Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

К. Бакиев президенттик антын берди


2-августта Бишкекте Өкмөт үйүндө экинчи президенттик мөөнөткө шайланган К. Бакиевдин расмий түрдө кызматына киришүү салтанаты болуп өттү.

Аземге ардактуу конок катары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев катышты.

Азем учурунда Президент Курманбек Бакиев оң колун Конституцияга коюп, кыргыз элинин алдында Ант берди. Андан соң мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү жана КР Президентинин Төш белгиси тапшырылды.

КР Конституциялык сотунун төрайымы Светлана Сыдыкова ушул мүнөттөн тартып КР Президенти Курманбек Бакиев КР Президентинин кызматына расмий түрдө киришкендигин жарыялаган соң, баш калаанын “Ала-Тоо” борбордук аянтында жайгашкан 9 артиллериялык куралдан залп атылды.

"Президенттик кызматтын алгачкы жылдары мен көп жолу татаал маселелерге туш келдим. Өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү тез, чечкиндүүлүк менен токтотуш керекпи? Же компромисске баруу туурабы? Мурдагы шакирттеримдин кеңештерин иш-жүзүнө толук бойдон ашыруу керекпи, же коомдук жана мамлекеттик таламдарга жараша аракет кылуу зарылбы? Ошол мезгилде дал ушундай суроолор турган. Ачык айтайын: кырдаал ушунчалык оор болгондуктан, кээде жан кейиткен чечимдерди кабыл алууга туура келген. Бирок, ошол кыйынчылыктарга карабастан, мен өлкөбүздө туруктуулукту жана жарандык тынчтыкты камсыз кыла алдым. Менин көз карашымда, дал ушунун өзү - өткөн жылдардын негизги жыйынтыгы",- деп айтты инаугурация учурунда сүйлөгөн сөзүндө К. Бакиев.

Мамлекет башчы Кыргызстандын алдында туруктуу өнүгүү, улуттук коопсуздукту чыңдоо жана жарандардын жашоо деңгээлин түп-тамырынан көтөрүү милдеттери турганын баса белгилеп, бул максаттарга жетүүгө эң оболу коррупция, ошондой эле кедейчилик, бекерге тап коюу өнөкөтү тоскоол болуп жатканын, аларды жоюу, чететтүү боюнча кандай чараларды көрүү керектигин айтып өттү.

Президент Курманбек Бакиевдин инаугурациялык сөзүнөн кийин Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев куттуктоо сөз сүйлөдү.

“Чолпон-Атада өткөн ЖККУ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышкан президенттердин атынан, ошондой эле өзүмдүн, казак элинин атынан Сизди бир тууган кыргыз элинин Президентинин кызматына расмий түрдө киришкендигиңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Бул – чоң ишеним жана чоң жоопкерчилик. Сиздин ишиңизге албан ийгиликтерди каалаймын. Сиз мындан ары да өлкөдөгү стабилдүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубаттуулугун арттырууга болгон мүмкүнчүлүгүңүздү жумшай бере тургандыгыңызга ишенем”, - деди Н.Назарбаев.

Казакстандын Президенти 2005-жылы да Президент Курманбек Бакиевдин расмий кызматка киришүү аземине катышкандыгын эске салып, бүгүн мындай маанилүү иш чарага катышып жаткандыгына кубанычта экендигин билдирди:

“Карама-каршылыктар күчөп турган, дүйнөлүк экономикада кескин өзгөрүүлөр болуп жаткан азыркы тапта элдин ынтымагы, биримдиги эн башкы баалуулук болуп саналат. Ынтымак, биримдик – ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи. Мен дагы бир ирет Сизге чың денсоолук, ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын. Биз мындан ары да ортодогу кызматташтыгыбыз кеңейе бере тургандыгына үмүт артабыз”, - деди Н.Назарбаев.

Аземге КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Конституциялык сотунун судьялары, КР Жогорку сотунун судьялары, КР Президентинин Администрациясынын кызматкерлери, КР Өкмөт мүчөлөрү, КР Өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, областтык жана арйондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, борбордук мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана коомдук уюмдардын, Коомдук палатанын жана КР Калкынын ассамблеясынын жетекчилери, дипломатиялык корпустун жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү, КР Президентине талапкердин ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “Ак Жол” Элдик партиясынын өкүлдөрү – бардыгы болуп 650дөн ашык адам чакырылган.

Азем Улуттук биринчи канал, 5-канал жана ЭлТР телеканалдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.
Салтанатты чагылдырууга 80ден ашык кыргызстандык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


К. Бакиевдин президенттик ант берүү салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

XS
SM
MD
LG