Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

10-июнь: Тарых барактары


10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан атылган.
10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан атылган.

Тарыхта «Отузчулардын арызы» деп белгилүү болгон Кыргызстандагы биринчи оппозициялык кайрылуу 1925-жылдын 10-июнь күнү кабыл алынган. Кыргызстан Автономиялык облусунун жетекчилиги жүргүзгөн саясатка нааразы болгон коомдук ишмерлер тобу бул күнү өлкөдөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, РКП (б) Борбордук комитетине, РКП (б) Борбордук комитетинин Орто Азия Бюросунун Улуттук кеңеши менен Кыргыз облустук партиясына кайрылышкан.

«Отузчулардын» пикиринде, Обкомдо отурган бир ууч жетекчилик белгилүү бир топтун кызыкчылыгына жараша саясат жүргүзгөн. «Отузчулардын» кайрылуусу кыязы татаал шартта кабыл алынгандай. Кайрылууга кол кою 10-июнда башталып, 12-июнда соңуна чыккан.

Тянь-Шань облустук эмгекчил депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны 1940-жылдын 10-июнь күнү өткөн. Облустук эмгекчил депутаттар кеңеш жыйынынын күн тартибине бир маселе коюлган. Ал да айтылуу агартуучу, жомокчу жана санжырачы Тоголок Молдонун 80 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган майрамдык маселе болгон. Нарын шаарында өткөн майрамдык салтанатка Фрунзе шаарынан А. Токомбаев, В. Фере, А. Үсөбаевдер, Москва шаарынан И. Соколов-Микитовдор катышкан. Облустук эмгекчил депутаттар кеңеш жыйынында юбиляр Байымбет Абдрахманов сөз сүйлөп, майрамга келген конокторго кезектеги ыр түрмөгүнө кирген чыгармаларын тааныштырган.

Пишпек шаарынын мурдагы Церковная, азыркы Муратбек Рыскулов көчөсүндө орун алган кол өнөрчүлөр училищесинин имаратында 1919-жылдын 10-июнь күнү балдардын аянтчасы ачылган. Балдар аянтчасында жашы 4 менен 7 арасындагы бөбөктөр ар бири 25тен турган алты топко бөлүнүп, жашоо жана тазалык тартибин үйрөнүшкөн. Ар бир топ өзүнө бөлүнгөн жерди тазалап, бош убактысында китеп окуп, ыр жаттаганды үйрөнгөн.

Азыркы Жибек жолу менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган Аңчылардын биримдиги 1932-жылдын 10-июнь күнү коён өндүрүшүнө байланыштуу көрсөтмө уюштурган. Көрсөтмө жалаң эле шаардыктар эмес, жакынкы айыл-кыштак калкынын практикалык кызыгуусун жараткан.

Кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы Токтому менен Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын иш принциби, структурасы жана кызматкерлердин милдеттери аныкталган.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, өлкөдө саясий хаос башталган. Жер басып алуу, менчикти кайра бөлүштүрүү айынан чыккан коогалаңдуу окуядан улам 2005-жылдын апрель айында белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов киши колдуу өлтүрүлүп, 10-июнда болсо Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан борбор шаардын так ортосунда атылган. Парламент депутатынын өмүрү Орус драма театры, «Илим» борбору жана Жантөшов атындагы китепкана орун алган маданий борбордо кыйылган.

Голландиялык биринчи жер которуучулар 1610-жылдын 10-июнь күнү Түндүк Америкадагы Манхэттен аралына келишкен.

Франция королу Людовик XVI Америкадагы боштондук кыймылды колдоо максатында 1776-жылдын 10-июнь күнү миллион ливрды тымызын Пьер Бомаршеге берген.

Дүйнөдөгү биринчи зоопарк 1793-жылдын 10-июнь күнү Париж шаарында ачылган.

Америка Кошмо Штаттарынын борбору 1793-жылдын 10-июнь күнү Филадельфиядан Вашингтонго которулган.

Рим Папасы Пий VII 1809-жылдын 10-июнь күнү Наполеон Бонапартты чиркөөдөн четтеткен.

«Чикаго трибюн» гезитинин биринчи саны 1847-жылдын 10-июнь күнү жарык көргөн.

Австралиянын борбору Канберра шаары 1909-жылдын 10-июнь күнү түптөлгөн.

Нидерландиянын ханышасы Вильгельмина 1911-жылдын 10-июнь күнү Амстердам шаарында Рембрандттын Үйү аталган жаңы музейди ачкан.

«Ясная Поляна» аталган Лев Толстойдун Мамлекеттик үй-музейи 1921-жылдын 10-июнь күнү негизделген. Атактуу жазуучу Ясная Полянада 60 жыл жашап, «Согуш жана тынчтык», «Анна Каренина» сыяктуу чыгармаларын ушул жерде жараткан.

Советтер Союзунда «Союзмультфильм» киностудиясы 1936-жылдын 10-июнь күнү уюшулган.

Италия 1940-жылдын 10-июнь күнү Франция менен Британияга согуш жарыялаган.

Бир тарабында Израиль, экинчи жагында Египет, Сирия, Иордания, Ирак жана Алжир турган Алты күндүк согуш 1967-жылдын 10-июнь күнү соңуна чыккан.

«Интел» корпорациясы 1996-жылдын 10-июнь күнү «Pentium II» процессорун чыгарган.
XS
SM
MD
LG