Кокон хандыгына каршы башталган көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышып, алар анын негизги кыймылдаткыч күчү болуп берген. Анын башкы себеби хандык 1874-жылкы көтөрүлүшкө кыргыздар катышкандыгы үчүн аларга кошумча салык киргизген жана ал калктын турмушун оордотуп, жакырчылык запкысын күчөткөн.
Императордук орус географиялык коомунун жетекчиси Петр Семеновго 1907-жылы Тян-Шанский деген ардактуу ысым ыйгарылган. Императордун жардыгында атактуу саякатчынын Чүй жана Ысык-Көлдү иликтөөдө кошкон теңдешкис салымы белгиленип, мындан ары анын укум-тукуму «тяншандык» деп аталаары белгиленген.
Кыргыз жазуучулар союзунун уюштуруу комитети 1933-жылдын бул күнү орус сүйлөшмө тилинин атактуу адиси, Көркөм илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Ольга Озаровскаянын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу кабарын жарыялаган. Ольга Озаровская 1928-жылга чейин Фрунзе шаарында жашап, анын жемиштүү чыгармачыл өмүрү кыргызстандык интеллигенция менен сөз чеберлеринин арасында өткөн.
Фрунзе шаарында «Кыргызстандын борборун гүлзар шаарга айландырабыз» деген жүрүш 1940-жылы башталган. Жүрүш жыйынтыгы көрсөткөндөй шаардын бульвар, парктары жан кейиткен абалда экендиги аныкталган. Айрыкча, «Красная звезда» аталган балдар паркы (азыркы Панфилов паркы), Эмен паркы, Каражыгач багы сыяктуу эс алуучу жайлар суу жетпей кургап жана адам колу тийбей кароосуз абалга жеткени аныкталган.
Улуу француз революциясынын маалында эркиндикке шерденген калк 1789-жылдын 14-июль күнү Бастилия чебин бошотушкан. Бастилия чеби монархиялык режимдин тиреги эсептелгендиктен, анын бошотулушу Францияда Бастилиянын алыныш күнү делип улуттук майрам деңгээлинде белгиленет.
Максимилиан Робеспьердин өмүрүн кыйган гильотина турган аянт 1795-жылдын 14-июль күнү Ырашкерчилик аталышын алган.
Альфред Нобель 1867-жылдын 14-июль күнү Рэдхилл карьеринде биринчи жолу динамитти сынаган.
Орусияда жекшемби биринчи жолу 1897-жылдын 14-июлунда дем алыш деп жарыяланган.
Тристан Тцара 1916-жылдын 14-июль күнү Цюрих шаарында дадаисттердин манифестин жарыялаган. Дадаизм кыймылы Швейцариянын анархиячыл интеллигенция катмарында Биринчи дүйнөлүк согушка каршы протест түрүндө түптөлгөн.
Финляндия 1917-жылдын 14-июль күнү өзүнүн автономиялык түзүлүшүн кабыл алган.
Орусиянын Убактылуу өкмөтү 1917-жылдын 14-июль күнү Украинанын улуттук автономиясын жарыялаган.
Кызыл Армия аскер бөлүктөрү 1920-жылдын 14-июль күнү Вильнюсту ээлеген.
Магадан 1939-жылдын 14-июль күнү шаар макамын алган.
Бенжамин Споктун «Бала багуу жана аны тарбиялоо» аттуу айтылуу эмгеги биринчи жолу 1946-жылдын 14-июль күнү жарык көргөн. Аталган эмгек бир канча муундагы ата-энелер үчүн кызмат кылган.
В. И. Лениндин чыгармалар жыйнагынын биринчи тому 1948-жылдын 14-июль күнү Киевде украин тилинде жарык көргөн.
Америкалык “General Motors” компаниясы 1952-жылдын 14-июль күнү дүйнөдө биринчи болуп унаа үчүн кондиционер орното тургандыгын жар салган.
АКШдагы Принстон университети 1954-жылдын 14-июль күнү компьютерлер жеке колдонууга бериле тургандыгын билдирген.
СССРдин Жогорку Кеңеши 1956-жылдын 14-июль күнү пенсия туурасындагы мыйзамды кабыл алган.
Ирактагы 14-июлдагы Ыңкылап 1958-жылы жасалып, монархиялык бийлик кулатылган.
Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмдун уюшулушуна жол ачкан Конвенцияга 1967-жылдын 14-июль күнү кол коюлган.
Канада мамлекети 1976-жылдын 14-июль күнү өлүм жазасына тыюу салган.
М. С. Горбачёв «Советтер Союзундагы демократизациялоо жана сыналгынын өнүгүшү туурасындагы» жардыкка 1990-жылдын 14-июль күнү кол койгон.
Татарстан Республикасынын Гимни 1993-жылдын 14-июль күнү кабыл алынган.