Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Өзгөн: террорчу деп шектелгендер сотко ишенбейт


Айыпталуучулар сотто. Өзгөн, 21-октябрь.
Айыпталуучулар сотто. Өзгөн, 21-октябрь.

Өзгөн райсоту быйыл жайындагы кандуу окуяга байланышкан ишти кароодо. Бул окуя боюнча 5 адам куралчан топ уюштурган, укук коргоо өкүлүн өлтүргөн деп айыпталууда.

Быйылкы июндун 27синде Өзгөндүн Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Тилекке каршы, экинчи тарап ок атып, граната жардырган. Операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын үч жоочусу жок кылынган, бирөөсү качып кутулган, окуяга тиешеси бар делинген бешөөнүн үстүнөн төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон. 21-октябрда Өзгөн райондук соту аталган ишти кароону улантты. Ал окуя боюнча төрт эркек, жалгыз аял куралчан топторду уюштурган, террорчулук, бандиттик аракеттерди жасаган жана укук коргоо органынын өкүлүн өлтүргөн деп айыпталууда.
Айыпталуучулардын жакындары

Өзгөн шаарынын тургуну Дилафруз Махмудова ырасташынча, күйөөсү Захитжан Тохтар уулунун Кош-Коргондогу кандуу окуяга кымындай тиешеси жок.

- Жолдошум дыйканчылык менен шугулданчу. Ошол күнү Бишкеке барып курулушта иштеймин деп жөнөп кеткен. Бирок жолдон коопсуздук кызматы кармап, мойнуна болбогон айыпты тагып, камап коюптур. Захитжан аны менен кошо абакта олтургандардын бирин дагы тааныбайт экен. Ошондуктан, соттон акыйкаттыкты жана күйөөмдүн башын азат кылышын талап кылам.

Айыпталуучу Талипжан Салиев да ак жеринен торго чалынгандыгын билдирди:

- Укук коргоо органдары өздөрү атайылап уюштурган террордук актыны бизге таңуулап жатышат.

Террорчу деп шектелгендердин дагы бири Мухтаржан Мамадалиев тагылган айыптын бардыгын четке какты:

- Жок! Эч кандай күнөөм жок! Жүйөөсүз камалып олтурабыз. Сот ишти адилет караштырып, калыс чечишин каалайбыз.

29 жаштагы Манзура Юлчиева - Өзбекстандын жараны. Ал Кош-Коргондо атып өлтүрүлгөн жоочулардын бири Баатыр Сатыбалдиевдин жубайы. Кош бойлуу бул келин кыргыз аймагына мыйзамсыз кирген, ошондой эле кылмышты жаап жашырган деп күмөндөлүүдө. Аны кепке тартканыбызда, дене-бою оорлошуп, саламатчылыгы начарлап бараткандыгын айтып, микрофонго сүйлөөдөн баш тартты.
Айыпталуучулар

Кош-Коргон айылындагы бейөкмөт уюмдун жетекчиси Салимахан Эргешова кепти мындайча улады.

- Ата-бала Мухтаржан жана Абдышүкүр Мамадалиевдер дыйканчылык кылып, ошонун аркасы менен күн көргөн кишилер. Биз буларды жыйырма эки жылдан бери жакшы билебиз, эч убакта жаман жолго басышкан эмес. Анан алар жакында араң бүтүргөн үйүн ким кыйратмак эле, терроризмге шылтоолоп күч органдары жардырды да. Экөөнү бирдей камаштын ордуна, тескерисинче, тез арада актап, жабырлануучу катары буларга компенсация төлөп беришин жердештери өкмөттөн талап кылууда, - деген Салимахан Эргешова айылдаштарынын аманатын ушундайча жар салды.

Окуяга башынан бери абай салган укук коргоочу Азиза Абдурасулованын белгилешинче, өзгөндүктөр ноокаттыктардай эле кыргыз бийлигинин тапшырмасы менен камалган. Эгерде мындай аракет токтобосо, коом жарандык кагылышууга дуушарланат.

- Булардын колунда эч кандай жарак болгон эмес,
- деп безилдеди укук коргоочу Азиза Абдурасулова. – Алар коопсуздук кызматына же карапайым калкка карата курал колдонбогондугу да белгилүү. Эң негизгиси – шектелгендердин терррочу экендиги сот же тергөө тарабынан тастыкталбаган. Албетте, өтө өкүнүчтүү жагдай. Кыргызстан дүйнөлүк бир катар донорлорго «Мына, терроризмге каршы күрөшүп жатабыз!» деп актануу максатында, ошондой эле акча үчүн, долбоор үчүн күнөөсүз кишилердин убалына калып жатат.

Жараяндын жүрүшүндө айыпталуучулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева сотто төрагалык кылуучу судья Кушчубай Султановго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

- Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчубай Султановдун соттук териштирүүнү мындан ары алып барышына караманча каршымын! – деп жарыя кылды айыпталуучулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева. - Себеби, сот процессинин алгачкы күнүнөн тартып биз келтирген ондогон өтүнүчтөрдүн көпчүлүгүн судья канаттандырган жок. Буга улай териштирүү жалаң айыптоо мүнөзүнө ооп бараткандыгы ачык эле байкалып турат.

Ушундан улам Айсалкын Карабаева аталган иш башка райондо же Ош шаарында каралуусу керектигин кошумчалады.

Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчубай Султанов маселе облустук сот аркылуу чечилгиче тыныгуу жарыялады, бирок мунун чоо-жайын түшүндүргөн жок.

Ал эми Ош облус прокурору Жолдошбай Сулайманов террорчу деп шектелгендердин Кош-Коргондогу кандуу окуяга тиешеси бардыгы ырасталгандыгын маалымдап, айыпталуучулардын райсотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүн комментарийлөөдөн тайсалдады.

XS
SM
MD
LG