Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Исмаил Исаков: "Манас" аскер базасы, албетте, калат


Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун баамында, АКШнын “Манастагы” аскер базасы чыкпайт. Анткени Ооганстанда кырдаал оңолмоюнча бул базадагы антитеррордук күчтөр керек. Аны чыгарып жиберсе Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында аброюн жоготот. Ал эми Канттагы Жамааттык коопсуздук уюмунун аскер базасынын мөөнөтү 15 жыл болуп чечилген. Азыр анын мөөнөтүн дагы узартуу жөнүндө маселе Бишкектин бийлигинин Москвага ашыкча жагынуу аракетинен чыккан маселе.

- Канттагы аскер базасынын Кыргызстанда туруу мөөнөтүнүн узартуу жөнүндө маселе козгоонун азыр зарылдыгы барбы?

- Бүгүнкү күндө маселенин андай коюлушу туура эмес. Анткени анын мөөнөтү он беш жылга узартылган. Экинчиден, ал Жамааттык коопсуздук уюмундагы куралдуу күчтөрдүн бири болуп эсептелинет.

- Канттагы аскер базасын кармап туруунун Кыргызстан үчүн кызыкчылыгы эмнеде, материалдык кызыкчылыкпы же коопсуздукту сактоо биринчи орундабы?

- Бул жерде материалдык кызыкчылык жөнүндө эч сөз жок. Анткени Кыргызстан жыл сайын 13-14 миллион сом зыянга учурайбыз. Себеп дегенде телефон кызматын, электр жарыгын, отун-суусун биз төлөйбүз. Булар жылдан жылга көп имараттарды салып, чыгымдарын көбөйтүп атпайбы.

Менин учурумда сүйлөшө баштадык элек, бир цифраны коелук, ошонун чегинен чыкпайлык, ашканын өзүңөр төлөйсүңөр деп. Себеп дегенде бекер болгондо чеги жок кете берет да чыгымдын көлөмү.

Ал эми коопсуздук жагынан, албетте, мааниси чоң. Себеп дегенде, Жамааттык коопсуздук уюмундагы куралдуу күчтөрдүн бири катары эсептелгендиктен, Кыргызстандын коопсуздугун сактоодо анын өзүнүн орду бар.

Ошондуктан эки тарап менен тең эсептешүү керек. Кандай болбосун орус тарап кыргыз тарап көтөрүп аткан чыгымдардын баарын төлөп берсе жакшы эле болот эле.

- “Манас” аба майданынан америкалык аскер базасын чыгаруу маселеси талкууланып жатканда Канттагы аскер базасынан түшкөн материалдык пайда көбүрөөк деген маалымат чыкты эле. Демек анын чындыгы жок экен да?

- Экөөн салыштырганда туура болбой калат. Экөөнүн максаты эки башка. “Манастагы” аскер базасы Кыргызстандын эл аралык антитеррордук коалицияга кошкон салымы болуп эсептелинет. Ал жерден Кыргызстан экономикалык жактан көп эле пайда таап атат. Муну да эске алыш керек.

Коалициялык бириккен күчтөр турган база Орто Азияда чоң өлкөлөрдүн саясатын тең салмакта кармап келатат. Ал эми Канттагы база Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн аскер күчтөрүнүн бир бөлүгү.

- Эгерде Канттагы аскер базасынын мөөнөтү узартыла турган болсо, анда ага кеткен чыгымдардын башын ачып тактап алуу зарыл болуп калат го?

- Албетте, базар экономикасынын шартында Орусия экономикасы көтөрүлүп келаткан бай өлкө катары базанын чыгымын өзү көтөргөнү туура болот. Экинчиден, келишимде жазылган, ал жердеги база биздин учкучтарды окутуп, машыктырып даярдап, самолетторубузду оңдоп берет деп. Мына ушул талаптар эч иштеген эмес болчу.

Мен министр болуп турганда Орусиянын министри менен сүйлөшүп, талаптарды бекем коюп, бир катар алга жылган учурлар болгон эле. Эми азыр эмне болуп атканын билбеймин. Угушумда биз тарапта армияны кыскартып атышат, учкучтар кетип атышыптыр.

- Эми ушул базанын туруу мөөнөтүн 49 жылга узартуу маселесин алып чыгуунун эмне зарылдыгы бар деп ойлойсуз?

- Себеби бир гана нерсе - Кыргызстан бүгүн Россияга жагыныш керек. Чоң-чоң акчаларды алып келиш керек, өзүнүн адилетсиз бийлигин улантыш керек.

- “Манас” аскер базасын чыгаруу чечими кабыл алынган. Бирок анын чыгып кетерине ишенгендер аз. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- “Манас” аскер базасы, албетте, калат. Себеби дегенде аны чыгарганда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында, өнүккөн өлкөлөрдүн алдында аброюн түшүрүп, тышкы саясаты туура эмес болгонун далилдеп берет да.

Ошондуктан булар бир шылтоо табат дагы бул база калат. Ооганстанда абал оңолмоюнча бул база керектигин баары эле түшүнүп турат. Өнүгөм десең өнүккөн өлкөлөр менен дос болуш керек.

XS
SM
MD
LG