Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

ЕККУ полициясы: чочулоого эмне себеп?


ЕККУ полиция тобунун келишине каршы жыйын
ЕККУ полиция тобунун келишине каршы жыйын

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга келиши чоң саясий талашка айланууда. Ош шаардык кеңешинин депутаттары болсо аларды киргизбөө тууралуу чечим кабыл алды.

Өлкөнүн биртоп жерлеринде нааразылык жыйындары өтүүдө. «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу мына ушул маселеге арналат. Ага парламенттин мурдагы депутаты Бегаалы Наргозуев, «Парламентчилер коррупцияга каршы» долбоорунун жетекчиси Кубан Өмүралиев катышат.

Саясий талаш чыгаруу ышкысы

- Кубан мырза, эларалык полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга келиши чоң саясий талашка айланып кетишинин себебин эмнеге байланыштуу түшүндүрөт элеңиз?

Кубан Өмүралиев:
- Чынында эле бул маселе аябай саясатташып кетти. Жөнөкөй элдин наарызылык билдириши маалымат жетпегендиктен, түшүнбөстүктөн болуп жатат. Ал эми муну билгендер атайылап эле мындан саясат жасап жатышат. Бул маселе бир ай илгери көтөрүлүп, ошол эле Убактылуу өкмөттүн Евроап коопсуздук жана кызматташуу уюумуна кайрылгандан кийинки иш. Мурунку коргоо министри И.Исаков гана каршы экенин кызматтан кетерге чейин эле айткан. Андан башка Убактылуу өкмөттөн буга каршы чыкканы жок. Дүйшөн Чотонов колдоорун айтты, К.Байболов да каршы эмес. Келчү полиция кеңешчилери кандай иштерди жасай тургандыктарын мамлекеттик теле көрсөтүү аркылуу элге жакшылап түшүндүрүп коюшса жакшы болмок. Андай маалымат жок үчүн президент өзү Ошто жаштар менен жолугушуп жатканда түшүндүрбөдүбү. Полиция кеңешчилер тобунун мандаты кандай экенин биле электе мен да каршы чыккам. Ошол ЕККУнун атайын өкүлү катышкан жыйында анымды айткам да. Мына ошол ЕККУ акыркы жылдары Ички иштер министрлигин реформалоого 2-3 миллион доллар сарптады. Бирок жыйынтыгы эмне болду? Көчөгө чыккан 5 – 10 каракчыны тыя албаган бул кандай кызмат? Жаңыдан козголгондо полиция кеңешчилеринин аткара турган иштери башкача айтылып келген. Кийин кеңеш гана бере тургандыгы ачыкка чыккандан кийин ага эмнеге каршы чыкканыбызды мен жакшы түшүнбөйм.

- Бегаалы мырза, бу эларалык полиция кеңешчилер тобу болбосо башка бир маселе ушинтип саясий талашка айланып чыгат беле?

Бегаалы Наргозуев:
- Кечээки апрель, июнь окуяларынан кийин биздин аябай саясатташкан калкыбыз дагы аябай саясатташып кетти. Патриоттук жаштар кыймылына маалымат жакшы жетпей калгандан, ошондой эле жакындап келаткан парламенттик шайлоо алдында бул маселе саясатташып кетти. Анан да биздин коомдо көпчүлүктү орусиячыл багыттагы адамдар түзөт. Алардын көңүлүн алыш үчүн айрым партиялар ушул маселени козголоп жатышат. Түшүнүп-түшүнбөй каршы болгондор көп. Июндагы алааматта сырттан жардам сурасак эч кимиси берген эмес. Ал эми ЕККУнун куралы жок 52 полиция кеңеш бериш үчүн гана келишет. Биздин милиция менен бирге жүрөт экен. Акыркы учурда кыргыздар тууралуу Батышта бир жактуу маалыматтар берилүүдө. Геноцид кылып атат, тигинтип атат, минтип атат, деген маалыматтар көп чыкты. Эгер ЕККУ келсе июнь айындагы окуялар эки тараптуу экенин, окуянын чыныгы себеп-жөнү Батышка биринчи булактар аркылуу жетеби деген үмүт бар. Калыс пикирлер пайда болобу деген ишенич бар. Анан куралсыз 52 кишиден чочулаштын кажаты жок. 52 эмес, 2- 3 миң автоматчан коопсуздук күчтөрү деле туруштук бере албасын апрелде көрдүк го. Анан мен бир нерсени эскерте кетейин. Бул менин жеке көз карашым, ал эми мен кире туран партияда бул маселеге позиция башка, ошону айтып кетейин дегем. Анан партия кандай чечсе ошого баш ийүүгө туура келет. Бирок ал жерде деле өз оюмду айтып, ушул жүйөөнү жактаганга аракет кылам.

Косового окшош жагы жокпу?

- Кубан мырза, жаңжалды Косово кагылышына салыштыруу, ошондон окшоштук издөө тенденциясы да жолугууда. Кечээ болсо президент Р.Отунбаева Кыргызстан Чеченстан кейпин кийип калышы мүмкүн экенин эскертти. Анан эларалык полиция кеңешчилерин киргизбөөнү талап кылгандар мына ушул полиция кеңешчилери да алгач Косового киргизилгенин айтышууда.

Кубан Өмүралиев: - Косового кеңешчилер эмес түз эле күч аскерлери киргизилген. Сербия менен Косовонун ортосунда тынчтык күчтөрү азыркы убакка чейин турат. Африкада да бар. Анан ал жерлерде 50 – 60 аскер эмес, миңдеген аскерлер турат. Башында бизде деле ошондой сөздөр болгон. Орусия, башка эларалык күчтөр келип жаңжалды токтотсо деген өтүнүчтөр айтылган. Азыр эми жаңжалды өзүбүз басууга жетиштик. Анан маалымат тирешинен биз уттуруп койдук. Маалымат таратуу, жеткирүү жагынан алсыз болуп калганыбыздан кыргызды туура эмес көрсөтүп койгону бизге катуу тийип жатат. ЕККУга 56 өлкө мүчө. Булар да оңой эмес. Алардан өкүлдөр келип ошолор аркылуу туура маалымат жетсе деген тилек бар. Анан эларалык полиция кеңешчилери ички иштер кызматкерлери, жакындарын жоготкон, жабыр тарткандар ортосунда жүрсө бир жагынан иштин калыс териштирилишине, экинчи жагынан ошол эле коопсуздук кызматтарынын техникалык жагынан жабдылышына көмөгү тиймек. Бизде жадесе түнкүсүн көрө турган колчырактарыбыз да жок экен. Кеңешчилердин артынан жардамдар келерин да унутпасак.

- Эларалык полиция кеңешчилери келе турган болсо Кыргызстандын коопсуздук кызматына техникалык жардам көбөйөр беле? Бегаалы мырза, сиз ушуга ишенесизби?

Бегаалы Наргозуев: - Мен ойлойм, ал күчтөрдүн бул жакка келишинин негизги максаты деле ошол болушу мүмкүн. Техникалык жардамды жеринен аныктап, тактап берүү. Жаңжал болгон жерде куралын көтөрүп келбегени менен алар жаңжалды басууга эмнелер керектигин адис катары жакшы билишет. Алар уюмга сунуштарын жөнөтүп, кандай техникалык жардам керектигин билдиришет болуш керек, деген пикирдемин. Маалымат урушунда алар биздин таламыбызды талашпаганы менен, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн биринчи маалымат булагы болуп беришет. Ал эми маалымат жагынан биз өзүбүзчө чоң саясат жүргүзүшүбүз зарыл деп ойлойм. Аны жасабасак биз тууралуу жаман пикир көпкө чейин кала берет.

Ачык эшиктен башкалар баш бакпайбы?

- Кубан мырза, мына ушул полиция кеңешчилер тобунун артынан дагы бир сырткы күчтөр кирип калышы мүмкүн, деген кабатыр ойлор айтылууда. Антишке негиз барбы?

Кубан Өмүралиев: - Кырдаал күчөп кетсе ошентип айтышка негиз болор эле. Эларалык полиция тобу кеңешчи катары гана келсе андан Кыргызстан эч зыян тартпайт, деп ойлойм. Эгер сырттан күч органдары келсе мен каршы болмокмун. Биздин күч органдарында азыркыдай оор кырдаалда кантип иштөө тажрыйбасы жетишсиз болууда. Аларга кеп-кеңеш бериштин пайдадан башка зыяны жок. Ансыз деле бизде четтен келген 50 эмес, 500дөй кеңешчи, көмөкчүлөр жүрөт. Анан биз эларалык мамиле жасаганыбыз үчүн, эларалык уюмдарга мүчө болгондугубуз үчүн гуманитардык жардамдар келди. Мына, донорлор Кыргызстан экономикасын калыбына келтирүүгө 1,1 миллиард доллар жардам акча бөлүүгө макул болду. Мындай каражат жөн эле, өзүнөн-өзү келе бербейт. Мындан биз пайда гана көрөбүз. Анан мунун артынан дагы сырткы күчтөр келет дегенге биздин эл жол бербейт. Мына, октябрда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Полициянын мандаты жыл аягына чейин гана. Жаңы парламент түзүлүп, өкмөт ишке киришип калса “кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, маселени алар өздөрү чечишет. Артынан дагы чоң күч келбейт.

- Бегаалы мырза, ушуну менен эле сырттан кийлигишүү токтолуп калабы, башка күчтөр келбейби?

Бегаалы Наргозуев: - Кечээ мага айылдан акскалдар телефон чалышып, ЕККУ эмес, Америка аскерлерин киргизгени жатыптыр, ошону айтпайсыңарбы, токтопойсуңарбы, дешет. Баары маалыматтын жетишсиздигинен чыгууда. Кандуу жаңжал күчөп турганда биз каяктан гана жардам сурабадык. Жанталашып чуркап келгендер болгон жок. Ири державалар улуттук кызыкчылыгы болбосо өз аскерлерин бөөдө кырсыкка жөн эле жөнөтө беришпестиги көрүнүп калды го. Эми кырдаал оңуна кетишин гана тилеп туралы. Мына, Орусиянын десантчыларынын жетекчиси В.Шаманов атайын аскерлерин Кыргызстанда шайлоо өткөнчө кармап турушарын билдирди. Кырдаал колдон чыгып, өзүбүз эле суранбасак бизге чуркап келейин дегендер деле жок экен. 52 полиция артынан дагы башка күчтөрдү ээрчитип келет, деп кабатыр болушка негиз жок.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак! Мырзалар, ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!

XS
SM
MD
LG