Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Интернет аталыштар көп тилде чыга баштайт


Эмдиги жумадан тарта дүйнө жүзүндөгү Интернет кардарлары өз эне тилинде жазылган домендик аталыштарды учурата баштайт. Дүйнөлүк маалымат желесинде бул чоң төңкөрүшкө барабар окуя.

7 жылга созулган узак сүйлөшүүлөрдөн кийин ICANN, же Интернеттеги аталыштар жана сандарды тескеген корпорация 30-октябрда ар башка арипте терилген аталыштарды колдонууга уруксат берген чечимди колдоп добуш берген.

Интернетке ар дайым, же анда-санда кирип жүрсөңүз, андагы бардык сайттардын, же баракчалардын аталышынын аягында kg, же ru, же com жана башка бир сөзсүз коштоп жургон куйругу бар экенин байкагандырсыз. Мисалы, Орусиялык сайттардын баары ru деп аяктаса, Түркмөнстанга тиешеси барлар tm деп аяктайт. Ушундай аталыштарды тескеп-бекитүү иштерин ICANN көзөмөлдөйт. Ал эми домендик аталыштар өзү өлкөдөгү интернет тескөөчү орган тарабынан башкарылып тейленет.

Азыр эми жаңы эрежелер ишке кириши менен, кытайча, арапча, жапончо, же башка тамгалар менен терилген домендик аталыштардын эң популярдууларын кибер-басмачылар ээлеп алып, кийинчерээк аларды мыйзамдуу кожоюндарына далай акчага сата баштайт деп чочулашат эксперттер. Ушу тапта интернетте ар түрдүү программаларды ойлоп-табуу менен алектенген, бирок көбүн эсе мыйзамсыз акча табууга шугулданган эргулдар миңдеп саналат.

Лондондук интернет технологиялары боюнча адис Питер Вуд латын тамгалары менен терилбеген домендик аталыштарга жол ачылышы менен кибер-басмачылар үчүн жаңы мүмкүндүктөр пайда болгонун айтат:

- Мисалы, кириллицада терилген домендик аталыштар башка баада болуп, бирок мурдагы эле аталыш бойдон кала берет. Кылмыштуу ойлору бар адамдар, мисалы англисче, example.сом деген домендик аталышты кириллицада экзампл.ком (икзампл.ком дегендин ордуна) деп бир эле тамганы өзгөртүп жазып, бирок бул туура деп таңуулашы мүмкүн.

Вуд ушундай иштерге кызыккан шылуундар, маселен, кайсы бир финансылык интернет-сайттын англисче аталышын орусча ката кетирип терип, анан ушул дал мурдагы сайттын өзү деп кардарлардын башын айландырышы мүмкүн деп эскертет.

Орусиялык Компьютер маалыматтары борбору, же кыскача Ру-борбор деп аталган мекеменин өкүлү Андрей Воробьев ушу тапта ru доменинде 2 жарым миллиондон ашуун түрдүү сайттар, же баракчалар катталганын айтат. Кириллицада терилген сайт аталыштарын 25-ноябрдан тарта каттай баштайбыз, дейт ал.

Орусия, Жапония, Кытайда интернет мейкиндигин тейлеп тескөө жетиштүү деңгээлде жолго коюлгандыктан, аларда жаңы эрежелер көп деле кымгуут жаратпашы ыктымал. Ал эми Түркмөнстан өңдүү интернетти катуу чектеген өлкөлөрдүн кардарлары далай кыйынчылыктарга туш болчудай. Өлкөдөгү катуу тоскоолдуктардан пайдаланып, андагы домендик аталыштардын баасы асмандап кеткен, tm деп аяктаган интернет аталышты каттатыш үчүн 10 жылдык бааны дароо төлөп беришиң керек, ал 1300 АКШ долларына барабар. АКШда маселен, интернет баракча ачкыңыз келсе, 10 доллар төлөп, бир нече мүнөт ичинде каттатып, ишти баштай берсеңиз болот.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG