Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

7-июль: Тарых барактары


Кемеров облусунун губернатору Аман Тулеев.
Кемеров облусунун губернатору Аман Тулеев.

Ысык-Көлгө куйган Каракол суусунун жээгинде Каракол аталыштагы европалык типтеги шаар 1869-жылы түптөлө баштаган. Шаар долбоорун орус офицери А. Каульбарс баштаган аскер топографтары иштеп чыгып, алардын көз карашында жаңы шаар көлгө ыктаган порт-шаар болмок. Бирок 1887-жылкы катуу жер титирөөдөн улам, курулган үйлөр кыйрап, Караколдун курулушу көлдөн 6 чакырым алыстыкка жылдырылган.

Падышалык бийлик 1864-жылы Чу дарыясынан тарта, Сырдарыядагы Йаны-Курган чебине чейин коргонуу чегин куруу чечимин чыгарган. Ал Жаңыкокон чеги деп аталып, жетекчилик генерал М. Г. Черняевге жүктөлгөн. Ал да буга чейинки жеңил жеңишке ынанып, Орто Азиядагы басып алууларды андан ары илгерилетүү максатында ушул жылдын 7-июлунда Олуя-Атадан чыгып, Чымкентти карай жортуулга чыккан.

Жергиликтүү калк 1930-жылы Лебединовка кыштагынан христиан-несториандарга таандык эстелик табышкан. Баалуу табылга арык казуу маалында чыгып, кыргызстандык археологдордун изилдөөсүнөн кийин тарыхый эстелик катары борбордук музейге алынган.

Исхак Раззаков 1950-жылдын бул күнкү партия пленумунда Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи катчылыгына шайланган.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу америкалык жогорку окуу жай окутуучуларынан турган делегация 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине келген. Алар кыргызстандык окумуштуулардын өтүнүчү боюнча университетке «Британиялык энциклопедияны» белекке беришкен. Бирок КГБ кызматкерлери энциклопедиянын ар бир томун барактап текшергендиктен британиялыктардын белеги университет китепканасына бир канча жылдан кийин барып түшкөн.

Француз королу Карл VII 1438-жылдын 7-июлунда Прагматикалык санкцияны кабыл алган. Аталган документте королдук бийлик Рим папасыныкынан жогору коюлган.

Бурятия 1659-жылдын 7-июлунда Орус империясынын курамына алынган.

Исаак Ньютон 1668-жылдын 7-июлунда илим магистринин даражасын алган.

Нью-Йорктогу Королдук колледж 1754-жылдын 7-июлунда ачылган. Адегенде окуу жайда бир профессор сегиз студентке сабак окуп, отуз жылдан кийин колледж Колумбиялык аталган.

Орусия менен наполеондук Франция ортосундагы Тильзит тынчтык келишимине 1807-жылдын 7-июлунда кол коюлган.

Тоолуу-Карабак автономиялык облусу 1923-жылдын 7-июлунда уюшулган.

Львовдогу Иван Франко атындагы адабий музей 1940-жылдын 7-июлунда ачылган.

Ленинград шаарында Москва Жеңиш паркы 1946-жылдын 7-июлунда ишке киришкен.

Англиянын Фарнборо жергесинде биринчи авиашоу 1950-жылдын 7-июль күнү өткөн.

КПСС БК Пленуму 1953-жылдын 7-июль күнү Л. П. Бериянын ишин карап бүткөн.

СССР менен Румыния ортосундагы достук жана өз ара жардамдашуу келишимине 1970-жылдын 7-июлунда кол коюлган.

Кырым татар тилиндеги гезит 1989-жылдын 7-июль күнү Симферополь шаарында чыгарыла баштаган.

Лучано Паваротти, Пласидо Доминго жана Хосе Каррерас 1990-жылдын 7-июль күнү Рим шаарында чогуу ырдашкан.

Орусиянын Жогорку Соту 1992-жылдын 7-июль күнү президент Б. Н. Ельциндин КПССтин ишкердигине тыюу салуу туурасындагы декретинин мыйзамдуулугун карай баштаган.

Кемеров облусунун губернатору Аман Тулеев президент Борис Ельциндин саясатына каршы экенин билдирип, 1999-жылдын 7-июлунда Ардак орденин алуудан баш тарткан.
XS
SM
MD
LG