Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

М. Айдаркулов: Интернетке жүгөн салбайбыз


“АКИпресс” агенттиги Кыргызстанда Интернетти маалымат каражаттарына теңештирүүнү көздөгөн мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын маалымдады. Буга байланыштуу “Азаттык” Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы Мелис Айдаркуловго бир катар суроолор менен кайрылды.

- АКИ-пресс маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелип жатат. Маданият министрлигинде негизги көңүл интернетти маалымат каражаттарына теңештирүү жөнүңдөгү маселе көтөрүлөт деп атат?

- Биринчиден, министрликте эч кандай жаңы мыйзамдын долбоору жок, иштелген эмес. Мурдагы 1992-жылы кабыл алынган "Малымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өзүбүз пландаганбыз, бир жыл мурда башталган ишибиз. Анткени журналисттерден, редакцияларда иштеген, айрыкча басылма гезиттердин кызматкерлеринен өзгөртүүлөрдү, анча-мынча толуктоолорду киргизсек болот эле дегендей сунуштар келип түшкөн бизге.

Бизге түшкөн сунуштарды эске алып министрликтин алдында мындан эки ай мурда жумушчу топ түзгөнбүз. Ошол жумушчу топтун мүчөлөрүнө мурда келип түшкөн сунуштарды, ойлорду, пикирлерди жөнөткөнбүз, ушуларды карап, талдап көрсөңөр, анан өзүңөрдүн дагы сунушңуздарды берсеңер, анан биз ошол сунуштарды чогулталы дагы күз айларында сентябрь болобу, октябрь болобу чогулуп биз айткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү документти жаратсакпы деген ой болгон.

Бүгүнкү АКИ-пресске чыккан маалыматта аларга жөнөткөн сунуштарды, Миясаров биз менен такай кызматташып жүргөн адам, туура эмес түшүнүп калгандай. Биз ал кишиге да эскерткенбиз, бул мурда келип түшкөн сунуштар эч кандай долбоор эмес, ушул сунуштарды дагы анализдеп көрсөңөр деген сунуш менен бергенбиз. Ал киши жаңы мыйзамдын долбоору деп ал жерге өзүнүн комментарийин, баяндамасын бериптир.

- Негизи веб ресурстарды маалымат каражаттарынын катарына теңештирүү деген маселе кандайдыр бир деңгээлде каралып атабы сиздерде?

- Эч кандай каралган эмес. Эсиңиздерде болсо Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров бул маселени бир нече жолу көтөрүп чыгып мунун тегерегинде талкуулар болгон, ар кандай пикирлер айтылган, көбүнчө каршы пикирлер айтылган. Биздин министрликтин позициясы дагы бул маселеде дүйнөлүк практиканы, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алалы, ошого жараша интернеттеги веб ресурсттарды чүлүктөп жетелеп алыш такыр эле мүмкүн эмес. Интернет дегендин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан бул маселе өтө кылдат, эң негизгиси биз кандай гана мыйзам болбосун долбоор иштеп чыгаарда биз ММКлардын ишин башынан аягына чейин көзөмөлдөп, ошону жетелеп алышты максат кылбайбыз эч убакта.

Биздин министрликтин максаты, милдети тескерисинче ММКлардын өнүгүшүнө, эркин иштешине шарт түзүү, ушуга багытталган биздин бүт аракеттерибиз. Анан кийин веб- ресурсттардын баардыгын ММКларга теңеп коюу биздин позиция эмес. Ушундай сунуштар мурдатан эле айтылып, талкууланып келатат. Бу профессионалдуу кесипкөй адамдардын арасында талкууланып аткан маселелердин бири.

- Мелис мырза, мен Сорос фондунун дагы бир отчетуна тушугуп калдым ушул маселени карап атып. Ал жерде да айтып атат Маданият жана маалымат министрлиги маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү долбоордун болжолдуу вариантын сунуш кылды деп жазып атат?


- Ал дагы туура эмес, долбоор жок азырынча. Биз азыр сунуштарды чогултуп атабыз, ошол сунуштарды жумушчу топтун мүчөлөрүнө гана жөнөткөнбүз. Ал жумушчу топтко кесипкөй журналисттерден башка өкмөттүк эмес уюмдардан да кирет, Миясаров да кирет, фонд Соростон, Интерньюстан, Медиа өкүлчүлүктөн бар.

- Жакында өзүңүз билесиз да Казакстанда ушундай өңүттө мыйзам кабыл алынадыбы интернет боюнча?

- Казакстан ошентти деп эле туурай бербешибиз керек. Ар бир мамлекеттин өзүнүн ички иши, саясаты болот дегендей. Бизде бул маселени талкуулап, салмактап көрүп, анан бир чечимге келиш керек.

XS
SM
MD
LG