Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

А. Итибаевдин жакындары депутатты атканына ишенбейт


ЖК депутаты С. Кадыралиев быйыл 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн эле.
ЖК депутаты С. Кадыралиев быйыл 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиевди атып өлтүргөн деп айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевдин ишин Бишкектин Свердлов райсоту кароодо.

Ушул жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңеш депутаты Санжарбек Кадыралиев Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал эми 20-апрелде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев шектүү киши кармалгандыгын маалымдап, кийинчерээк Алтынбек Итибаев айыбын толук мойнуна алгандыгы жарыяланган.
Маркум Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. 14-апрель, 2009-жыл.

Бирок учурда тергөө абагында кармалып турган соттолуучунун тууган-уруктары Алтынбек Итибаевдин депутатты өлтүргөнүнө ишенбей жатышкандыгын айтышууда. Алар президентке отчет иретинде милиция кылмыш ишин 32 жаштагы жигиттин мойнуна мажбурлап илип таштаган деп шектенүүдө.

Айыпталуучунун апасы Лайли Ильязованын айтымында, уулу 14-апрелде Бишкектеги агасынын үйүндө жүргөн. Эч жакка жылган эмес. Муну тастыктай турган күбөлөр дагы бар:

- Балам өмүрүндө бейбаш жүргөн эмес, криминалдык иштерге аралашпаган, - деп кепти алыстан баштады Лайли Илиязова. – Бишкеке бара коем деп ушул балакетке кабылды. Аялы экөө акесинин борбордогу үйүнөн чыгып баратканда кармашыптыр. Эмесем, Кадыралиевди өлтүргөн болсо, ошол жерде темселеп жүрмөк беле? Изин суутат эле го. Кылмышты жасагандар эбак качып кетишиптир. Курманбек Салиевич, эгерде Сиз акыйкатын териштире турган болсоңуз, уулумду уруп-согуп, мойнун кайрып сындырып, көрсөтмө алышка акысы барбы милициялардын? Ош шаарында мен да көчөгө чыгып соода кыла албай калдым. Жакында бирөөсү келип коркутту, «сени бир күнү өлтүрүп кетем» деп. Демек, Санжарбекти аткан адамды билишет булар, тилекке каршы, атайылап кармабай атышат.

Лайли Илиязова уулун милиция кызматкерлери уруп-согуп, күнөөсүн мойнуна алдырышкандыгын белгилеп, Алтынбек өмүрүндө бизнес кылбагандыгын, депутат Санжарбек Кадыралиев менен мурун-кийин акча маселеси боюнча чатакташпагандыгын кошумчалады.

Кайын энеси сыяктуу эле күйөөсүнө беш айдан бери жолугуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Кызмат Асыранкулова Алтынбек Итибаевге байланышкан кылмыш ишин карай турган Свердлов райондук сотунан калыстыкты суранды:

- Соттон адилеттүүлүктү талап кылат элем. Билем, менин күйөөм андай наадандыкка катышпаган, андай жорук колунан да келмек эмес. Аны бирөөлөрдүн ордуна курмандыкка чалып жатышат. Эл алдында жүзү жарык бойдон калышы үчүн актап беришин суранам. Алтынбек арабызга тезирээк кошулушун каалайм. Балдарым дагы, мен дагы атасын аябай сагындык…

Кызмат Асыранкулова өмүрлүк жолдошунун саламатчылыгы акыркы мезгилде кескин начарлагандыгын угуп, үй-бүлөсү жана жалпы эле тууган-уруктары абдан кыжаалат болуп жатышкандыгын ачыктады.
Ал эми Ош шаарындагы жердештери үлгүлүү үй-бүлөнүн ээси, эки кыз, бир уулдун атасы Алтынбек Итибаевдин камалышын мыйзамсыз деп эсептеп, аны токтоосуз бошотуу өтүнүчү менен президент Бакиевге жана коомчулукка кайрылуу жолдошту.

Бул туурасында Ош шаарынын тургуну Надырбек Раимжанов төмөнкүлөргө токтолду:

- Алтынбек Итибаевди жаш кезинен билем. Жоош, жакшы бала эле. Кыжыңдаганын же бирөө менен урушканын көрө элекмин. Ошол себептүү анын бошотулушун суранабыз.

Кепти улаган Акыл аттуу жигит акыркы чекитти сот коерун айтып, ошентсе да, досу Алтынбек Итибаевдин депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөнүнө жердештери дале ишенбей турушкандыгын ырастады:

- Алтынбек оор басырыктуу, анча-мынча нерсени көңүлгө албаган, эң негизгиси кек сактабаган жигит эле. Ошондуктан, соттон актап берүүсүн өтүнөбүз.

Деген менен 33 жашында киши колдуу ажал тапкан Жогорку Кеңеш депутаты Санжарбек Кадыралиевдин тууган-уруктары жана айылдаштары парламентарийдин көзүн тазалоого катышкан бардык кишилерди жазага тартууну талап кылууда. Алардын атынан Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир кыштагынын башчысы Мамазаир Ормонов «Азаттыкка» буларды сүйлөдү:

- Санжарбек Кадыралиевдин жердештери да, туугандары да ушундай ойдо турабыз. Депутатты аткан жигиттердин бири кармалып, азыр абакта олтурат. Калгандары, биздин угушубузча, тааныш-тамыр издеп, акча сурап, бирөөлөрдү ортого салып атат экен, - деди Кызыл-Сеңир кыштагынын башчысы. Кадыралиевдин жакын тууганы Мамазаир Ормонов. – Укук коргоо органдарынан ушул калган ишти да аягына чыгарып, Санжарбектин өлүмүн ким буюрган ошорду таап, эл-журттун астында, Алланын астында жазалоосун талап кылабыз!

Байкоочулардын баамында, Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши узакка созулчудай. Депутатты атууга көмөктөшкөн деп кармалган Сейитбаев тергөө абагында ооруп калгандыгы айтылууда. Ал эми окуя боюнча башкы айыпталуучу Алтынбек Итибаевдин да ден соолугу оңоло элек.

XS
SM
MD
LG