Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Жаңы бийлик формуласы: 6 айдан 1,5 жылга


Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик шайлоого катышат
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик шайлоого катышат

Өлкөнү мыйзамдуу жолго салмакчы болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик шайлоого кызматын тапшырбай катышарын билдирүүдө. Буга чейин өздөрү сындап келген жолго түшүүнү алар өлкө коопсуздугуна, үй-бүлөлүк режимди биротоло жок кылуу максатына байланыштырууда.

«Азаттыктын» «Бетме-бет» талкуусу мына ушул маселенин айланасында болмокчу. Студияга экс-депутат Орозбек Дүйшеев, саясат таануучу Карыбек Байбосунов чакырылган.

“Эмне деп атасаңар ошо деп атагыла!”

- Оболу Убактылуу өкмөттүн эки мүчөсү Т.Сариев менен А.Бекназаровдун сөзүн угуп алсак да, анан сөзүбүздү улантсак.

Темир Сариев:
- Биз азыр мыйзам чыгаруу укугуна ээбиз. Ошон үчүн мына бул декреттерди кабыл алып жатабыз. Эртең министрликти, башка орундарыбызды берип кетебиз. А кокустан кандайдыр бир кырдаал болуп калса ким декрет кабыл алат? Убактылуу өкмөттү кетирип койсок. Мына бул жерде отургандар баарыбыз тең шайлоого барабыз. Ошол 14 кишинин мүмкүн 13 же 11 барат. Биз жанагы кызматтын баарын тапшырабыз. Бирок Убактылу өкмөттүн мүчөсү катары 14 калабыз. Кырдаал курчуп кетсе ким чечим кабыл алат? Роза Исаковнага биз өкмөттүн анан президенттин ыйгарым укуктарын бердик. Парламенттин ыйгарым укуктарын жанагы 14 киши алганбыз. Ошон үчүн бул жерге муну жазып коюш керек. Биз кала беребиз.

Азимбек Бекназаров:
- Биз али максатыбызга жете элекпиз! Көп нерсеге жете элекпиз али! Эч нерсе кыла элекпиз! Элдин ишенимин али аткара элекпиз! Качан биз аткарабыз? Ошондо биз чындан эле таза шайлоо өткөрүп, апкелип, уткан партияны отургузуп коюп, отургузуп койгондон кийин, мына ошондо максатыбызга жетебиз. Ага чейин мени эмне деп атасаңар ошо деп атагыла! Кайсыл жерде болсо да күрөшөм! Эч убакта Роза Исаковнага “өзүңүз болдуңуз, каалаганыңызды коюп алыңыз, мен кеттим”, дебейм. Мен ага жол бербейм! Мен жанында бу киши менен олтурам.

- Албетте, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары эле бул позицияны колдобойт. Орозбек мырза, Убактылуу өкмөт 6 айдан кийин бийликти шайлоо жолу менен келген бийликке өткөрүп берип кете турганын айткан эле. Бирок да бийлик кумарыбы же башка себеби барбы, иши кылып бул бийлик дагы 1,5 жылга узартылды. Мунун себебин сиз эмнеге байланыштуу деп айтат элеңиз?

Орозбек Дүйшеев:
- Ар нерсени тарыхый шарт-максатына ылайык караш керек. Европада 200-300 жыл мурун башталган жапайы капитализмди киргизгенбиз. Мунун максаты талап-тоноочулук, бийликке келгендер байышы керек. Өндүрүштү талкаладык. Союз кезинде киши башына эсептей келгенде ички дүң продукт көлөмү боюнча 4-орунда турчубуз. Орусия, Белорусия, анан Балтика боюндагы бир республикадан эле артта болчубуз. Орто-Азияда алдыда элек. 70 жыл ичинде жалпы Союзда өнөр жай 80 эсе, бизде 500 эсе өскөн. Анан бул системадан чыгыш кыйын экен. Эл көтөрүлүп биринчисин кетирди. Кийинки коюлган адам деле анын жолунан чыга алган жок. Талап-тоноочулук кайра күчөдү. Мурун аялы, балдыздары болсо, бул болсо бала-чакасы, урук-тууганы менен бийликке келип элди жүдөтүп бүтүрдү. Элди кыйнагандары ушунчалык чекке жеткен экен, окко карабай бийликти кулатып түшүштү. Убактылуу өкмөттүн чечимдери туура эле болуп жатат. Шарт ушундай. Анан ар түрдүү сөздөр болууда, мыйзамдуу эмес дегендей. 17-марттагы курултайда комитет түзүлүп, ошондо эле башчылыкка Р.Отунбаева шайланган. Эл шайлаган. Анан алар 7 пункттан турган элдин талабын аткарууга убада беришкен. Революция болуп мурдагы комитет эми өкмөт болуп калды. Элдин талабын аткарыш көптөгөн кыйынчылыктарга алып келүүдө. Мурунку бийлик, элди талап-тоноого маш топтор бар. Эми жаңыча система киргизиш керек.

Бийлик кумары чексиз, убакыт аз

- Карыбек мырза, жаңы өкмөттүн башында жарым жыл деген бийлигин бир жарым жылга узартып алышын сиз кандай деп мүнөздөйт элеңиз?

Карыбек Байбосунов:
- Жарым жыл туура коюлган мөөнөт болчу. Р.Отунбаеваны бир жарым жылга президент милдетин аткарууга калтырып, калгандары 6 айдан кийин кете берсе туура болот эле. Бул бийликтин баркын түшүрбөйт болчу. Эми шарт бузулду. Клаузевиц айткандай бийликтин күүсү болот. Ошол күүдөн чыга албай, бийликке келген адамдын өз убагында кете албай калуу коркунучу бар. Кинонун эң кызык жерине келгенде тасма үзүлүп калгандай болбой, бийликти маалында өткөрүп берсе эл дайым колдомок. Азыркы ахывал да башкачараак болмок.

- Орозбек мырза, бийликтен кеткиси келбегендер парламенттин укугун да өздөрүнө алгандыгын айтышууда. Мунун канчалык деңгээлде мыйзамдык негизи бар деп айтса болот?

Орозбек Дүйшеев: - Демократия маселени чогулуп коллегиалдуу чечүүнү түшүндүрөт. Бул жерде президенттик орун гана бир жарым жылга созулуп жатат. Калганы алты ай эле. 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону дагы эртелетебиз деп жатат. Депутаттар шайланып, өкмөт дайындалгандан кийин жалгыз президент эле калат. Анын калышы өзүнчө бир жаңылык. Азыркыдай татаал убакта Р.Отунбаеванын калып калышы туура эле. Бул киши эч кимге тартпайт, аял киши калыс иштеп берет. Бир жарым жыл ичинде ал акыйкаттыкты ишке киргизет деп ойлойм. Бул туура эле иш болду.

- Карыбек мырза, сизге деле ушул эле суроо. Өкмөттөгүлөрдүн парламенттин укуктарын өзүнө ыйгарып алуунун укуктук негизине токтоло кетсеңиз.

Карыбек Байбосунов: - Муну эми эки жактуу караса болот. Биринчиси өтө чукул, курч мезгилде Убактылуу өкмөттүн декрет чыгарып, парламенттин укугун өзүнө алышы 3 айгабы же 6 айгабы өзүн актай турган эле нерсе. Аны андан ары созуп жибериш биртоп шарт бузууларга алып келет. Конституцияга, мыйзамга кайчы келип калат. Анан бул жерде ойлоно турган көп нерселер бар. Аларды козгоп минтсе-тигинтсе болмок деп так кесе айтыш деле туура эмес. Экинчи жагынан булар деле ички уят сезими козголуп, туура мыйзамдуу жолду тандап алат деген үмүтүбүз бар. Азыркы ээлеген ордуларына татыктуу адамдардын келишине шарт түзүп берет го деген менде ишеним бар.

Чубалган талаштардын табышмагы

- Орозбек мырза, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы телефон чырдан чыккан чатакты өздөрү демократиялык көрүнүш катары мүнөздөшүүдө. Сизде андай пикир жокпу?

Орозбек Дүйшеев: - Бизде демократияга, азыркы бийликке каршылар деле көп. Алар телефон сөздөрдү жазып алып чыгарып жатышат. Анын күчөп кетишине азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн да айрымдары себепкер болуп жатышат. Өздөрүнчө чогулуп иштин чоо-жайын жалпы түшүндүрүп койгондо мынчалык уу-дуу болмок эмес. Мен өкмөт мүчөлөрүнүн миллион сомду алыш үчүн телефон менен сүйлөшөрүнө ишенбейм. Булар баарын түшүнө турган балдар.

- Карыбек мырза, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн алдагыдай өсөк сөздүн ээрчий жүрүшү бийликке болгон ишенимди түшүрөрү турулуу иш. Сиз аны эмне деп айтар элеңиз?

Карыбек Байбосунов: - Эл айтып жаткан сөздү козгобой эле коеюн. Менин айтайын дегеним бийликтин атаандаштыктан четте калышы болууда. Атаандаштык болмоюн бийликте демократия болбойт. Ага жетиштин маданияттуу жолуна түшүшүбүз керек. Азыркы Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү бийликти жоготуп алуу коркунучуна кабылышкан. Анан мурунку, азыркы бийлик -баары тең криминал менен киндиктеш болуп кеткени ойлонтчу маселе. Криминалды пайдаланып жатышат. Эски бийликтен келаткан 4 оорубуз бар. Ошондон кутула албай жатабыз. Эң биринчи оору – коррупция. Кайда барбагын коррупция, азыр деле ал улантылууда. Бажы, салык, күч органдарында коррупция жайылып кеткен. Экинчиси – казына уурдоо. Анын айрым элементтери өгүнчөрөктөгү телефон сүйлөшүүдөн байкалды. Кантип миллион доллардын эбин таап оодарып кетүү жөнүндө сөз болуп аткандыгы эл алдында ашкереленип калды. Эми актанып жатышат. Үчүнчү оорубуз – адистик таңкыстык. Кесибин билбегендик. Ошол эле саясат кесибин билбегендик. Адис катары тепкичтен-тепкичке өсүп, узак даярдалбай, көчөдөн келе калып эле министрге дайындалганына таң калат экенсиң чынында. Ишти кандай алып кетип атканын көрүп атпайбызбы. Төртүнчү оорубуз жанатан бери айтып аткан криминал менен коюн-колтук алышып кетүү. Бийликтин терс жолго түшүп, мамлекектибизди зыянга учуратып атышынын бир себеби ушул.

- Орозбек мырза, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жаңы позициясы бийликтен кетпей шайлоого катышуусу өлкөнүн саясий туруктуулугуна таасирин тийгизбейби?

Орозбек Дүйшеев: - Мына Т.Сариев аткарып аткан жумушун тапшыра тургандыгын айтып жатпайбы. Бирок чоң маселелерди кеңешип чечүү үчүн Убактылуу өкмөт мүчөсү катары калат. Булардын аткаруу бийлиги жок. Кетет. Башын канжыгага байлап жүрүп жетишкен соң берген убадасын аткарып, жанагы 14 өкмөт мүчөлөрү депутаттар шайланып келгенге чейин тура турушат. Шайланып келгенден кийин кете беришет. Бул туура эле чечим болду. Мындан кынтык издөөнүн кереги жок. Биз келечекти ойлонушубуз керек. Аракка, акчага алданбай туура шайлоо өткөрсөк келчек үчүн жакшы болот.

- Карыбек мырза, кеп сизде.

Карыбек Байбосунов: - Бул өлкөнүн туруктуулугуна терс таасирин тийгизет. Анан да атаандаштыкты түзбөй, өзүбүз эле болуп калалы деген ички инстинкт бул жерде ойноп жатат. Коркпой-үркпөй эле кызматтарын толугу менен тапшырып барышы керек. Т.Сариев айткан башынан турганбыз, ЧП болуп кетсе эмне болот дегени негизсиз. Биз Р.Отунбаевага кайрылат элек, шайлоого барам дегени кызматын толугу менен өткөрүп депутаттык орунга ат салышсын дейт элек.

- Анда эмесе сөзүбүздү жыйынтыктайлы. Сиздерге чоң ырахмат! Ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!

XS
SM
MD
LG