Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

А. Сасыкбаева: Кодекске жатпаган көрүнүштөр көп


Кыргызстанда алдын-ала добуш берүүлөр одоно мыйзам бузуулар менен өтүп жатканы жөнүндө “Азаттыкка” “Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева айтып берди.

-Эки күндөн бери Кыргызстан аймагында алды ала добуш берүү жүрүп жатат. Алгачкы байкоолор эмнени көрсөтүп жатат?

- Биринчиден шайлоо кодекси боюнча шайлоо күнүндө иштеген аскерлер, укук коргоо органдары, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү гана алдын ала добуш берүүгө укуктуу. Бирок эки күндөн бери райондук акимиаттарда ачык, одоно мыйзам бузуулар менен шайлоо башталды деп койсок болот. Анткени "Телекомдун" кызматкерлери, медицина тармагында иштегендер, Кыргыз темир жолу, БГТС дегендер жана башкалар добуш берип башташты. Бул Кодекске туура келбейт.

Андан тышкары бюллетендерди карасак шайлоо комиссияларынын мөөрү жок, шайлоочулар бюллетендерди көтөрүп ары-бери чуркап жүрүшөт. Акимиаттарда түзүлгөн шарт жок. Мөөнөтүнөн мурда добуш бере тургандардын тизмелери жок. Бул деген 23-июлду жети күн мурун мыйзамсыз жылдырууга жатат менин оюмча.

-Бул боюнча БШК өзү байкап, көрүп атабы? Сиздер маалымдадыңыздарбы?

-Маалыматты берип эле жатабыз, бирок шайлоо комиссиясы көңүл бурбай жатат. Кечээ өзүбүз барып Лисовский менен жолуксак, ага көп деле көңүл бурган жок, эми андай майда-чүйдөлөр боло берет да деп койду.

Бүгүн биз кайрылуу жазайбыз, анткени алар Кодексти түшүнбөй калышты, биздин буйрукту түшүнбөй өзү билгендей кылды. Телевидение, басма сөз аркылуу айтабыз дегендей кылып атабыз.

-Саламаттык сактоо, байланыш тармактары эртелеп добуш берип атышканы айтылууда. Сиздер маектешип көрдүңүздөрбү, алар кандай негиздеп атышат ошол эрте добуш берүүнү?

-Биринчиден эртелеп добуш берүүнү эл жактырган жок, нааразы болуп атат. “Төрт- беш сааттан бери бул жакта отурабыз, эмне үчүн биздин баарыбызды алып келди түшүнбөйбүз” дейт. Иши кылып кркутуп-үркүтүп эле алып келип атышыптыр. Эртең мененки саат сегизден баштап кезекке тургузуп жатышат. Аскерлер рота-рота боюнча келишти. Милициядан келгендер дагы нааразы болуп атышат бул эмне деген добуш берүү деп.

-Кайсы жерлерде болуп атат мындай окуялар?

-Свердлов районунда милициялар биздин байкоочунун фотоаппаратын алып коюшуп, аны чачынан тартып эшке чыгарып, ошондой одоно нерселерди жазап атышат. Фотоапаратты бүгүнкү күнгө чейин беришкен жок. Кечээ Свердловск райондук милиция бөлүмүнө арыз бердик. Чет мамлекеттен келген байкоочуларды акимиаттын ичине киргизбей коюшту. Алар жарым саат туруп суранып атып добуш берүү бүтүп калганда киришти, саат алтыларда. Бирок добуш берүү бүтүп калды десе деле, эл келип атты.

-Сиз кандай баалайсыз бул БШКнын ишиндеги өксүктөрбү же атайын жасалып аткан кызыкчылыктар барбы?

-Менин оюмча буга Борбордук Шайлоо Комиссиясынын алы деле жетпей калды окшойт, анткени айыл өкмөттөр, губернаторлор, акимдер баары чуркап жүрүшөт. Свердлов районунда акими баш болуп, шайлоо комиссиясынын төрагасы менен кошо чуркап жүрөт буйрук берип, минткиле-тигинткиле деп. Бул туура эмес, бул кодекске жатпайт.

-Бул жеке эле бир төмөнкү жергиликтүү бийликтин аракеттерби же жалпы тапшырма, система ушундай болуп атабы?

-Менин оюмча тапшырма болбосо деле жергиликтүү бийликтер өздөрү аябай эле кызмат кылып, жакшы көрүнөйүн деп “бөрк ал десе, баш алып” атышат да. Анткени телевизордон деле мындай кылуу туура эмес деп БШК айтып атпайбы, бирок алардын алы деле жетпей калды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG