Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Генерал И.Исаковдун соту жетинчи айга кетүүдө


Генерал И.Исаковдун соту узаргандан-узарып баратат
Генерал И.Исаковдун соту узаргандан-узарып баратат

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш иштин соттук териштирүүсү 7-айга созулуп баратат.

Бул арада айыпталынып жаткан 4 аскер жетекчисинин экөөнүн кылмыш иштери кыскартылып, Балыкчыда жоголгон аскер техникасына жооптуу Нурдин Каимов менен мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков гана жооп беришүүдө.

Аскер сотунун кезектеги отурумунда коргоо министринин мурдагы орунбасары, сотко келерден бир күн илгери Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси болуп дайындалган генерал Аскарбек Жапаров менен Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Сайитбек Зулпуев күбө катары суралды.

А.Жапаров Балыкчыдагы аскер бөлүктөн уурдалды делген 3 “Урал”, 7 “ЗиЛ 131”, 2 “КамАЗ”, 1 “Газ 66” автомашиналары боюнча комиссия түзүп, иштин чоо-жайы министрлик тарабынан да иликтенгенин маалымдады. И.Исаков мурдагы орунбасарына деле ошол суроону узатты.

- Эмне үчүн мен министр болуп турганда ушул тармакты башкарып турган орунбасар катары сиз мага ушул жок экен деп айткан жок элеңиз? Же билген эмессизби? Эгер билсеңиз эмне үчүн убагында маалымат берген жоксуңар? 2-суроом. Качан ошол комиссияны жөнөттүңөр?

И.Исаков жыл сайын аскердик техникалардын сакталышы кылдат текшерилип, анын жыйынтыгы министирге билдирилерин, май айында жаңы министр келгенде Балыкчыда эч кандай аскердик техника уурдалбаганы маалымдалганын ырастады. Аскарбек Жапаров И.Исаковдун тушунда андай окуя болбогонун, аскердик техниканын жок болушу 2008-жылдын ноябрында ачыкка чыгып калганын маалымдады.

- Сиз министрлик кызматтан которулганыңызда текшерүү боюнча комиссия Балыкчы гарнизонундагы техникаларды тактоо үчүн түзүлгөн.

Аскарбек Жапаров аскердик техникалардын сакталышына биринчи иретте Курал-жарактар боюнча башкы башкармалык жооптуу экенин, аскердик жарак-жабдыктарды министр же анын орунбасары жеке өзү текшерип, түгөлдөп турууга убактысы жоктугун билдирди. Эмнеликтен жоголгон аскер техникасы үчүн министрдин айыпка жыгылып калышына бул күнкү сотто жооп берилген жок.

- Бирок эмнегедир ноябрда чыгып калды да аны мага илип коюп жатышат, туурабы? Ошондой болуп жатат да азыр.

И.Исаковго бюджеттик эсептеги “башка чыгымдарды” да максатсыз пайдалангандыгы үчүн айып тагылууда. Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Сайитбек Зулпуев бюджеттик “башка чыгымдарды” кантип пайдаланууну министрлик өзү чечерин сотто күбө катары белгиледи.

- Бул маселелер бюджеттик классификацияда көрсөтүлбөйт.

Соттук отурумда Коргоо министрлигинин бюджетиндеги “башка чыгымдардын” так жумшалышына жоопкер министрликтин мурдагы каржы башкармалыгынын башчысы жер которуп Орусияга кетип калганы белгилүү болду.

Соттун бул күнкү иши аягына чыккандан кийин мамлекеттик айыптоочу Кыргызстандын аскердик прокурорунун орунбасары Тимур Карабаев оголе чоң коомдук резонанска ээ болуп жаткан ишти териштирүү кандай жүрүп жатканы жөнүндөгү сурообузга азырынча ачык пикирин айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Процесс дагыле уланууда. Соттук териштирүүлөр аягына чыккандан кийин мен кенен-кесир комментарий берем.

Бишкек гарнизондук аскер сотунун кийинки отуруму 29-октябрда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG