Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Укук коргоочулар зомбулукка каршы


Укук коргоочулардын акциясы, Бишкек, 9-июль.
Укук коргоочулардын акциясы, Бишкек, 9-июль.

9-июлда БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына өлкө түштүгүндөгү милиция зомбулугуна каршы чыгышкан укук коргоочулар Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү талабын да коюшту. Коомчулукта мындай сунушка терс көз караштагылар да аз эмес.

“Чукул арада ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизгиле”, “Кыргызстандын укук коргоочулары коркунучта”, “Милициянын түштүктөгү талап тоноочулугун токтоткула”, “Бекназаров кызматынан кетсин” деген сөздөрдү чоң кагаздарга жазган укук коргоочулар Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин астына акцияга чыгышты. Алар милиция кызматкерлери кызмат абалын ашкере пайдаланып, зомбулук көрсөтүүдө деген дооматтарын айтышты. Ошондуктан ЕККУнун полиция кызматынын зарылчылыгы чоң дейт укук коргоочу Бурул Макенбаева:

- Милиция кызматкерлери коопсуздукту сактаганга көп аракеттерди көрүп жатат. Ошол эле маалда укук коргоо органдарынын арасында криминалдашкан адамдар бар. Алар зордук-зомбулука аралашып, бирөөнү кармап аларды кайра акчага чыгарып, мыйзамсыз иштерге барууда. Ошондуктан тез арада ЕККУнун жараандык полиция күчтөрүн Ош, Жалал-Абадга киргизүүнү колдоп жатабыз. Алар жакынкы аралыкта кербесе, бизде мыйзамды бузган окуялар көбөйүп жатат. Укук коргоочулар коркунучта. Ошондуктан биз эл аралык жардамга кайрылышыбыз керек.

Укук коргоочулардын милиция кызматкерлерине карата айтылган мындай дооматтарын алар жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы деп белгилешти. Ошондой эле укук коргоочулар “прокуратура кызматкерлери жана сот системасы укук коргоо органдарына кызмат көрсөтүүдө” деген пикирлерин айтышты.

Бул нааразылык акциясын “Кылым шамы”, “Психикалык саламаттык жана коом”, Балдарды коргоо лигасы, "Демократия жана жараандык коом үчүн" коалициясы биргелешип уюштурган. Укук короочулардын алдына чыккан БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчисин милдетин аткаруучу Фиона Фрейзер алар тараптан да чаралар көрүлөөрүн билдирди:

-Мындай акция аркылуу укук коргоочулар өлкөдөгү проблемаларга бийликтан жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөөдө. Бизге укук коргоочулар берген катты Женевага жана Улуттар уюмунун атайын процедурасына жөнөтөбүз. Ал эми адам укуктарынын бузулуп жаткандыгы тууралу кыргыз өкмөтүнө маалымат берип, бул маселелерди биргеликте чечүүгө аракет жасайбыз.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилованын Кыргызстандан чыгып кетишин, Азимжан Аскаровдун камакта жаткандыгын белгилешип, алардын өмүрүнө да коркунуч туулуп жаткандыгын айтышты.

Мындай маанайдагы акциянын жүрүшүнө жаш активист Мавлян Аскарбеков терс көз карашта. Анын баамында, өлкөгө тышкы күчтөр киргизилбеши керек.

- Мен бул жерден өтүп баратып акцияны көргөн соң өз пикиримди айтайын деп келдим. Бул жерде айтылган“ЕККУ полициясы кирсин, биздин милиция алсыз” деген сөздөргө каршымын. Мындай кадамдар өлкөбүздү экиге бөлбөйт деп ким кепилдик бере алат. Биз өз күчүбүз менен тынчтыкты орнотолу деген ойду карманып келем. Анан дагы адам укугу, толеранттуулук деген сөздөрдү жамынып, кимдир бирөөлөрдөн акча алып эле мындай акцияларды өткөргөндөргө мен каршымын.

Укук коргоочулар мындай акциялар жыйынтык чыкканга чейин улана тургандыгын айтышты. Алар Ички иштер министрлиги чечкиндүү реформа жүргүзүшү зарылдыгын белгилешүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму буга чейин тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө абал курч бойдон калып жаткандыгын, айрыкча өзбек калкынын арасында кооптонуу күч экендигин белгилеген эле. Уюм ошол себептүү кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүү зарыл деп эсептеген. Бирок Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков мындай сунушка каршы экенин айтып, эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна негиз жок жана ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү мүмкүн эместигин билдирген болчу.

Укук коргоочулар зомбулукка каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG