Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Эл аралык полицияга каршылар бар, макулдар да жок эмес


Жогорку Кеңештин алдындагы акциядан бир көрүнүш.
Жогорку Кеңештин алдындагы акциядан бир көрүнүш.

Жогорку Кеңештин имараттынын алдында Кыргызстандын түштүк аймагына Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун эл аралык полиция кеңешчилерин киргизүүгө каршы коомдук уюмдардын жана жаштар бирикмелеринин нааразылык акциясы өттү.

Митингчилер менен Ички иштер министрлигинин жана ЕККУнун өкүлдөрү жолугушуп, маселени кайра карап чыгууга төрт күн убакыт берилди. Ички иштер министрлиги бул каршылык акциясын шайлоонун алдындагы айрым саясий күчтөрдүн саясий чайкоочулугу катары баалады.

Колдоруна “Биз Косово сценарийине каршыбыз”, “Жаштар эл аралык полиция күчтөрүнүн киришине жол бербейт”, “Мамлекеттин бүтүндүгү баарынан кымбат” деген жазуулары бар ураандарды көтөргөн жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилерин киргизүү боюнча чечимин айыптап чыгышты.

Митингдин демилгечилеринин бири Мавлян Аскарбеков эл аралык полиция тобунун Ош, Жалал-Абад шаарларына киргизилиши чагымчылдыктын жаңы толкунуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт:

- Югославиядагы Косово, Босния, Хорватия анан Сомалиге окшогон мамлекеттерге деле ушундай эле түрдө барышкан. Он киши, жыйырма киши байкоочу катары барышат анан айтышат “ой, бул кыргыз менен өзбек чогуу жашай алышпайт турбайбы, 67-жылы өз ара жаңжалдашыптыр, токсонунчу жылы да болгон, мына эми 2010-жылы дагы кайталанып жатат, уруш токточудай эмес, өз ара бөлүштүрүп автономия кылып бербесек болбойт” деп кыйкырып чыгышат. Отчетту жазышат. Мындай сценарий тарыхта болгон да. Ал ачыктан-ачык эле көрүнүп турбайбы. Мына Косовонун аягы дагы деле бүтө элек.

Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучулары ЕККУнун эл аралык полициясынын элеси түшүрүлгөн келбетти эски аянтта өрттөштү. Муну менен митингчилер эл аралык уюмдар Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүн токтотушу керек жана түздөн-түз басым көрсөтүүгө акысы жок деген талаптарын коюшту.

Жаш саясатчылардын бири Ыргал Кадыралиева нааразылык акциясында койулган талап аткарылбай турган болсо кескин чараларга чейин барууга даяр экендиктерин белгиледи:

- Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз. Эгерде биздин бүгүнкү нааразылык акциябызга бийликтен жана ЕККУ тарабынан эч кандай жакшы чечим болбой турган болсо, биздин мындан башка кескин чараларга жана өзгөчө кадамдарга барарыбыз күтүлөт. Бүгүнкү митингдин аягында мындан аркы көрүлө турган чаралардын мерчемдери жана кандай жерлерде өткөрүлө тургандыгын аныктап, тактап талкууга алып белгилейбиз.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилерин киргизүү чечими сырттан таңууланбаганын жана бул маселе кыргыз бийлигинин өтүнүчү экендигин эскертти.

ИИМдин илимий изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыров эл аралык полициянын тобунун киргизилиши иликтөө иштерине болгон ишенимди калыптандыруу үчүн зарыл экендигин айтты.

- Ачыгын айтканда Ош жергесинде калктын бир тобу жергиликтүү милицияга "бир жактуу гана тергөө болуп жатат" деп ишенбей жатат. Мына ошондуктан да ошол обочолонуп турган калктын арасында ишеним пайда болушу үчүн ушул аракеттер жүргүзүлө баштады. Себеби бул полиция тобунун мандатында ортомчу катары тиги жакка да тартпай, бул жакка да тартпай калыс түрдө иштерди көзөмөлдөп, жергиликтүү укук коргоо органдарына кеңеш берүү аркылуу жардам беришет деп жазылды.

ЕККУнун Бишкектеги бюросунун жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү эл аралык полиция тобунун киргизилишине каршы митингге чыккан жаштардын лидерлери менен жолугушту. Анда тараптар талашып-тартышып бир пикирге келише алган жок.

Нааразылык акциясынын демилгечилери бийликке 29-июлга чейин ЕККУнун туруктуу кеңешинин чечиминен баш тартуу талабын коюшту. Мындай кыстоону Шамшыбек Мамыров көмүскөдө туруп алып, жаштарды күш-күштөгөн саясий күчтөрдүн шайлоо алдындагы чайкоочулугу катары баалады.

- Албетте мында айрым бир саясий күчтөр аралашып жатышат. Так маалыматтарыбыз бар. Керек болсо кээ бир мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген кишилер өздөрү президент Отунбаеванын чечимине каршы болуп жатса, башка эмнени айтабыз? Мисалы, президенттин кеңешчиси Черноморец деген адам кечээ Оштон сыналгыдан чыгып алып, мен буга каршымын деп жатат. Бул адам президенттин командасында иштейби же башка жактабы түшүнбөй калдым. Же баягы кыргызда кой терисин жамынган карышкыр дегендей болуп жатабы. Ички иштер министрлиги - биз деле мекендин кызыкчылыгын ойлоп жатабыз. Бирок тиги маселе мамлекет үчүн зарыл болуп жатпайбы.

Күндүн экинчи жарымында эл аралык полиция кеңешчилерин киргизүү чечимине каршы чыгышкан нааразылык акциясынын айрым өкүлдөрүн президент Отунбаева кабыл алып, сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду. Бирок демилгечи топтун өкүлү Мавлян Аскарбеков сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин белгиледи.

Анткен менен коомчулукта эл аралык полиция тобунун киргизилишин кубаттагандар да аз эмес. Жаңыдан түзүлгөн “Кыргыз” улуттук кыймылы окуяны калыс жана акыйкат иликтөө кырдаалдын турукташын камсыздайт деп эсептейт. Ошондой эле бул кыймыл коогалаңды баштап, улуттук жикчилдикти көздөгөн деп шектелип келген экс-депутаттар Кадыржан Батыровдун жана Инамжан Абдрасуловдун аракеттерине баа берилбей жаткандыгын айыптаган билдирүү таратты. Аталган кыймылдын теңтөрагасы Марат Жуманазаров алдын ала даярдалган куралдуу жикчил топтор азыркы күнгө чейин кармалбастан жортуп жүрүшкөндүгүнө токтолду:

- "Силер бийликтен талап кылбайсыңарбы, алар жашырынып жатышкан жайларды тазалашсын, биз деле тынчтыкта жашагыбыз келет" деп айрым тааныш өзбек туугандар өздөрү бизге чалып жатышат. Алар "жаныбызда ушундай куралчан адамдар жашырынып жүрүшөт, ачык чыксак бизди чыккынчы деп өлтүрүп коюшат" деп коркуп жатышат. "Ушуларды тазаласа биз да тынч оокат кылат элек, алардын айынан бүтүндөй карапайым өзбек калкы жапа чегип жатабыз" деп кыйналгандарын даттанып жатышат. Бул жерде мыкаачылардын колунан кыргыздар гана эмес, жикчилдердин көзөмөлүндө эрксиз жашап турушкан өзбектер да жапа чегишүүдө.

Буга чейин Ош шаарынын ичиндеги жана анын айланасындагы конуштарда күч органдары жарым-жартылай тазалоо операцияларын жүргүзүшкөн. Бирок анда өзбек тектүү калктын арасында нааразычылык күчөп жатат деген эл аралык укук коргоо уюмдарынын дооматынан кийин тазалоо операциялары токтоп калган.

ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG