Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

20-май: Тарых барактары


Кытайдагы Тянанмен аянты
Кытайдагы Тянанмен аянты

Кыргызстанга иш сапары менен келген Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен 1977-жылдын 20-майында республика жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Совет мезгилинде Кыргызстанга чанда каттаган коноктор арасынан эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болгон Финляндия президентине атайын программа камдалып, ал эл чарбасынын жетишкендиктери көргөзмөсүн кыдырып, борбор шаардагы айрым ишканалардын иши менен таанышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-майында өткөрүлгөн жыйынында Жалал-Абад облус башкармалыгы менен шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө жасалган каракчылык кол салуу маселесин каралган. Кылмыштуу топ бул жылдын 15-май күнү ички иштер бөлүмдөрүнө кол салып, укук коргоо кызматчыларын сабап, 35 куралды тартып алышкан. Өкмөт жыйынынын чечимине ылайык, кылмыштуу ишке байланыштуу уюштуруу ишинде орун алган кемчилиги үчүн биринчи вице премьер-министр К. Осмонов менен ички иштер министри Б. Субанбековго жана анын эки орун басарына сөгүш жарыяланган.

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 2003-жылдын 20-май күнү Өзгөн районунда жапа тарткан үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам ирээтинде 5 миң долларды эл аралык “Кызыл жарым ай” коомуна тапшырган. “Кызыл жарым ай” коому Кытай мамлекети берген каражатка жер көчкүдөн жабыр тарткан 350 үй-бүлөгө тамак-аш сатылып алынаарын билдирген.

«Адилет шайлоо үчүн» аттуу атуулдук кошуундун төрагасы Мисир Ашыркулов 2004-жылдын бул күнү аталган уюмдун максат жана милдеттери туурасында билдирүү тараткан. Анын айтымында, атуулдук кошуунга мамлекеттин келечегинин камын ойлогон прогрессивдүү көз караштагы адамдар баш кошуп, биримдик өлкө кызыкчылыгынан башка саясий максаттарды көздөбөйт.

Жогорку Кеңештин депутаты Б. Эркинбаев 2005-жылдын 20-май күнү президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Депутаттын маалымат жыйынына премьер-министр Ф. Кулов катышып, Б. Эркинбаевдин пикирин колдой тургандыгын айткан.

Кыргызстандагы Европа күндөрү 2005-жылдын 20-майында башталган. Европа күндөрүнүн алкагында эски континенттин тасмалары көрсөтүлүп, поэзия жана музыка кечелери, сүрөт көргөзмөлөрү тартууланган.

20-май - Дүйнөлүк метеорологдордун күнү.

Айтылуу португалиялык деңиз саякатчысы Васко да Гама 1498-жылдын 20-май күнү Африканы айланып, европалыктардан биринчи болуп Индияга келген.

Ханыша Елизавета Петровна 1754-жылдын 20-майында Орусиядагы биринчи банкты (Дворяндык) уюштуруу туурасында жардыкка кол койгон.

Леви Страус менен Жекоб Дэвис 1873-жылдын 20-май күнү «Деним» деп аталган жумушка кийилчү шымга патент алышкан. Ошентип атактуу Levi Strauss & Co. фирмасы түптөлүп, ал чыгарган жинсы шымдар таңсык товарлар топтомуна алынган.

Германия, Австрия-Венгрия жана Италия 1882-жылдын 20-майында Франция менен Орусияга каршы Үчилтик биримдигин негиздешкен.

Германия менен Кытай 1921-жылдын 20-майында дипломатиялык мамилени калыбына келтиришкен.

В. И. Ленин 1922-жылдын 20-май күнү Ф. Э. Дзержинскийге контрреволюциячыл жазуучуларды чет өлкөгө кубалап чыга турган планды иштеп чыгууга тапшырма берген.

Британия 1927-жылдын 20-май күнү Сауд Аравиясынын эгемендигин тааныган.

Советтик жазуучулар активинин 1932-жылдын 20-май күнкү жыйынында биринчи жолу «социалисттик реализм» термини колдонулган.

Советтер Союзундагы ири аэропорттордун бири - «Домодедово» 1965-жылдын 20-майында ачылган.

Мао Цзэдун 1970-жылыдн 20-май күнү америкалык империализмге каршы дүйнөлүк ыңкылапты баштоого чакырык таштаган.

Квебек провинциясынын 59,9% шайлоочулары 1980-жылдын 20-май күнкү референдумда Квебектин Канададан бөлүнүүсүнө каршы добуш беришкен.

Советтик учкуч Александр Зуев 1989-жылдын 20-майында МиГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учакты Түркияга ала качкан.

Кытайдын мурдагы лидерлеринин бири - Ху Яобандын өлүмүнө байланыштуу он миңдеген студенттер 1989-жылы жаз айынын соңунда массалык митинге чыгышкан. Митингчилердин саны бир жума өтпөй 100 миңге чамалап, алар Кытайда демократиялык реформалардын жүргүзүлүшүн талап кылышкан. Жаштардын нааразычылыгы Советтер Союзунун лидери М. С. Горбачевдун Кытайга жасаган сапары маалына туш келген. Тянанмэн аянтына чогулган 100 миң чамалуу жаштар Горбачевдун атын айтышып, андан жардам берүүнү өтүнүшкөн. Митинг 20-майда туу чокусуна жетип, ага жарым миллиондой адам катышкан. Аянтка батпай калган калк бийликке жана менчикке кол сала баштаган. Акыры митинг аскердин күчү менен басылган.

Айтылуу француз жазуучусу Оноре де Бальзак 1799-жылдын 20-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG