Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

И.Айдаралиев: Бакиевдин кемчилигин бир да министр ачык айта алчу эмес


Мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев 7-апрель күнү Таластагы митингде биринчилерден болуп эл тарапка өткөнүн жарыялаган. Экс-министр учурдагы кырдаал тууралуу “Азаттыкка” маек куруп, Курманбек Бакиевдин чет жерде жүрүп жасаган билдирүүлөрүн сынга алды.

- 21-апрелде Курманбек Бакиевдин Минск шаарында жасаган билдирүүсүн кандай баалайсыз?

- Мен ачык айтып коюшум керек, Курманбек Салиевичти үч мамлекеттин президенттери сүйлөшүп, алып чыгып кетишкен. Ошондо "президенттиктен кеттим" деп арызын жазган. Эми маселелер чечилгенден кийин "президенттикти бербейм" деп чыкканы туура эмес. Бул менин жарандык пикирим.

Азыр убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк керек, себеби азыр биздин өлкөдө кооптуу жагдай пайда болду. Азыр ар бир кыргыз жараны мамлекетти сактап калууга салым кошуш керек. Ушундай кырдаалда президенттин жанагыдай аракеттери туура эмес.
Тарифтер же башка маселе тууралуу бир да өкмөт мүчөсү президентке ачык айтчу эмес.


- Азыр Бишкектин айланасы да тынч эмес, Жалал-Абадда да кырдаал татаал десек болот. Убактылуу өкмөт бул кырдаалдан кантип чыгышы керек?

- Убактылуу өкмөт мыйзам чегинде бардык чараларды колдонушу керек. Демократиянын да чеги бар. Мыйзамды, стабилдүүлүктү бузуп жаткандар бүт кыргыз элинин алдында жооп бериши керек. Өкмөт да чечкиндүү кадамдарды жасабаса, бизде эч качан стабилдүүлүк орнобойт.

- 7-апрелде Таластагы митингде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен жүргөнүңүздү көргөн элем. Таласка кимдин тапшырмасы менен, кандай максатта барган элеңиз?

- Эч кандай тапшырма болгон эмес. Мен андан эки күн мурун иш сапар менен баргам. Жазгы талаа иштери боюнча дыйкандар менен жолугушуп, семинарларды өткөрүп жүрүп, 6-апрелдеги окуяга кабылып калдым. Конгантиевге ошол жактан жолуктум. Эл облустук ички иштер бөлүмүнө карай агылганда Конгантиев "элге ок атпаш керек, болгону курал жаракты сактап калыш керек" деп айтты. Ок аттырбай карап турганына мен өзүм күбө болдум.

-Ички иштер министри ошол кеңседен чыгып кетүүгө аракет кылдыбы?

- Аракет болгон жок. Элдин саны өтө көбөйүп кеткенде ал "элге туура түшүндүрөлү, ок атпай чыгып кетели" деди. Мен Конгантиевдин элге, журтка күйгөн, патриот жигит экенин ачык айтып коюшум керек, себеби мен ага өзүм күбө болдум.
Мыйзамды, стабилдүүлүктү бузуп жаткандар бүт кыргыз элинин алдында жооп бериши керек.


- Сиз министр болуп турганда Бакиевдин кемчиликтерин, маселен үй-бүлөлүк башкаруу, соңку кымбаттоолор боюнча президентке ачык айткан министрлер бар беле?

- Кемчиликти ачык айткандар болгон эмес. Анткени премьер-министр маалымат каражаттары аркылуу кандай иш жүргүзүп жатканын көрүп аттыңар. Тарифтер же башка маселе тууралуу бир да өкмөт мүчөсү президентке ачык айтчу эмес.

- Азыр эмне менен алек болуп жатасыз? Саясий ишмердүүлүгүңүз эми кандай болот?

-Мен азыр эс алып атам. Турмуш көрсөтөт. Кыргыз элине кайрылат элем, өлкөбүздө стабилдүүлүктү сактап, убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек. Азыркы бийликке келгендер канча жыл оппозицияда жүрдү. Менимче, оппозицияда жүргөндөрдүн конкреттүү программасы болуш керек. Эгерде элди программасы менен ынандырып, иштеп кете алса, калкыбыз сокур эмес, аларды колдоп кетет.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG