Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

И. Карыпбеков: "Сабырдуу болууга чакырам"


Президенттин Катчылыгы “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жаткан себептерин тыкат иликтеп чыга турганын Катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков "Азаттыкка" жооп кылды.

- Илим мырза, «Азаттык» үналгысынын берүүлөрү Бишкекте жана облустардагы башка радиолорго болуп жаткан кысымдан улам уктурулбай атканына нааразы болушкан "Азаттыкты" коргоо кыймылынын мүчөлөрү ЕККУнун Бишкектеги борборунун жанында акция өткөрүштү. Ушул окуяга бийлик тарабынан кандай пикир болуп атат?

- Азыр эле «Азаттыктын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кубат Оторбаев менен жолугуштук. Ал киши «Азаттык» үналгысынын обого чыгышы жана интернет сайт дагы кандайдыр бир тоскоолдукка учурап жаткан учурлары жөнүндө айтып берди. Ал жерде тигил же бул радио аркылуу чыгып жаттык эле, аларда бийлик тараптан ар кандай кысым болгондуктан келишимди тилекке каршы токтотууга мажбур болуп атабыз деген сөздөр болуп атат деп айтты.

Бирок так, конкреттүү түрдө, бийлик тараптан ким айтып атат, кандайча таасир болуп атканы айтылган жок. Ал боюнча толуктап дагы маалымат беребиз деди.

Жалпысынан айтып кете турган болсок, азыр «Азаттык» үналгысы чыгып аткан радиолордун баары бул жеке менчик радиолор болуп эсептелинет. Эгерде мамлекет тараптан кандайдыр бир таасир болуп, чын эле телефон чалуулар болгон болсо, муну биз карап чыгып, текшеребиз деген жыйынтыкка келдик.

Муну сөзсүз түрдө текшермекчибиз, чын эле чыкканбы, чыкса эмне себептен андай болгон, ушунун баарын текшерип сөзсүз түрдө «Азаттыкка» ал жөнүндө билдирмекчибиз.

Экинчиден, Интернет боюнча. Кээде жакшы болуп калат, кээде жаман болуп калат деп айтты, балким техникалык себептерден деп. Көз карандысыз эксперттерге дагы заказ берип, чынында эле тоскоолдук болуп атабы, же болгон жокпу, техникалык текшерүү кылабыз деген маалымат берилди бизге.

Биз ал маалымат менен макул болдук, текшерүүнүн жыйынтыгын да карап көрөлү. Анан өзүбүз дагы ыйгарым укугубуздун жетишинче себептерин билгенге аракет кылмакчыбыз.

Андан тышкары Кубат Оторбаев УТРКдан кайра чыга баштаганга көмөк көрсөтүү жөнүндө да өтүнүчүн берди. Ал өтүнүчүн да карап чыкмакчыбыз. УТРКнын дагы позициясын карап, анан сунуштарыбызды беребиз деген ой-пикирде калдык.

- «Азаттыкты" коргоо кыймылынын мүчөлөрү сөз эркиндигине кысым болуп атат дегендерине кандай карайсыз?

- Нарында «Алмаз» радиосунун кабелин кесип кеткенде сөз эркиндигине кысым болуп атат, муну бийлик кылып атат деп айтышкан болчу.

Мисалы азыр Кубат Оторбаев менен дагы жолугуп сүйлөштүк, кээде жакшы болуп калат, кээде жакшы болбой жатат, балким тоскоолдуктар болуп жаткан чыгаар деп болжоп айтып атат.

Кысым болуп атат деген сөздөрдү далили жана негизи жок айтыштан мурун карманып туруу өтүнүчүн айтат элем. Себеби чынында эле бийликтин өкүлдөрүнүн таасири болуп атабы же жокпу, белгилүү эмес. Ошондуктан муну текшерип карап чыгышыбыз керек.

Мен сабырдуулукка чакырып кетмекчимин. Биз сөзсүз түрдө изилдеп чыгып, анан кайсы бир деңгээлде жол таап чыгабыз деген ишеничтемин.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG