Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Шамал айдап кеткен балдар табылды


17-июнь күнкү катуу шамалда Ысык-Көлдөн жоголгон эки мектеп окуучусу табылды. Нуржигит жана Максат аттуу 16 жаштагы балдарды толкун айдап отуруп бир суткадан кийин көлдүн аркы өйүзүндөгү айылга аман-эсен алып чыкты.

Секундасына 21-22 метр ылдамдыкта соккон шамал 17-июнь күнү Ысык-Көл суусуна ушундай чоң толкун жаратты. Ошол шамал күнү “Дордой” эс алуу жайынын пляжынан көлгө катамаран менен түшкөн 9-класстын окуучулары дайынсыз болуп аткан. Балдар табыла электе өзгөчө кырдаалдар башкармасы Рыспек Мамбетов алардын жоглгонун мындайча сыпаттаган эле:

- Токмоктон келген 9- класстын балдары экен. “Бусик менен 1 күнгө келиптир. Эми алардан дайын болбой аткандыктан чөгүп кетти дегенден алыспыз, канчоо экенин да так айтуу кыйын.Ошондуктан суудан издей элекпиз. 17-июнда түшкү саат бирлерде болгон кырсык болуп атат. Бизге кабар кеч келип, бештен баштап бардык жээкти издей баштадык. Эч жерде жок.

Кырсык болгон жерде атайын штаб ачылып, министр К.Ташиев жоголгон баланын атасы Эркин Курмановду өзү вертолетко салып алып, көлдүн үстүн кыдырып чыккан менен аларды таппай койгон болчу. Балдар бир күндөн кийин аман- эсен көлдүн аркы өйүзүндөгү Кажы-Сай айылынан чыкты. Аларды Толкун айдап отуруп жээкке алып келген. Максат менен Нуржигитке биринчи жардам көрсөткөн жергиликтүү тургун Камчыбек Турдуматов балдардын кантип тирүү калганын айтып берди.

- Нуржигит жээктен үч чакырым араң басып бизге келиптир, вулканизацияда иштеп атканбыз. Дагы бир бала жээкте калганын, түнү бою суунун үстүндө катамаранда отурганын айтты. Балдарды алып келип, тамактандырып, ата-энелерине кабарладык.

- Алар вертолет менен издегендерди көрүптүрбү?

- Балдар футболкаларын чечип алып булгалаптыр. Бирок вертолет көрбөй кетиптир.

- Вертолетту Силердин айылдагылар көргөнбү?

- Жок, алар жээкти кыдырып эле кетишиптир

Балдар түшкөн катамаранды толкун Көлдүн күңгөй жээгинен тескей жээгине чейин сүрүп баратканда вертолет эмне үчүн көрбөй калганын Нарын жана Ысык-Көл аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармасынын өкүлү Шайлообек төмөнкүчө чечмеледи.

- Учкучтардын айтуусунда вертолетко көлдүн так үстүнөн учууга болбойт экен. Дүрбү менен караганда чымчыктардан башка эч нерсе жок болчу.

- Бирок балдар вертолетту көрүптүр да, кантип куткаруучулар дүрбү менен кантип көрбөй калды?

- Билбейм.Ушул жери табышмак болуп атат. Эн башкысы балдар тирүү калыптыр.Ошого кубанып атабыз, Эми териштиребиз го.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG