Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

14-май: Тарых барактары


СССР президенти Михаил Горбачёв.
СССР президенти Михаил Горбачёв.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана аскердик таасири XVII кылымдын орто чениндеги Еренак өкүмдарлык кылган мезгилде туу чокусуна жеткен. Сибирдеги орус бийлиги кыргыздар менен сүйлөшүү жүргүзүү максатында И. Петров жана А. Поспеловду элчиликке жөнөткөн.

Алар менен кыргыз бектери жолугушуп, тийиштүү маселелерди талкуулашып, орус элчилери 1683-жылдын 14-майында кайра кайтканда, кыргыз беги Кашканын уулу Кубага алар менен кошо Томск шаарына келген. Кыргыз жетекчилиги ага Москва шаарына Еренактын катын жеткирүү тапшырмасын жүктөгөн. Кат Еренактын атынан монгол тилинде жазылып, анда кыргыздардын эркин калк экендиги белгиленип, орус бийлииги менен кызматташууга даяр тургандыгы айтылат.

Токмок шаарынын кашындагы орус кыштактарынын орун алышына генерал Михаил Григорьевич Черняев зор салым кошкон. Генералдын буйругуна ылайык 1864-жылдын бул күндөрү мындагы кокондуктардын чебинин чалдыбарына жакын жерге орус кыштагы түптөлө баштаган. Орус стратегдеринин боолгосуна ылайык Токмок шаары Олуя-Ата менен Верный ортосундагы байланышты камсыздоо максатында жана кокондуктардын мында кайрадан күч алышын ооздуктоо үчүн курулган.

Орус императору 1883-жылдын 14-майында кыргыздын айтылуу тарыхый инсаны Шабдан Баатырга Аскер старшинасынын чини менен кошо алтын чынжырга тагылган алтын саат жана 1-даражадагы ардактуу чепкен менен сыйлаган.

Фрунзе шаардык суу түтүктөрүн куруу үчүн 1927-жылдын бул күнү өткөрүлгөн ачык соода атаандаштык кырдаалда жүргөн. Борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна Кыргыз мамлекеттик курулушу менен шаардык түзөтүү мекемеси арыз талаптарын беришкен. Шаардык түзөтүү мекемеси суу түтүктөрүнүн курулушун абактагы адамдардын күчү менен арзан жана ылдам сала тургандыгын билдирген.

Кыргыз мамлекеттик курулуш ишканасы борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна жүздөгөн адамдар тартылып, жаңы жумушчу орундары ачылып, жумушсуздардын саны азаят деп ишендирген. Акырында курулуш иши Кыргыз мамлекеттик курулушка тапшырылып, эгер ишкана жумушчуларды эмгек биржасынан ала турган болсо, ага 154 145 рубль бөлүнө тургандыгы билдирилген. Бирок Шаардык кеңеште каражат табылбагандыгына байланыштуу суу түтүктөрүнүн курулушу белгисиз мөөнөткө калтырылган.

Людовик XIII көз жумгандан кийин 1643-жылдын 14-май күнү Франциянын тагына төрт жаштагы Людовик XIV отурган.

Англис хирургу Эдвард Женнер 1796-жылдын 14-майында сегиз жаштагы Жеймс Фиппсти чечекке каршы эмдеген. Буга чейин катуу ооруп жаткан бала эмдөөдөн кийин өзүн жакшы сезип, оорунун таасири кеткен.

Парагвай 1811-жылдын 14-майында мамлекеттик эгемендик алган.

А.C. Пушкиндин балыкчы жана балык туурасындагы жомогу 1835-жылдын 14-май күнү жарык көргөн.

Айтылуу окумуштуу Чарльз Дарвин 1849-жылдын 14-майында «Түрлөрдүн жаралышы» аттуу эмгегин жазууга киришкен.

Казакстандагы Актюбинск шаары 1869-жылдын 14-майында негизделген.

Америкага жер которгон англис адамы Роберт Чезбро 1878-жылдын 14-май күнү вазелинди ойлоп тапкан. Адистик даярдыгы химик Роберт Чезбро адегенде мунай иштетүүдөн пайда болгон парафин түстүү нерсеге көңүл бурган. Мунай өндүрүүчүлөр да ага парафин түстүү нерсе жараны айыктыра тургандыгын айтышкан.

Роберт Чезбро ага керектүү компоненттерди кошуп, дары жасап, аны “мунай желеси” деп атаган. Анткен менен тез күйүүчү мунай аталышы кардарлардын санын арттырган эмес. Роберт Чезбро көпкө ойлонбостон дарыны “вазелин” деп атаган. Вазелин аталышы немец тилинен «вассер» - суу жана грекче «елайон» - оливк майы деген сөздөрдөн куралган.

Германиянын канцлери Отто фон Бисмарк католиктерге каршы күрөшүү максатында 1872-жылдын 14-майында «культуркампф» кампаниясын уюштурган.

Париж шаарында 1900-жылдын 14-май күнү II Олимпиадалык оюндар салтанат менен ачылган.

Москва шаарында 1917-жылдын 14-май күнү I Бүткүл Орусиялык мусулмандардын съезди ишин баштаган. Мусулмандар жыйынына ар кандай уюм, партиялык биримдиктерден куралган 800 чамалуу делегат катышкан. Жыйын соңунда большевиктерге кошулган 446 делегат улуттук-федеративдик аймактарда улуттук-маданий автономиянын сакталышына кепилдик берген демократиялык Орусия Республикасынын курулушу үчүн добуш беришкен.

РСФСР өкмөтү 1920-жылдын 14-майында Ыраакы Чыгыш Республикасынын өкмөтүн тааныган.

Башкириянын Стерлитамактагы борбору 1922-жылдын 14-майында Уфага которулган.

Англис парламентинде 1924-жылдын 14-май күнү айдоочулар үчүн күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууну киргизүү туурасында талкуу башталган.

Нацисттер 1941-жылдын 14-майында Париж шаарында 3600 жөөттү камакка алган.

Бириккен Улуттар Уюмуна кирген мамлекеттер 1954-жылдын 14-май күнү Гаага шаарында Куралдуу кагылыш маалында маданий мурастарды коргоо туурасында Конвенция кабыл алган.

Айтылуу Варшава келишими 1955-жылдын 14-май күнү уюшулган. Варшава келишимине Европадагы СССР, Албания, Болгария, Венгрия, ГДР, Польша, Румыния, Чехословакия социалисттик мамлекеттери баш кошушкан.

«Чоң төрттүк» аталган СССР, АКШ, Британия жана Франция мамлекет башчыларынын жолугушуусу 1960-жылдын 14-май күнү Париж шаарында ишин баштаган.

Кувейт мамлекети 1963-жылдын 14-майында Бириккен Улуттар уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Киевдик «Динамо» футбол клубу 1975-жылдын 14-май күнү биринчи жолу Кубоктордун Кубогун жеңип алган.

Египет президенти Анвар Саадат 1980-жылдын 14-май күнү палестиналык автономия маселеси боюнча тил табыша албагандыктан Израиль мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Советтик лидер М. С. Горбачёвдун 1986-жылдын 14-май күнкү сыналгы аркылуу кайрылуусунда Чернобыл кырсыгынын кесепетин азайтууга аракет жасаган.

СССР президенти Михаил Горбачёв Литва жана Эстониянын эгемендик декларациясын жокко чыгарган жардыкка 1990-жылдын 14-май күнү кол койгон.

Литва, Словения жана Эстония 1993-жылдын 14-майында Европа Кеңешине кабыл алынган.

Беларус өлкөсүнүн Жогорку Кеңешине шайлоонун биринчи туру жана реферундум 1995-жылдын 14-май күнү өткөн. Референдумга президент А. Лукашенко жактырган Орусия менен интеграцияны мындан да арттыруу, орус тилине белорус тилиндей эле деңгээлде мамлекеттик макам берүү маселелери коюлган.

«Ассошэйтед Пресс» агенттиги 1998-жылдын 14-май күнү мекеменин 150 жылдыгын белгилеген.

Британ астроному Уильям Гершелдин урматына аталган «Гершел» телескобу 2009-жылдын 14-майында орбитага чыгарылган.

Айтылуу англис социал-утописти Роберт Оуэн 1771-жылдын 14-май күнү жарык дүйнөгө келген. Роберт Оуэн Шотландиядагы менчик жип ийрүү фабрикасында коммунисттик идеяны жүзөгө ашырууга аракет жасаган.

Шахмат боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону Вильгельм Стейниц 1836-жылдын 14-майында туулган.
XS
SM
MD
LG