Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

6-май: Тарых барактары


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл 2005-жылдын 6-майында Кыргызстанга келген.
Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл 2005-жылдын 6-майында Кыргызстанга келген.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Бюросу 1961-жылдын 6-майында экинчи күнкү жыйынына чогулган. Партиялык жыйында республиканын элдик чарбасынын абалы жана Борбордук комитет Бюросунун иши талкууланган.

Республикалык партия жыйынына катышкан КПСС Борбордук комитетинин катчысы В.Н.Титов «Кыргызстандагы кырдаал КПСС Борбордук комитетин мурдатан тынчсыздандырып келгенине» токтолгон. Анын айтымында, Кыргызстан жетекчилиги чарба маселесинде, партиялык уюштуруу жана идеологиялык багытта, кадрларды даярдоо ишинде өксүктүктөрдү жоюш үчүн чара көрбөй калган. Эки күндүк талкуудан кийин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков менен Министрлер кеңешинин төрагасы Казы Дыйкамбаев ишинде кетирген кемчиликтери үчүн кызматтарынан алынган.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 6-май күнү Мамлекеттик Улуттук Аскер лицейин уюштуруу туурасында Жардык чыгарган. Жаңы окуу жайы мурдагы Республикалык орус тилин терең үйрөнө турган аскердик-дене тарбия даярдык мектеп-интернатынын базасында курулган. Андан мурда окуу жай Бишкектеги «Суворов» атындагы училище деп аталып келген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл 2005-жылдын 6-майында Кыргызстандын президентинин милдеттерин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери тегерегинде пикир алышкан. Абдулла Гүл 10-июлга белгиленген президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн айрыкча маанилүү экендигин жана ал дүйнөлүк коомчулук алдында өлкөнүн жүзүн аныктай турган сынак катары кызмат кылаарын белгилеген.

Валентин Распутиндин «Жаша жана эсте» аттуу драмасынын негизинде коюлган спектаклдын бет ачары 2005-жылдын 6-май күнү Бишкектеги Мамлекеттик академиялык орус драма театрында коюлган. Спектаклди айтылуу орус режиссер, «Алтын бет кап» улуттук театралдык премиянын лауреаты Алексей Песегов даярдаган. Режиссердун айтымында, спектакль Улуу Ата мекендик согуштун 60 жылдык жеңишине утурлай коюлуп, ал согуш ардагерлерине арналган.

«Нью-Йорк геральд» аттуу америкалык гезиттин биринчи саны 1835-жылдын 6-май күнү жарык көргөн.

Жузеппе Гарибалди 1860-жылдын 6-май күнү миң чамалуу ыктыярдуу кол топтоп Генуядан эки кеме менен Сицилияга багыт алган. «Миңдиктердин» жортуулу Түштүк Италияны боштондукка чыгарып, 1859-1860-жж. Италия революциясынын жеңишин камсыз кылган.

Азыркы Түркмөнстанга караштуу Ахалтекин жергеси 1881-жылдын 6-майында Орусия империясынын курамына алынган.

Кырым Советтик Республикасы 1919-жылдын 6-май күнү уюшулган.

РСФСР менен Германия ортосундагы соода мамилеси 1921-жылдын 6-май күнү орногон.

Жюль Ромен, Ришар Блок жана Жорж Дюгамелдин демилгеси менен 1927-жылдын 6-май күнү Париж шаарында Советтер Союзу менен кызматташууну көздөгөн француздук маданий ийримдин уюштуруу жыйыны өткөн.

Советтик жазуучулар кошуунун Уставы «Известия» жана «Литературная газета» басылмаларынын 1934-жылдын 6-май күнкү санында жарыяланган.

И. В. Сталин 1941-жылдын 6-май күнү Советтер Союзунун Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп, ал эми буга чейин он жарым жыл бул кызматты аркалаган В. М. Молотов тышкы иштер наркомдук кызматын сактап, аны менен бирге Элдик комиссарлар кеңеш төрагасынын биринчи орун басарылык кызматына дайындалган.

Бонн шаарында 1949-жылдын 6-май күнү өткөн парламент жыйынында Батыш Германиянын Конституциясы кабыл алынган.

СССР менен Чехословакия ортосундагы достук келишимге 1970-жылдын 6-май күнү Прага шаарында кол коюлган.

Кырым Республикасынын Конституциясы 1992-жылдын 6-май күнү кабыл алынган.

Британия ханышасы Елизавета II менен Франциянын президенти Франсуа Миттеран 1994-жылдын 6-май күнү Ла-Манш кысыгында тоннелди салтанат менен ачышкан.

Казакстандын жаңы борбору аталган Акмоло шаары 1998-жылдын 6-май күнү Астана деп өзгөртүлгөн. Буга чейин шаар Акмолинск жана Целиноград деп аталып келген.

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 2007- жылдын 6-май күнү өтүп, анда Николя Саркози жеңишке жетишкен.

Улуу француздук революциянын көрүнүктүү ишмери, “якобинчилердин” жетекчиси Максмильен Робеспьер 1758-жылдын 6-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Австриялык атактуу психиатр жана врач Зигмунд Фрейд 1856-жылдын 6-майында туулган. Зигмунд Фрейд XX кылымдагы психологдор арасында айрыкча орунду ээлейт. Анын психологиялык, социологиялык көз карашы искусство, социология, этнография жана психиатрия илимдерине олуттуу таасир тийгизген.

Атактуу индиялык акын жана философ Рабиндранат Тагор 1861-жылдын 6-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG