Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Алайлыктар аскер сотуна нааразы


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу өкүм күчүндө калтырылышына нааразы болгон оппозициячыл саясатчынын алайлык жердештери жөө жана атчан жүрүшкө, ошондой эле Ош - Эркеч-Там автожолун тосууга камданууда.

Республикалык аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду сегиз жылга кесип, генерал-лейтенант чининен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтыргандыгы оппозициячыл саясатчынын жердештеринин нааразычылыгын жаратты.

- Жалпы Алай эли сотторго наалат айтабыз!

- Сотторго – наалат!

- Бийлик кетсин!

- Исаков токтоосуз бошотулсун!

- Мындан ары мыйзам бузууга барабыз!

Бир нече күндөн бери Алай райондук акимчилигинин алдында пикетте турушкан Исмаил Исаковдун эки жүзгө чукул таламдашы ушинтип тарашты.

Аймактагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров мындан ары сотторго таптакыр ишенбей калгандыгын билдирди:

- Бул өкүмдү биз аябай жаман кабыл алдык. Бул ирет республикалык аскер сотунда акыйкаттык болоор деп күтүп жаттык эле. Тилекке каршы, ал үмүтүбүз талкаланды. Мурдагы биринчи президентибиз Аскар Акаев «Эл сотторго сексен пайыз ишенбейт!» деген болчу. Азыр биз жүз пайыз ишенбейт деген бүтүмгө токтолдук. Биздин соттордо калыстык деген калбаптыр. Бизде мыйзам өзү жок экен. Исаковду коргоо комитети эми терең ойлонуп туруп чечкиндүү кадамдарды жасамакчыбыз.

Таалай Зикиров жердештери учурда жөө жана атчан жүрүшкө даярданып жаткандыгын кошумчалады.

Ошол эле мезгилде акциянын такай катышуучусу Клара Ибраимова элдин пикири менен эсептешпегендиги үчүн бийликти кескин айыптады:

- Элим-жерим деп күйүп аткан таза кандуу Алай элинин чыгаан уулун ак жеринен камап койгонуна эл ушунчалык нааразы. Себеби Исмаил Исаковдун аракетинде кылдай күнөө жок. Бул бийлик амалдын баарын монополдоштуруп алды. Эми үй-бүлөлүк режимди жанташалып чыңдап атат. Конституцияга колун коюп Бакиевдин берген анты кана? Ант бузаар Бакиев! Бийлик антын буздубу, демек, биз дагы мыйзам бузабыз! Биз өлүмгө чейин барсак дагы Исаковду коргоп алабыз. Ошко, Бишкекке дейре барабыз. Кандай болгон күндө да генерал акталып, бошотулсун!

Ал эми Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев жердештери жакынкы күндөрдө массалык баш ийбөө чараларын уюштурушаарын ачыктады:

- Карагылачы, катарыбыз күн санап көбөйүп баратат. Мына, биз чакырбаган адамдар келип атышат. Айыл-кыштактардан лидерлери чалып жатышат. Элдин кыжыры кайнап бүттү. Алар мындан ары бардык кадамдарга барат деп ишенем. Биринчиси, акимдин имаратын басып алышы ыктымал. Экинчиси, мынабул Ош - Эркеч-Там жолун тособуз. ОМОНдор келсе, кагылышабыз, кармашабыз! Бизде башка арга калбады. Үч айлап күндө митинг жасап, талап коюп келатабыз. Бийлик тараптан эч кандай реакция жок. «Элге зордук-зомбулук көрсөткөн Бакиев баштаган бийлик кетсин!» деген талабыбыз дале күчүндө кала бермекчи.

Айтпай Жээналиев маалымдашынча, алардын демилгесин башка район-шаарлардын тургундары да кубаттап жатышат.

Ошентсе да, Алай районунун акими Алмазбек Осмонов акциянын катышуучулары менен бир нече ирет жолугушкандыгын баса белгилеп, алардын ар бир мыйзамсыз аракети жазаланаарын эскертти.

- Элдин талабы тиешелүү жактарга убагында жеткирилген. Бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел. Аткаруу бийлигинин өкүлү катары биздин соттордун ишине кийлигишкенге эч кандай укугубуз жок, - деди аким Алмазбек Осмонов.

XS
SM
MD
LG