Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

18-июнь: Тарых барактары


Байконур космодрому
Байконур космодрому

Кыргыздар арасынан адегенде байлык кыртышын түптөп, аристократиялык каада күткөн кишилердин көч башында айтылуу Өзбек Бошкоев турат. Өзбек Бошкоев Кыргызстан аймагы аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө кетчү соода жолун көзөмөлгө алып, анын толук кандуу иштешине салым кошкон.

Орусия империясы Өзбек Бошкоевдин ишкердигин жогору баалап, Түркстан генерал-губернатору 1901-жылдын бул күнү аны Чоң күмүш медал менен сыйлаган. Өзбек Бошкоев жалаң эле соода менен алпурушпастан, кедей-кембагалдарга үзбөй кайрымдуулук жардам көрсөтүп келген. Анын калкка жасаган мамилеси империялык бийликтин көз жаздымында калбай, Өзбек Бошкоев кийин да медал жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Жети-Суу облустук Аскер губернатордугунун Өзгөчө иштер боюнча Ага чиновниги Н. А. Прокопов 1913-жылдын 18-июнь күнү Токмок участкалык приставы, штаб-капитан Кутуковдун Шабдан Баатырдын балдары менен болгон ымаласын териштирген рапорт жазган.

ВКП (б) Борбордук Комитети Совет өлкөсүнүн чет элдик пахтага болгон күңкорсуздугун жоюу максатында 1929-жылдын 18-июнунда атайын токтом кабыл алган. Партиялык көрсөтмөгө ылайык Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанда пахта айдоо жана анын аянтын арттыруу маселеси көтөрүлгөн.

Согуш алдында калкты мобилизациялоо камылгасы күчөп, айрыкча ал кыймылга спортчулар арбын тартылган. Кыргызстандык үч футболдук команда 1940-жылдын 18-июнунда «Биз азыр да жүрүшкө даярбыз!» деген ураан менен Өкмөт үйүнүн алдында демонстрация өткөрүшкөн. Жүрүштү “спартакчы” футболчулар баштап, алар керек убакта футбол талаасын согуш майданына алмаштырууга даярбыз деп өкмөт мүчөлөрүн ишендиришкен чакырыктарды айтышкан.

Богдан Хмельницкий 1648-жылдын 18-июнунда биринчи жолу Мосвкага Украинанын Орусияга кошулушу туурасында сунуш менен кайрылган.

Орусияда кызмат өтөөсү үчүн биринчи пенсия 1761-жылдын 18-июнунда киргизилген.

Александр Суворов жетектеген орус армиясы 1799-жылдын 18-июнунда Альп тоосун ашып, күтүүсүз жаткан француздардын армиясын Требий өзөөнүндө талкалаган.

Наполеон I армиясы 1815-жылдын 18-июнь күнкү Ватерлоо үчүн согушта талкаланган.

Лондон шаарындагы Ватерлоо көпүрөсү 1817-жылдын 18-июнунда ачылган.

Испания 1837-жылдын 18-июнунда жаңы Конституция кабыл алган.

Жорж Бернард Шоу менен Марк Твен 1907-жылдын 18-июнь күнү Лондон шаарында жолугушкан.

Чили Социалисттик республикасы 1932-жылдын 18-июнунда кулаган.

Эмиграцияда жүргөн акын Марина Цветаева 1939-жылдын 18-июнунда Советтер Союзуна кайтып келген.

Француздук «Нормандия-Неман» аба полку советтик өкмөт белек кылган учактар менен өлкөсүнө 1945-жылдын 18-июнь күнү учуп кеткен.

«Юность» журналынын биринчи саны 1955-жылдын 18-июнунда жарык көргөн.

«За рубежом» журналынын биринчи саны 1960-жылдын 18-июнь күнү чыккан.

Советтер Союзу менен АКШ 1979-жылдын 18-июнунда ОСВ-2 аталган стратегиялык куралдарды чектөө туурасындагы келишимге жетишкен.

Казакстандык «Казсат» аталган геостационардык спутник Байконур космодромунан 2006-жылдын 18-июнунда космоско чыгарылган.
XS
SM
MD
LG