Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

28-июнь: Тарых барактары


Украинанын Жогорку Радасы 1996-жылдын 28-июнь күнү бир түн ичинде жаңы Конституцияны кабыл алган
Украинанын Жогорку Радасы 1996-жылдын 28-июнь күнү бир түн ичинде жаңы Конституцияны кабыл алган

Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитети 1925-жылы жаңыдан уюшулган облустук элге билим берүү бөлүмүнө чукул арада элдик дастандарды кагазга түшүрүү туурасында тапшырма берген.

Аткаруу комитеттин адегендеги тапшырмасы ал убак үчүн жаңылык көрүнгөн үн жазуучу фонограф аппаратын сатып алууга арналган. Ал үчүн атайын комиссия уюшулуп, Кыргызстандын булуң-бурчтарынан элдик таланттар туурасында маалымат алынып, анын натыйжасында Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосунун жазуу иши башталган.

Фрунзеликтер 1930-жылы Токмок шаары менен түз телефон байланышка чыгууга мүмкүндүк алышкан. Бул убакта Токмок шаарына телефон линиясы киргизилип, кийинки кезекте Фрунзе-Каракол багытында телефон зымдары тартылаары белгиленип, ал үчүн жүздөгөн тонналык зым камдалган.

Фрунзе шаарында арбын адам катышкан митинг 1945-жылы өткөн. Шаардыктар Иосиф Сталиндин ушул жылдын 26, 27-июнундагы Советтер союзунун баатыры, Генералиссимус наамын жана бриллиант менен шөкөттөлгөн «Победа» орденин алган үч катар сыйлыгына толкунданышып, аны майрамдык салтанатка айландырышкан. Жүздөгөн адам катышкан митингде А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков жана башка жазуучулар “адам генийи Генералиссимус менен замандаш болгондугуна” ыраазычылык билдирген ырларын окушкан.

Кыргызстандын күч органдары сталиндик заманында репрессияланган инсандар Чоң Таш айлында атылгандыгын 1991-жылы билдиришти. Чоң Таш айлынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева мындагы эс алуу үйүнүн күзөтчүсү болуп иштеген атасы өлөөр алдында бейтааныш адамдардын 1938-жылы атылгандыгын айтканын кабарлаган. Кийинки казуулар көрсөткөндөй мында кыргыз мамлекетинин башатында турган Юсуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Кожокан Шоруков, Эркинбек Эсенаманов сыяктуу көрүкүктүү инсандар атылгандыгы белгилүү болгон.

Константинополь шаарындагы Апостолдор чиркөөсү 550-жылдын 28-июнунда ыйыктап ырымдалган.

Польша королдугу менен Улуу Литва княздыгын бириктирген Люблин униясы 1569-жылдын 28-июнунда түзүлгөн.

Кариб деңизиндеги француздук Гваделупа колониясы 1635-жылдын 28-июнунда негизделген.

Семена Дежнев жетектеген Орусиянын деңиз экспедициясы 1648-жылдын 28-июнунда башталып, анын жүрүшүндө Түндүк деңиз жолу ачылган.

Богдан Хмельницкий жетектеген украиндик казактар менен Польша королу Ян Казимирдин армясы ортосундагы Берестечкодогу согуш 1651-жылдын 28-июнунда башталган.

Императрица Екатерина II 1779-жылдын 28-июнунда Москва шаарында суу түтүктөрүн куруу туурасындагы жардыкка кол койгон.

Бухара эмири 1868-жылдын 28-июнунда Орусияга күңкор экендигин билдирген.

АКШ Конгресси 1902-жылдын 28-июнь күнү Панама каналын куруу туурасындагы мыйзамды бекиткен.

Гаврил Принцип 1914-жылдын 28-июнунда Австрия тагынын мураскери Франц Фердинанд жана анын аялына Сараево шаарында кол салган. Анда миллиондогон адамдын өмүрүн кыйылып, дүйнөлүк тарыхтын өнүгүүсүн өзгөрткөн Биринчи дүйнөлүк согуштун баштылышына себеп болгон.

Биринчи дүйнөлүк согушту жыйынтыктаган Версаль тынчтык келишимине 1919-жылдын 28-июнунда кол коюлган.

Король Александр I Карагеоргиевич 1921-жылдын 28-июнунда серб, хорват жана словендер Королдугунун жаңы конституциялык жардыгын бекиткен. Жардык майрам ысмына жараша Видовданск Конституциясы деп аталган.

Патриарх Тихон 1923-жылдын 28-июнунда Совет бийлигин тааныган.

Советтик аскерлер 1940-жылдын 28-июнунда Румыния мамлекетинин курамындагы Бессарабия жана Түндүк Буковина аймагына киришкен.

Согуш маалындагы советтик адамдарды ыйык согушка үндөгөн «Священная война» ыры биринчи жолу 1941-жылдын 28-июнунда аткарылган.

Советтик армия Карело-Фин Союздук Республикасынын борбору Петрозаводск шаарын 1944-жылдын 28-июнь күнү фашисттик баскынчылардан бошотушкан.

Израиль мамлекети 1967-жылдын 28-июнунда Иерусалимдин чыгышын аннексиялаган.

КПСС XIX конференциясы 1988-жылдын 28-июнунда ачылып, ал Советтер Союзундагы саясий реформага багыт берген.

Будапеш шаарында 1991-жылдын 28-июнунда өткөн СЭВдин 46-сессиясында социалисттик биримдик тарабынан курулган Экономикалык өз ара кызматташуу Кеңеши (СЭВ) жоюлган.

Украинанын Жогорку Радасы 1996-жылдын 28-июнь күнү бир түн ичинде жаңы Конституцияны кабыл алган.

Югославия мамлекетинин мурдагы жетекчиси Слободан Милошевич 2001-жылдын 28-июнунда Гаага эл аралык сотуна берилген.
XS
SM
MD
LG