Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Э.Иманкожоева: Идеологиянын 5 багыты болуш керек


Мамлекеттин идеологиялык багытына байланышкан маселелер тууралуу президенттин администрациясынын идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” маек курду.

- Эгемендик алгандан бери, 20 жылдай убакыттан бери Кыргызстандын идеологиялык багыты боюнча бир катар иштер жасалып келди эле. Өлкөнүн идеологиялык багыттагы иштери буга чейин кандай болуп келди эле, азыр кандай?

Эркингүл Иманкожоева: 20 жылдан бери мамлекеттик идеология жакшы иштебей келатат. Биз аны жакшы билебиз, Акаевдин учурунда да, Бакиевдин убагында да иштер кагаз түрүндө калып калган.

Азыр идеологияны биз алдыга жылдырып кетебиз дебейбиз. Бирок ошого аракет жасап атабыз. Мисалы, бизде кандай идеология болуш керек? Мамлекеттик идеология 5 багыттан туруш керек. Биринчиден, Кыргызстан - менин мекеним деп билиш керек. Биздин өлкөдө 80ден ашык улут жашаса да, ошонун ар бири “менин өлкөм Кыргызстан” деп Кыргызстан үчүн иштеш керек.

Экинчиден, адам укугу болуш керек. Сен президент болосуңбу, же мамлекеттик чиновниксиңби, же дыйкан болосуңбу баарына бирдей адам укугу болуш керек. Үчүнчүдөн, кыргызстандыктар достукта жана ынтымакта жашаш керек. Төртүнчү багыт, бул табият менен мамиле, табиятты сактайлы деген. Ар бир адам ойлош керек кийинки муундарыбызга да табиятты ушундай абалда таштап кетели деп, талап-тоноону токтотуш керек. Бешинчиден, башка мамлекетке кол салбоо. Мына ушул беш багытта мамлекет өнүгүш керек, ошол идеологияны кабыл алыш керек.

Ошондой эле биз азыр улуттук идеологияны да карашыбыз керек. Биздин жаштарды улуттук багыттарга, өз тилин бийик койгон, адептүү, намыскөй, кыргыз элине кызмат кылган, маданияттуу кыргыз элинин тарыхын билген жаш муундарды тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн биз азыр Советбек Байназаров менен Бабырбек Жээнбековдун иштеп чыккан «Таалим тарбия» концепциясын киргизип жатабыз. Азыр элдик талкууга кетти, гезиттерге берилип жатат. Элден сунуштарын алып атабыз. Ошол багытта биз киргизебиз деген ойдобуз.

Ошондой эле Кыргызстанда ыйык дөөлөттөрдүн бири Ата мекен, Ала-Тоо болуш керек. Экинчиден, дөөлөттөрдүн да бири биримдик, ынтымак Кыргызстанда өкүм сүрүш керек. Мисалы, бизде орус, өзбек мектептери бар. Орус мектептеринде “биздин президент Путин” деп окутушат экен. Өзбек мектептериндеги китеп куралдарынын бардыгы Өзбекстандан алынып келинет экен. “Менин президентим Каримов” деп, өзбектердин тарыхын, алардын окумуштууларын, бүт баарын өзбектердикин окушат экен. Мына ошол бала 20 жашка чыкты. Бул өзбек менен кыргыздардын ортосундагы коогалаң эмнеден болду? Мына ошолордун бири да “Отунбаева менин президентим” деп айтпайт, ал Каримов деп атат. Мына ушул багыттарда Билим берүү жана илим министри менен бүгүн жолугушуу болот. Ошолордун баарын орду ордуна коюшубуз керек.

- Бала бакчадан болобу, мектептен болобу ошол балдар менен кандай иштөө боюнча азыр сиздерде программа, пландарыңыздар барбы? Сунуштарыңыздар кандай болуп атат?

Эркингүл Иманкожоева: Ооба, сунуштар бар. Азыр карап көрсөк бул багыттар абдан оор абалда экен. Мектептердеги китептер боюнча бүгүн жолугушууда көп ишмерлер, окумуштуулар келип катышат. Ошондо айтып атат мектептин, бала бакчадагы китептердин сүрөттөрү биздин маданиятка чак келбейт. Манасты жөн эле чапан кийгизип койгон, түрүн монгол кылып койгон. Ошондуктан мектептеги окуу куралдарын да кайра карап чыгыш керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG