Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

8-май: Тарых барактары


«Кока-Кола» суусундугу 1886-жылдын 8-май күндөн тарта өндүрүлө баштаган.
«Кока-Кола» суусундугу 1886-жылдын 8-май күндөн тарта өндүрүлө баштаган.

Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Аткаруу комитети менен Аткаруу бюронун 1920-жылдын 8-майында өткөн биргелешкен жыйынында «кыргыз маселеси» боюнча атайын токтом кабыл алынган. Анда Жети-Суудагы кулактардын ашкере таасирин жоюу, тамак-аш маселесин чечүү, маданий-агартуу иштерди жүзөгө ашыруу сыяктуу олуттуу маселелер каралган.

Кыргыз Илим комиссиясынын 1926-жылдын 8-май күнкү жыйынында Облустук музейди уюштуруу маселеси каралган. Жыйында музейди уюштуруу үчүн имарат бөлүп берүү өтүнүчү айтылып, Орто Азия Башкы илим бирикмесинен керектүү экспонаттарды суроо жана облустук коллегиядан жаңы музейди Алматы музейинен бөлүү сыяктуу маселелер каралган.

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков 1973-бул күндөрү Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган. Катта кыргыз адабиятынын абалы, улуттук колориттен айрылган Фрунзе шаарынын архитектурасы, кыргыз тарыхы жана эне тил көйгөйлөрү көтөрүлгөн. Атактуу жазуучу ошол кездеги партиялык диктатка карабастан улут безерлерге жана чагымчыларга каршы чара көрүү сыяктуу олуттуу маселелерди кабыргасынан койгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде 2003-жылдын 8-май күнү этникалык кыргыздардын абалына арналган талкуу өткөрүлгөн. Жыйында чет өлкөлөрдөн тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын укуктарынын жөнгө салынбай, алардын Кыргызстандын жарандыгын алышына ар кандай тоскоолдуктар жасалып жаткандыгы белгиленген. Көйгөйлүү маселени чечүү үчүн миграциялык кызмат эки этаптык иш чараны иштеп чыккан. Анын биринчиси иммигранттык укук болсо, экинчиси жарандыкты берүүгө багытталган.

Демократиялык күчтөрдүн коалициясы 2006-жылдын 8-майында “Реформа үчүн” кыймылга айланган. Коалициянын координациялоочу органы “Реформа үчүн” кыймылдын кеңешине айланган. Аталган уюм 8-майда билдирүү таратып, Кеңешке 29-апрелдеги тынч митингди уюштурган штабдын бардык мүчөлөрү кирген. Мындай өзгөрүүгө штабдын кеңейиши менен кыймыл үчүн келип чыккан узак мөөнөттүү пландар себеп болгон.

Бишкек шаарында 2007-жылдын 8-май күнү ХХ Азия оюндары башталган. Азия чемпионатынын оюндарында грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Кыргызстанды кошкондо жыйырма өлкөнүн спортчулары күч сынашкан.

8-май Европа өлкөлөрүндө фашизмден кутулуу күнү катары белгиленет. Фашисттик Германия ортоңку Европа убактысы боюнча 8-май күнү 23 саат 01 мүнөттө толук капитуляцияланган. СССР аймагында болсо бул убакта 9-май күнү келгендигине байланыштуу Жеңиш күнү 9-майда майрамдалып калган.

8-май Кызыл крест жана Кызыл жарым ай күнү катары белгиленет. Ал 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл крест уюму уюшулган. Кызыл крест жана Кызыл жарым ай уюмдары Советтер союзунда 1925-жылы курулуп, анын ишкердиги Кыргызстан аймагына да тараган. Эгемен Кыргызстанда азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырып, миңдеген адамдар алардын кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.

Испандык саякатчы Эрнандо де Сото 1541-жылдын 8-май күнү Миссисипи дарыясын ачкан.

Орусиянын борбору 1713-жылдын 8-май күнү Москвадан Санкт-Петербургга которулган.

Коррупцияга аралашкан деген күнөө менен азыркы химия илиминин негиз салуучусу Антуан Лавуазье 1794-жылдын 8-майында сот жазасына тартылган.

Англис пролетариатынын саясий талабынын туюнткан «Элдик хартия» программасы 1838-жылдын 8-май күнү жарык көргөн.

«Кока-Кола» суусундугу 1886-жылдын 8-май күндөн тарта өндүрүлө баштаган. Суусундукту ойлоп тапкан атланталык доктор Жон Пембертон башында күнүгө тогуз зки жүз граммдык ичимдикти чыгарган. Кийин 1988-жылы анын сатылыш көлөмү 1 миллиард долларга жеткен.

Кытай 1895-жылдын 8-май күнү Тайванды Жапонияга берген.

Большевиктик бийликтен качкан орус эмигранттары 1921-жылдын 8-май күнү Константинополь шаарында таракандардын жарышын өткөрүшкөн.

Англия 1923-жылдын 8-майында Советтер Союзуна «Керзондун ультиматуму» аталган саясий талаптарды койгон.

Франция 1947-жылдын 8-май күнү Валюта корунан чыккан.

Советтер Союзу менен Куба мамлекеттери ортосундагы дипломатиялык мамиле 1960-жылдын 8-майында орногон.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиуму 1965-жылдын бул күнү «Баатыр-Шаар» туурасындагы ардактуу наамдын Жобосун кабыл алган. Президиумдун ушул эле күнкү Жардыгы менен Брест чеби «Баатыр-Шаар» ардактуу наамы менен, Волгоград, Севастополь жана Одесса баатыр шаарлары Ленин ордени жана «Кызыл Жылдыз» медалы менен, Ленинград жана Киев баатыр шаарлары «Кызыл Жылдыз» медалы менен сыйланган.

Москва шаарындагы «Белгисиз жоокердин көрүстөнү» аталган мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылдын 8-май күнү ачылган.

Советтер Союзунун Улуттук Олимпиадалык комитети Лос-Анжелес шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарды бойкоттоо туурасында чечимди 1984-жылдын 8-майында кабыл алган.
XS
SM
MD
LG