Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

17-мартта Аксы окуясы эскерилет


БЭКтин Аксы районундагы өкүлдөрү 17-мартта Аксы окуясын эскерүү митингин өткөрүү чечимине келди. Жети жыл мурдагы окуяны эскерүү – ошол убакта милициянын огунан жарадар болгондордун талабы боюнча өткөрүлөт жана ал тууралуу билдирүү район бийлигине 6-мартта тапшырылды.

Райондун акими Аскербек Алиев 6-мартта эки-үч киши Аксы окуясын эскерүү боюнча билдирүү менен кайрылганын айтты. Акимдин ырасташынча кайрылуу кеч келди жана митинг өткөрүү өтүнүчү менен жарандар мыйзам боюнча 12 күн мурда кайрылып, ага алты күндө жооп алуусу керек.

БЭКтин райондогу башчысы Кадыралы Жорокулов Аксы окуясында жарадар болгондордун өтүнүчү менен түйүн Кара-Жыгач айылында аза күтүү митингисин өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирди. Анын айтымында район акими кайрылуунун жообун жогору жактагылар менен акылдашкандан кийин 12-мартта берерин угузган.

Аксы окуясында милиция менен кагылышкан демонстранттардан алты адам окко учкан
Окуяда жабыр тарткандардын коомдук жактоочусу Абдиназар Маматисламовдун изилдөөсүнө ылайык окуя саясий ишке айланганы үчүн ортоңку бөлүктөгү мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылган. Жети жыл мурда район борборуна бараткан демонстранттарды атуу буйругун бергендер менен элге ок чыгаргандар эске алынбаган:

- Кудайбергенов, Дубанаев, Урманаевдер бул ортоңку звено. Булар башкарып, муну ат дегенине көзүм жетпейт. Бирок жогорудагыларды жана аткандарды, ошол кездеги милиция башчысын баарын чогултуп комплекстүү караганда ар киминин аракетине баа берсе болот. Аксы окуясы боюнча элдик сот болуп ошол жерде өздөрү жыйынтык чыгарышты.

2008-жылы Аксыдагы окуя боюнча Боспиекте элдик сот болгон
Аксы окуясы боюнча былтыр Кара-Жыгач айылында болгон элдик сот алты адамдын өмүрүн кыйган апаатка кимдер күнөөлү экендигин аныктап, ал боюнча ишти кароону токтотуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу Жалал-Абат облусун ишемби күнү кыдырып кеткен БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаров билдирди. Бекназаровдун белгилешинче 17-мартта эскерүү митингин өткөрүү-өткөрбөө ал окуяга катышкандардын өз иши.

"Анткени барган жерлеримде мени дежур адамдар «сен дайыма Аксы окуясын, кан менен өлүмдү козгойсун» деп айыптап жүрүшөт. Ошто Кара-Суу менен Алайга барганымда да ошондой болду. Ооба, окуя боюнча менин моралдык күнөм бар. БЭКтин райондогу өкүлдөрү Таш-Көмүр шаарында мага кайрылышканда «чакырсаңар катышым коюшум мүмкүн»,- деген жообумду айттым деди А.Бекназаров.

Андан мурда райондун Кара-Суу айылындагы элдик жыйынга катышкан таанымал саясатчы Топчубек Тургуналиевдин ырасташынча окуя чындап изилденген жок:

Мен башкарган комиссия айыпкерлерди үч топко бөлгөнбүз. Алгач жаңы бийлик Аксы окуясын аягына чыгарат деп үмүттөнгөнбүз. Арадан кыйла жыл өткөн соң бийликке ишеним болбой калды,- деп айтты Топчубек Тургуналиев: - Айрымдарын гана соттомуш болуп, ошолорго мунапыс жарыялап бүт баарыгын тайраңдатып кое беришкен. Сиздер менен биздин күткөн адилеттүү чечим болбой жатат. Бул бийлик турганда дагы Аксы окуясынын аягына чыкпайт окшойт.

Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдун ырасташынча элге кимдер ок атканы тууралуу көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү унутта калган.

Боспиекте милиция менен эл кагылышканда кимдер кандай курал менен атып жатышкандыгын ошол элдин арасында болгон Турдубү Азимбаева, Амангелди Четинбаев, Ниеталиев деген адамдар түшүнүк катында жазып беришкен.

Өкмөттүк кызматкерлер ок тийген жарадарларга айбандай мамиле кылышкан деп эскерди Сартпай Жайчыбеков:

- Дубинка менен жыга чабышып туруп, башына тепкилеп алып ыргытып жиберген. Ал билет ким экенин. Бул жерде акеме ок тийип атат, жардам берели десе болбой койгон. Акесин дагы, өзүн дагы өлгөндөргө кошуп туруп ыргытып ийген. Ошол жерде мээрман айымдар көрүп, бул бала тирүү го деп айткан.

Элдик сот тарабынан акталган облустун 2002-жылдагы губернатору Султан Урманаев калк эмдигиче чындыкты угалбай келатканын билдирди. "Эгер мен президент болсом, окуяга тиешеси бар бардык мамлекеттик кызматкерлерди Аксыга баштап келип, акыйкат сөздү айтып, элден кечирим сурамакмын",- дейт Султан Урманаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG