Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:56

21-май: Тарых барактары


Тобольск воеводасы 1625-жылы боярдын уулу Петр Сабанский баштаган элчиликти энисейлик кыргыздарга жөнөткөн. Элчилик үчүн кыргыздарды падышалык Орусиянын букаралыгына өтүшүн сунуш кылып, тышкы күчтөргө каршы биргелешип күрөшүү жана кыргыздардын орус воеводаларына караштуу калкка чапкын жасабоону талап кылуу милдети жүктөлгөн.

Орус элчилиги энисейлик кыргыздарды Есер улусу орун алган Енисей дарыясынын боюнан тапкан. Кыргыздар элчиликти башында каардуу кабыл алып, анан алардын Тоболсктон падышанын грамотасы менен келгендигин билген соң сүйлөшүү жүргүзө башташкан.

Кыргыз облустук ВКП (б) комитети 1932-жылдын бул күнү Фрунзе шаарындагы советтик сооданы өнүктүрүүгө белсене киришкен. Партиялык чечимге ылайык шаардын айланасындагы элүү беш колхоз чарбалары борбордун өнөр жайларын айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга милдеттендирилген. Анткен менен эки тараптын тең партиялык көрсөтмөнү толук аткарууга чолосу тийген эмес.

Ошол кездеги обком партиянын биринчи катчысы Александар Шархрайдын маанилүү чечимди аткарбаган кызматчыларды кызматтан ала тургандыгын билдиргенине карабастан, айрым жетекчилер буйрукка баш ийген эмес. Чарба жетекчилеринин айтымында, элет калкы ансыз да жакырчылыктын азабын тартып, тамак-аш шаарга эмес жеке керектөөдөн артпай калган.

Фрунзе шаарынын түштүк-батышына курулган жаңы аэропорт 1957-жылдын бул күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришкен. Ошол убактагы шаар инфраструктурасына ылайык аэропорт борбордон ыраак орун алган. Жаңы аэропорт азыркы Тынчтык көчөсүнүн соңунда жайгашып, ошол кезде ал шаардын ыраакы чеги катары саналган.

Кыргызстан тарыхындагы биринчи эл аралык шахматтык турнир 1979-жылы өткөрүлгөн. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган шахматчылардын эл аралык турнири 21-майда башталып, ага А. Белявский, Д. Спилмэн, Е. Васюков, В. Савон сыяктуу эл аралык гроссмейстерлер жана кыргызстандык Н. Зильберман, Л. Юртаев, Д. Маматовго окшогон усталар катышкан. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган эл аралык турнирди гроссмейтер А. Белявский жеңип, кыргызстандык Н. Зильберман менен Л. Юртаев эл аралык мастердик норманы толтурушкан.

21-майда - Диалог жана өнүгүү максаты үчүн бүткүл ааламдык түркүн маданияттардын күнү.

Пётр I 1712-жылдын 21-май күнү Орусиянын борбор шаарын Москвадан Петербургга көчүргөн.

Өз маалында орус саякатчылары тарабынан ачылган Тынч океан алкагындагы аймакты коргоо максатында 1731-жылдын 21-май күнү Сибирь аскер флотилиясы уюшулган.

Орусиядагы биринчи зоологиялык бак 1864-жылдын 21-май күнү Москва шаарында ачылган.

ФИФА эл аралык футбол федерациясы 1904-жылдын 21-май күнү Париж шаарында негизделген. Футбол федерациясын уюштуруу келишимине Франция, Бельгия, Дания, Голландия, Испания, Швеция жана Швейцария кол коюшуп, федерациянын биринчи президенттигине Робер Герен шайланган.

Британия дүйнө тарыхында биринчи болуп жайкы мезгилге 1916-жылдын 21-май күнү өткөн.

«Түндүк уюл» аттуу биринчи чабаган экспедиция 1937-жылдын 21-май күнү ишин баштаган.

Сирия менен Ливан өлкөлөрү 1945-жылдын 21-май күнү Франциядан бөлүнгөнүн жар салышкан.

Фолкленд согушунун жүрүшүндө Британия 1982-жылдын 21-май күнү Фолкленд аралдарына деңиз десантын түшүргөн.

РСФСР элдик депутаттарынын IV съезди 1991-жылдын 21-май күнү ишин баштап, анда РСФСРдин президенти туурасында мыйзам кабыл алынган.

Айрым тарыхый материалдарга караганда атактуу грек философу Платон б.з.ч. 427-жылдын 21-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Америкалык ишкер Арманд Хаммер 1898-жылдын 21-май күнү туулган. Ал өз убагында учурдан пайдаланып Советтер Союзундагы искусство үлгүлөрүн текейдей арзан топтоп, Америкага чыгарып кеткен. Арманд Хаммер 1921-жылы В. И. Ленинге колунда адамдын баш сөөгүн кармап Ч. Дарвиндин «Түрлөрдүн жаралышы» аттуу китебине колодон жасалган маймылдын айкелин белекке берген. В. И. Ленин белекке ыраазычылыгын билдирип, «эгер Советтер Союзу жана Америка өз алдынча тынчтык өнүгүүсүн улантпаса, маймылдар анда адамдардын баш сөөгүн колдоруна кармашып, бул эмне деген нерсе эле деп ойлонгон кез келет» деген экен. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлер жетекчисинин метафорасы жаш америкалыкка зор таасир калтырып, ал Советтер Союзу менен кызматташууну андан да жандандырган.
XS
SM
MD
LG