Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Жалал-Абадда референдум чочулоо кырдаалында өттү


Жалал-Абад облусунун добуш берүү бекеттерине келген жарандардын агымы түштөн кийин күчөдү. Арасында бүгүнкү референдумга кандай маселе коюлганын билбеген жарандар да жок эмес.

Облуста бүгүн добуш берүүчү 407 референдум бекети иштеди. Жер-жерлердеги жарандардын билдирүүсү боюнча Ноокен районунда добуш берүү бөлүмдөрүнө келе албагандар үчүн атайын автоунаалар жиберилди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустагы координатору Чолпон Эргешова байкоочуларды добуш берүү участкаларына киргизбей койгон жана эки-үчтөн добуш берүү баракчасын таркаткан кемчиликтер Базар-Коргон, Ноокен, Сузак районунда өз маалында жоюлганын маалымдады.

Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунда үйү өрттөнгөн качкындар туугандарынын үйлөрүндө жашаганы менен мыйзамдуу бийлик орнотуу тилеги менен добуш беришти.

Облус борборунун тургуну Юлдашева Саламатхандын айтымында элдин аз катышуусуна калк арасына таркаган түрдүү ушак-айың, тастыкталбаган имиш сөздөр таасир этүүдө. Жалал-Абад сыртынан тынчтай көрүнгөнү менен эл ичинде чочулоо жок эмес, дейт калктын ынтымагы жана тынчтык үчүн добуш бергенин билдирген аял:

- Эл-журтубуздун, заманыбыздын тынчтыгы, биримдиги үчүн мен референдумга кол койдум. Эл чочуп аздан-аздан келип атабыз. Биз тынтчыктын тараптары болуп келдик, эми тынчтык болсун.

Добуш берүүдөгү коопсуздук маселесин облустагы тартип сакчылары менен элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашты.

Облустагы добуш берүүнүн жүрүшүн саясий партиялар менен бейөкмөт жана түрдүү уюмдардын 459 байкоочусу көзөмөлдөөдө. “Таза шайлоо” уюмунун өкүлү Мураталы Үчкемпированын пикиринде жарандар жакшылыктан үмүт этүү менен добуш беришүүдө. Ал референдумга чакыруу барактары туура эмес таркатылганын жана бармакка белги коюудагы мүчүлүштүктү байкаганын айтты:

- Азыркы мезгилде менин байкоомо караганда элдин активдүүлүгү ортодон жогорурак. Менимче тезирээк бир кадам алдыга таштайлы, тополоңдон жададык, көрүнүшкө туш болуп атам. Активдүүлүк жакшы. Кээ бир учурларда мыйзам бузулуп атканын мен айтып атам. Маркировкалоо боюнча көбүнчө катачылык кетип атат. Мисалы эки адамдын чакыруу барагын алып келген учурлар болуп атат. Кээ бирлеринин туугандары жок, кетип калган, ошолордун ордуна шайлайм деген маселелер болуп атат.

Облус тургуну Абжапар Капаров мыйзамдуу бийлик орнотуу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактап добуш берди:

- Биздин мамлекет мыйзамсыз мамлекет болуп жүрө бербей, мыйзамдуу мамлекет болушубуз керек да. Өз Конституциялык мыйзамыбызды алышыбыз керек.

Добуш берүүгө кандай маселе коюлганын билбеген жарандар да болду. "Референдум боюнча билбейт экемин, уккан жокмун. Биринчи орунда тынчтык болсун",-деп добуш берди шайлоочулардын бири.

Жалал-Абад, Ош облустарында соңку айларда болгон башаламандыкты жое албады деп, референдумдун суроосуна каршы чыккан жарандар да жок эмес. Алардын бири Нооман убактылуу бийликтин саясатын колдобой турганын билдирди:

- Референдумга барып каршымын деген добушумду бердим. Себеби бул бийлик баскынчылык менен бийликти алып отурушат. Ошон үчүн мен каршымын. Азыркыга чейин тополоң басылбай атат, тынчтык жок, элдин бары бул бийликке каршы чыгып атат бул бийликке.

Референдумду өткөрүү боюнча облустук комиссия добуш берүү жараяны административдик ресурс колдонулбай, тынч өтүп жаткандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG