шартта жасалган.

«Памперс» аталган наристелер үчүн колдонулчу жалаяк 1965-жылдын 27-апрель күнү Америка Кошмо Штаттарында патенттелген.

Байкал-Амур магистралынын курулушу үчүн жабдылган ВЛКСМдын XVII съезди аталган ыктыярдуу комсомол отряды 1974-жылдын 27-апрелинде Москвадан Сибирге сапар тарткан.

Ооганстандагы мамлекеттик төңкөрүш (Апрель революциясы) 1978-жылдын 27-апрель күнү жасалган.

Богдан Хмельницкий атындагы Украинанын биринчи ордени 1995-жылдын 27-апрель күнү Жогорку Рада тарабынан кабыл алынган.

Айтылуу англис тарыхчысы Эдуард Гиббон 1737-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Англис философу жана позитивизм илимий изилдөө багытынын негиздөөчүлөрүнүн бири Герберт Спенсер 1820-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Биринчи электр темир жолун жасаган америкалык ойлоп тапкыч Чарльз ванн Депеле 1846-жылдын 27-апрель күнү туулган.

Нейлон аталган биринчи синтетикалык полимерди чыгарган айтылуу америкалык химик Уоллес Хьюм Карозерс 1896-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG