Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

И.Исаков: Эл үчүн керек болсо жаныңарды бергиле


Kоргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков
Kоргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков

7-апрелде түштөн кийинки Кыргызстандын расмий бийлигиндеги өзгөрүүлөргө ылайык генерал Исмаил Исаков коргоо министринин милдетин аткарууга киришти. Түрмөдөн чыгаар алдында Исмаил Исаков “Азаттыкка” телефон аркылуу кыска маек куруп берди.

- Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында дагы эле атышуулар, жардыруунун үнү угулуп жатат. Ошол жерде аскердик чоң техниканы да адамдар айдап жүрүшкөнүн өзүм көрдүм. Ушундай кырдаалда Кыргызстандын аскерий коргонуу жөндөмдүүлүгүн ким көзөмөлгө алат жана кайсы багытта пайдалануу керек?

- Ушул шартта ошол аянт жөнүндө айтсак, албетте, көтөрүлгөн эл ошондой техникалык жардамга муктаж. Себеби дегенде, ак үйдөгүлөр өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн элди тебелеп-тепсеп, ок чыгарып, мына адамдарды атып жатышат. Ошолорго эл тарабынан адекваттуу кадам жасап коюу керек да. Ошол максатта аскердик техниканы бийлик тарапты каратып буруп коюу керек.

- Мына ошол атайын аскердик техниканы карапайым эле жарандар башкарып жатат. Бул канчалык деңгээлде мыйзамга туура келет?

- Албетте, бүгүнкү күндө ушундай революциялык кыймыл болуп жаткандан кийин мыйзамга булардын баары туура келбейт. Бирок ошол мыйзамга туура келбеген кадамды бийлик өзү биринчи жасап жатпайбы. Анан айласы кеткен эл ушундай кадамга кетип жатат. Мына өзүңөр көрүп жатасыңар, жөнөкөй турган, куралы жок , ал тургай колунда ташы жок адамдарды булар жанагы кийиктерди, чымчыкты аткандай атып жатышпайбы.

- Бишкектин өзүндө, тегерегинде аскердик-коргонуу техникасы, коргонуу ресурстары сакталган жайлар бар да. Азыр ошолор башка бирөөлөрдүн колуна өтүп, башка кызыкчылыктарга пайдаланылып кетпейби?

- Менин оюмча ошол жердин командирлери, жетекчилери андайга жол бербейт. Биз чыксак ошолордун бардыгын туура нукка салганга толук мүмкүнчүлүк болуп калат.

- Кыргызстандагы элдин, өлкөнүн коопсуздугун канча убакытта жөнгө салса болот?

- Бүгүнкү күндө жалпы коопсуздук сакталбай жатат дегенге негиз жок. Себеби дегенде, элдик бийлик ар бир жерде орнотулду. Чек арачылар чек араны кайтарып, өз милдеттерин так аткарып турат. Бир гана нерсе - азыр мына бул жерде өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон бир ууч үй-бүлөлүк кландарды токтотсок эле, тартип өз ордуна келет деген менде толук ишеним бар.

Ошондуктан, мен аскер кызматкерлерине кайрылып кетет элем, баарыңар азыр элге курал көтөргөндү токтоткула, элди колдогула. Эл үчүн керек болсо жаныңарды дагы бергиле.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG