Бийликтеги тең салмактуулук жана мыйзамдуулуктун туу тутулушу – демократиялык багыттагы коомчулуктун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары саналып келет. Дал ушул багытта бүгүн да эл аралык жыйын өтүп, бийлик өкүлдөрү, жарандык жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү ойлорун ортого салышты.
Жыйын катышуучуларынын кыйласы Кыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган баш мыйзамында демократиялык өнүгүүгө башат болчу жерлери көп болгонун эскерип, кийинчерээк баш мыйзам кайра-кайра оңдоло берип бузулганын баса белгилешти.
Жогорку Кеңештин төрага орун басары Чолпон Баекованын пикиринде, учурда өлкөдө кайсы бир деңгээлде мыйзамдын бийиктиги жана бийликтеги тең салмактуулук сакталган. Бирок чындап бул талаптарга жооп берүү үчүн кыйла убакыт талап кылынат:
“Биздин турмушта болуп аткан кемчиликтерди, коомчулук коюп жаткан ар кандай дооматтарды алып карап көрсөк, жанагыдай максаттарга жетиш үчүн бир топ убакыт талап кылынат. Ал үчүн бардыгыбыз жапа тырмак аракеттенишибиз керек”,- дейт Чолпон Баекова.
Германиянын Кыргызстандагы элчиси Грэн Хольгер болсо өз мамлекетин мисал келтирип, учурунда Германия фашисттик режимдеги мамлекет болгонун, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык коомчулуктун жетеги алдында батыш Германия демократиялык принциптерди кабыл алыганын, кийинчерээк ал принциптер жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түрткү бергенин айтып, Кыргызстанды да мындан үлгү алууга чакырды.
Венеция комиссиясынын Борбор Азия боюнча координатору Сергей Кузнецовдун пикиринде, өлкөдөгү өзгөрүштөрдү, жүргүзүлүп жаткан реформаларды талапка ылайыктуу деп айтуу кыйын.
Мындан мурда 2007-жылы кабыл алынган учурдагы баш мыйзам боюнча Венеция комиссиясы өзүнүн отчетун даярдап, бийликтин бир колго топтолгону сыяктуу маселелер жаатында сын пикирлерин ачык билдирген.
“Менин эсимде калганы, ал отчетто бийликке карата көптөгөн сын-пикирлер айтылган болчу. Аны майдалап айтып отурбайын. Баардык маалыматтарды интернеттен табууга болот”,- дейт Сергей Кузнецов.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Зайнидин Курмановдун айтымында, Кыргызстан 18 жылдан бери батыштын ар кыл системаларын көчүрүп ала бергенден пайда чыкпады. Андыктан элдин, улуттун өзгөчөлүгү эске алынган башкаруу системасына умтулган оң. Азыркы бийлик системасы акырындап ошол тең салмактуу башкаруу системага өтүүгө жол берерине ишендирген депутат, келечекте Кыргызстан “тегерек үстөл же корпорациялык” мүнөздө башкарылышы керектигин айтат:
“Мамлекет корпорация, мамлекет тегерек үстөл. Оюбуз ошондой. Бирок карама-каршы болуп, кайра эле пирамида түрүндөгү башкарууга келип атпайбызбы. Анткени аң-сезимибизде пирамида болуп атат. Баары эле бийликти күчөткүлө, Сталинди кайра алып келгиле деп атышат да”,- дейт Зайнидин Курманов.
Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жыйын учурунда сүйлөгөн бийлик өкүлдөрү асмандан түшө калгандай сөздөрдү сүйлөкөнүн айтып, нааразы болушту. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындай дейт:
“Мен Бектур Зулпиев мырзанын докладын угуп отуруп, мындайча айтканда Кыргызстанга барып жашагым келип кетти. А чынында укуктук талаада чечим кабыл алынбаганын, саясий гана чечимдер кабыл алынып жатканын баарыбыз көрүп турабыз”,- дейт Азиза Абдрасулова.
Эки күндүк бул жыйынды Жогорку Кеңеш, Европа кеңешинин Венеция комиссиясы, ЕККУ, БУУнун өнүктүрүү долбоору жана Европа биримдигинин өкүлчүлүгү уюштурган.