Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

«Бир билгеним ушу жашка келгени, кечиримден артык нерсе көрбөдүм»


Эки элдин жарашуусу, Жалал-Абад 17-июнь 2010-жыл
Эки элдин жарашуусу, Жалал-Абад 17-июнь 2010-жыл

Кыргызстан түштүгүндөгү июнь апааты буга чейин өлкөдө топтолуп калган толгон-токой социалдык-саясий, экономикалык дагы башка проблемаларды алып чыкты. Эми анын кайталанбашы үчүн кандай иштер жасалышы керек?

“Азаттыктын” кезектеги “бетме-бет” талкуусу мына ушул маселенин айланасында болмокчу. Ага Жалал-Абаддагы аксакалдар кеңешинин өкүлү Эркин ажы Бегимкулов, “Манас эл” кыймылынын тескөөчүсү Мейилкан Эмилбаева, белгилүү журналист Ойбек Хомидов катышмакчы.

Кайталанган апаат

- Мейилкан айым, 20 жылдан кийин кайталанган эки эл ортосундагы чоң кагылышты болтурбай койсо болот беле?

Мейилкан Эмилбаева: - Албетте болмок. Бирок бул окуянын 20 жылдан кийин кайталанышы мамлекеттин алсыздыгынан, идеологиянын жоктугунан, анан да мамлекет башчылыгына келген адамдардын улутка таандык касиеттеринин жоктугунан ушул окуялар келип чыкты. Эгер бийликке калыс, акыйкатка умтулган, абийири таза адамдар келбесе мына бүгүнкү окуялар бир жылдан кийинби же он жылдан кийинби дагыле кайталанышы мүмкүн. Кылым тогошкондо улуттар ортолук араздашуулар тез-тез болуп турат. Муну болтурбаш үчүн мамлекет башына улутуна күйүмдүү адамдар келиши керек. Күчтүү мамлекеттик бийлик болбосо анын бүтүндүгүн сактап калуу коркунучу күчөй берет.

- Эркин мырза, жаңжалды болтурбай койсо болот беле?

Эркин Бегимкулов: - Мурдагы-кийинки бийлик бизде болуп жаткан окуяларга жараша мамиле кылса болтурбай койсо болмок. Мына мен 90-жылдагы Ош коогалаңы жөнүндөгү китепчени карап чыктым. КГБнын материалдары топтолгон. Ал да саясий маселеден чыккан. Ошол кезде биздин Жалал-Абаддан 23 аксакал СССР кезиндеги Улуттар кеңешинин төрагасы Рафик Нишановго кат жолдошкон. 2-март 1990-жылы автономия бериш маселесин козгоп чыгышкан. “Адолат” бейформал, бизден болсо “Ош аймагы” деген чыккан. Жер маселеси козголуп акыры коогалаң чыккан. Тил маселеси да козголгон. Бул сапар да 20 жылдан кийин ошол кайталанды. Мына 2 жыл болду Кадыржан Батыров тил маселесин, экинчи болуп автономия маселесин көтөргөнүнө. Ошондуктан бул маселе үчүнчү жолу көтөрүлбөш үчүн мыйзам жүзүндө аны көтөргөндөр эл душманы катары каралыш керек. Бийлик буга өз маалында мамиле кыла алган жок.

- Ойбек мырза, кеп сизде.

Ойбек Хомидов: - Улуттун жаманы болбойт, жаман адамдар болушу мүмкүн. Ошондуктан чагымчыл адамдар баштап эки элди карама-каршы кылып койду. Эми болор иш болду. Эми проблеманы чечиш керк. Эки элди ынтымакка чакырыш керек. Бул иште аксакалдардын ролу чоң. Аялдар, жаштарды ынтымакка чакырыш керек. Сабырдуулукка чакырыш керек. Жакындарын жоготкондор бар.

Эртеңден эмне кылуу суроосу

- Мейилкан айым, эми эмне кылыш керек?

Мейилкан Эмилбаева: - Эми шайлоону эртерээк өткөрүш керек. Парламенттик башкаруу деп атабыз. Аныбыз туурабы-туура эмесин убакыт көрсөтөт. Элдин ортосундагы ажырымдын бүтөлүшүнө кыйла убакыт керек. Эл арасында жүрбөйбүзбү. Жаман иштер дагыле бирин-серин болуп атат. Бул жерде катуу бийлик, катуу мыйзамдык чаралар гана керек. Муну уюштурган адамдарды табыш керек. Бизде улуттук коопсуздук кызматы бар. Алар кимдерди аңдып, кандай иштерди бүткөрдү? Мынчалык курал топтолгонун эмне үчүн изилдешпейт? Бүгүнкү күндө күч кызматтарынын ишин көрүп туруп ушул окуянын себеп-жөнү кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр жаза алышына ишениш кыйын. Эл ичинде чочулоо сезими дагыле күчүндө. Бийлик мыйзам чегинде гана аракет кылышы керек. Ошондо гана биз тынчтыкта, бир туугандыкта жашайбыз.

- Эркин мырза, кеп сизде.

Эркин Бегимкулов: - Жергиликтүү бийлик алына жараша биртоп жумуштарды жасап жатат. Мына бизде өзбек-кыргыздароды жер-жерлерде чогултуп бата-дуба кылдык. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Чагымчыларга алдырбаш жагын айтып-түшүндүрүп жатышат. Бирок ошол эле мезгилде бийлик бир тарапка жаман көрүнүп калабызбы деп тарткынчыктап турууда. Ал бийликтигин кылбаса тартип болбойт. Бийликке мамлекетти ойлогон адамдар келмейинче оңолуп кетишибиз кыйын. Биз өзбек-кыргыз туугандар бул ишти сырттан бирөөлөр келип уюштурганына ишенип атабыз. Коопсуздук кызмат жетекчиси чагымчылардан 20 киши кармалганын, анын 7 чет элдик жарандар экенин айтты. Бирок кимдигин айтпады. Массалык маалымдоо каражаттары ынтымакка, турукташууга иштесе бул кырдаалдан чыгып кетебиз.

- Ойбек мырза, бул жаңжал болбош үчүн дагы кандай иштер жасалышы зарыл?

Ойбек Хомидов: - Азыр эми түшүндүрүү иштерин көбөйтүш керк. Азыр диалог болбой жатат. Жолугушуулар көбүрөөк өтүшү зарыл. Мына Жалал-Абадда 4 миңдей киши чогулуп аксакал, кары-жаш дебей жарашты. Калпак кийгизип, топу кийгизишип. Шаарда көп үйлөр өрттөлүп кеткен. Биздеги ашар жолу менен ошол үйлөрдү калыбына келтирүүгө киришүү керек.

Өкмөт милдет

- Мейилкан айым, азыркы өкмөттүн улуттук саясаты боюнча пикриңиз кандай?

Мейилкан Эмилбаева: - Жакшы деле эмес. Отурганда ээрге кыйшык отурушуп Конституцияны орус тилинде жазышты. Кыргыз тилин жабыркатып орус тилине расмий статус берип коюшту. Бүгүнкү бийликте отургандар Кыргызстанды кризистен алып чыгып кетишине мен ишенбейм.

- Эркин мырза, бийликтин улуттук саясатына сиздин пикириңиз кандай?

Эркин Бегимкулов: - Биздин жердей кооз жер дүйнөдө аз эле. 5 миллион ашуун калкыбыз бар. Мамлекетибиздин каада-салтын, белгилерин, өзүн кадырлап-сыйлаганда мындай жаңжалдар чыкмак эмес. Биз улут катары өзүбүздү оңдошубуз керек. Биз анан да өзүбүз башкаларга өрнөк боло албадыкпы дейм. Демократия аралына айландык дегенибиз менен биз коогалаңдын, жаңжалдын аралчасына айланып калганыбызды жетекчилик да, өзүбүз да көрө албай калдык. Муну айта албадык. Эми биз ушул болгон окуялардан сабак алышыбыз керек. Ажы катары элибизди сабырдуулукка чакырып кетет элем. Бир акыныбыздын жакшы ыры бар:

Бул өмүрдүн далай өрүн өрдөдүм,

Балким аздыр, балким көптүр өрнөгүм.

Бир билгеним ушул жашка келгени,

Кечиримден артык нерсе көрбөдүм.

- Ойбек мырза, ушу тапта өкмөт жетиштүү деңгээлде аракет көрүп жатат, деп айта аласызбы?

Ойбек Хомидов: - Өкмөт аракет кылып жатат. Мына Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү. Ж.Сатыбалдиев аны жетектеп жатат. Бул ишти тездетиш керек. Мына кыш эми эле келет. Ага жеткирбеш керек. Элге үмүт бериш зарыл. Өкмөт аракет кылып жатат. Бирок жардамды тездетиш керек.

- Сиздерге ырахмат! Амандыкта бололу!

XS
SM
MD
LG