Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Генерал Исаковдун соту уланууда


Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш ишти карай баштап, бирок коомдук коргоочулары коюлган доо менен тааныш эместиктен ишти кароону 28-мартка которду.

20-мартта Бишкек гарнизондук соту ишти карай баштап, бирок Исаковдун коомдук коргоочулары коюлган доо менен тааныш эместиктен ишти кийинки мөөнөткө жылдырды. Аскер соту ишти 27-мартта өткөрүүгө абдан аракет кылды. Себеби бул күнү БЭК нааразычылык акциясын өткөрүшмөк. Исмаил Исаковдун жана башкалардын жактоочулары бул күнгө башка сот иштерине катышаарын айтышып, бул күнгө макул болушпады. Акыры 28-март ишемби болсо да иш күнүнө жылдырылгандыктан ушул мөөнөткө токтолушту.

Генерал-лейтанант Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтымына караганда, сот Коргоо министрлигинин өкүлүн коюлган доо менен тааныштырып, бирок коомдук коргоочуларга андай мүмкүнчүлүк берген эмес.

- Бул факты ачыкка чыкканда сот өзү да бир аз уялып ишти кароону которууга мажбур болду. Cебеби Коргоо министрлигинин доогерин мурда эле иш менен тааныштырып коюптур. Муну өздөрү мурда эле чечип коюптур да бизден сурап жатпайбы? Мунун доосун кабыл алалыбы деп. Коомдук коргоочулар билимдүү юристтер болгондуктан өздөрүнүн укуктарын жакшы билет. Сот залында мурдакы көнгөн адатка салып эле, мыйзамды карабай чечип салууга соттун духу жетпеди.

Коргоо министрлигинин доочу өкүлү, капитан Талант Саалаевдин айтымында Исмаил Исаков жетектеп турган учурда алардын мыйзамга кайчы аракеттеринен мамлекетке 3 миллион 860 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

-Мурдакы коргоо министрибиз Исмаил Исаков баш болгон айыпталуучулар бар. Алар мамлекетке зыян келтирген. Кылмыш ишинин материалдарына таянсак 3 миллион 860 миң сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Ошол кылмыш ишинде көрсөтүлгөн суммага таянып, Коргоо министрлиги тарабынан аны өнүдүрүү үчүн сотко доо арызы берилди.

Автоунаалар мыйзамсыз сатылгандыгы үчүн айыпталып жаткан Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнүн аскердик курал-жабдыктарга жооптуу зардал орунбасары Нурдин Каимов кыйладан бери тергөө абагында.

Исмаиал Исаковдун коомдук коргоочулары катары сот ишине алгач ирет катышып жатышкан Топчубек Тургуналиев, Рамазан Дырылдаев жана Бөдөш Мамырова аскер сотунан мыйзам тартиби боюнча тергөө иштери, кагаздары менен таанышып чыгууга 5 жумушчу күндүк мөөнөт сурашты. Мамлекеттик айыптоочу коомдук коргоочулар сот процессинде иш менен таанышууну сунуштап, соттук отурумду уланта берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок да актоочулардын мыйзам тартибин сактоо талабынан кийин сот териштирүүнү кийинкиге жылдырууга макул болду.

Исмаил Исаковдун коомдук коргоочуларынын бири Бөдөш Мамырованын пикиринде, тергөө иштери, кагаздары менен таанышып чыгуу үчүн убакыт керек.

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке зыян кылгандыгы үчүн айыпталынып жаткан мурдакы коргоо министри Исмаил Исаков аскер соту калыс чечим чыгараарына күмөн экенин “Азаттыкка” билдирип, ал саясый куугунтук болуп жатканын жашырган жок.

-Бүгүнкү күндө коргоо министрлиги, президент жана аскер прокурору баары бир команда болуп алгандыктан, баары биригип Исаковго эптеп кылмыш ишин илип койсок деген аракети билинип калды. Коргоо министрлигинин жетекчилигинин дагы мындай аракети бүгүн ачык көрүнүп калды. Атайылап саясый куугунтуктап, бир нерсе илүүгө аракеттенип жатышат.

Бишкек гарнизондук аскердик соттун имаратынын алдына Исмаил Исаковдун жүзгө чукул тарапкерлери чогулуп, саясий куугунтукту токтотуу талаптарын коюшуп, чакырыктарды жазып турушту.

Исмаил Исаков жактоочуларынын сот алдына келбей эле коюшун суранганын билдирди.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG