Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Бийлик Ошко тышкы күчтөрдү киргизүү сунушун четке кагууда


Оштогу атайын операциялар учурунда табылган курал-жарактар, 24-июнь.
Оштогу атайын операциялар учурунда табылган курал-жарактар, 24-июнь.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу, жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү зарылчылыгын айтууда. Мындай демилгени өзбек айылдарында жашаган тургундар да эп көрсө, бийлик өкүлдөрү кооптонууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө абал курч бойдон калып жаткандыгын, айрыкча өзбек калкынын арасында кооптонуу күч экендигин белгилейт. Ошол себептүү кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүү зарылдыгын айтат.

Ошол эле учурда Кара-Суу районундагы Нариман кыштагынын тургуну Исраил Камалов атайын операция маалында жердештерине зомбулук жасалгандыгын ачыктады:
Күч органдарынын кызматкерлери Оштогу өзбек конуштарын тинтүүдө табылган ок-дарыларды телекамерага көрсөтүүдө.

- Аскер жана милиция формачандар мени жана уулумду себепсиз уруп-тепкилешти. Бирөөлөрү минтип документтеримди жыртып таштады. Аскер билетимдин сүрөтүн айрып, айдоочулук күбөлүгүмдү жараксыз кылды. Паспортумду тапшырып койгом десем, аны да жыртып тынышты.

Ал эми Ош шаарына караштуу Шейит-Дөбө айылынын жашоочусу Одинахан буларды баяндады:

- Эртең менен азан айткан маалда басмачылардай бастырып киришти. Бардыгын талап-тоношту. Акчаларыбызды алып кетишти. Кыздарыбызды көйнөгүнөн тартып күлүп, шылдыңдашты. Телефондорубузду жерди карай урушту. Жаныбыздан чындап тойдук!

Ушундан улам Ош жергесиндеги атайын операцияларга жана жарандарды текшерүүлөргө бир нече күн абай салган орусиялык “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревду кепке тарттык:

Виталий Пономарев
- Абдан масштабдуу операцияларды жасашты. Дээрлик бардык үйлөр текшерилди. Массалык түрдө зомбулукту байкадык. Маселен, айрым кишилерди себепсиз токмоктошту. Мындай жорукту шылдыңдоо да коштоп турду. Муну күч органдарынын кызматкерлери жасашты, бирок аларды такташтыруу кыйынчылык жаратууда. Булардын кимдер экендигин жергиликтүү милиция өкүлдөрүнөн сураштырсак, алар айтуудан баш тартышты. Окуяга байкоо салган Хьюман Райтс Вотч, норвегиялык Хельсинки комитети уюдарынын өкүлдөрү, албетте, бардыгы өздөрүн жоготуп кое жаздашты, - деген москвалык укук коргоочу Виталий Пономарев Ош коогалаңы боюнча атайын отчет даярдап жаткандыгын, аны жакында жарыя кылаарын кошумчалады.

Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбековдун айтымында, тинтүү жана тазалоо убагында аскер жана милиция күчтөрү жарандарга карата адамгерчиликсиз мамиле жасай элек. Бирок күзөт бекеттеринде турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дарегине арыздар арбын түшүүдө:

Бактыбек Алымбеков
- Ушул күнгө карата жыйырмадан ашык кызматкер жазаланды. Айрымдары жумушунан бошотулду. Бешөө укук коргоо органдарынан айдалды. Курал колдонгон, жосунсуз жорук кылган, орой маиле жасаган фактылардын үстүндө иштеп жатабыз. Мыйзамды бузган укук коргоо органдарынын бардык өкүлдөрү сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылмакчы.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна негиз жок жана ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

Исмаил Исаков
- Алардын кереги жок. Биздин тилибизди, дилибизди билбеген полиция күчтөрү биздин милиция кызматкерлерин эмнеге үйрөтөт да, өздөрү кандай иш жүргүзөт? Андан көрө жардам беребиз дешсе, техникалык жабдуулар менен жардам берип, күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү куруу үчүн каражат берсе дурус болмок. Алар келе турган болсо түшүнүксүз да болуп, Кыргызстан капканга түшүп калат деген ой бар менде, - деген генерал Исмаил Исаков Кыргызстан түштүктөгү кырдаалды жөнгө салууга тышкы күчтөрсүз эле кудурети жетээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG