Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Б. Асанов: Жалал-Абадда кооптуу жагдай жок


Бектур Асанов, Жалал-Абад облусунун губернатору.
Бектур Асанов, Жалал-Абад облусунун губернатору.

Кыргызстанда июнь айында болгон коогалаңда Жалал-Абад облусунда төрт жүздөн ашуун үй жана алтымышка чукул ишканалар өрттөлүп талкаланган. Облус губернатору Бектур Асанов үй-жайсыз калган үй-бүлөлөр кышка чейин турак жай менен камсыз болоорун билдирди.

Б. Асанов: Курулуш иштери массалык түрдө жүрүп жатат. Биринчи бүткөн үйлөрдү 14-октябрда пайдаланууга беребиз. Бир жарым эки айдын ичинде үйлөрдү куруп бүтүп калабыз деген ишенич бар.

"Азаттык:" Каражат маселеи кандай? Жетиштүүбү?

Б. Асанов: Өзүңүздөр билгендей Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча өзүнчө дирекция түзүлгөн. Бардык иштер, акча каражаттар аталган дирекция аркылуу көзөмөлдөнүүдө. Бүгүнкү күндө каражат жана курулуш материалдар менен байланышкан эч кандай көйгөйлөр жок. Андыктан курулуш иштери токтоп калуусуна шылтоо болчу эч нерсе жок.

"Азаттык:" Ушул курулуш иштерине, дегеле аймакта кырдаалды жөнгө салууда эл аралык уюмдардын салымы кандай болуп жатат?

Б. Асанов: Негизинен эл аралык уюумдардын эсебинен курулуп жатат десек болот. Анткени белгилүү болгондой мамлекет тарабынан бул иштер үчүн бир миллиард сом бөлүнгөн жана бул акча эки аймак үчүн жетиштүү эмес. Ошондуктан негизги азыр бизге түшүп жаткан каражаттар жана курулуш материалдары чет өлкөлүк жардам менен эл аралык уюмдардын колдоосу болуп эсептелет.

"Азаттык:" Кыш да жакындап калды. Үй жайсыз калгандарды турак жай менен кышка чейин камсыз кылганга үлгүрөсүздөрбү?

Б. Асанов:
Октябрь, ноябрь айларында күн жакшы тийип турса үйлөрдү толук куруп бүткөнгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Эми анча-мынчасы бүтпөй калышы мүмкүн. Бирок биз жок дегенде эки, үч бөлмөсүн бүтүрүп киргизебиз.

"Азаттык:" Бүткөн үйлөргө үй-жайсыз калгандар кандай шарттар, кандай кезек менен киргизилет?

Б. Асанов: Кезек менен эмес. Негизинен ошол күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна гана жаңы үйлөр курулуп атат.

"Азаттык:" Мына ушундай иш чараларды уюштурууда өзбек тектүү кыргызстандык жарандар аларга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын айтып калышат. Чындап эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга көңүл бурбай жатасыздарбы?

Б. Асанов: Эми демократиянын шартында ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул туура эмес. Жалал-Абад облусу боюнча бизге эч кандай бул өңдүү доомат жок. Бүгүнкү күндө улутуна жараша туура эмес мамиле кылынууда деп бир да факты каттала элек.

"Азаттык:" Жалал-Абаддагы жалпы кырдаалга кандай баа бересиз, коопту кырдаал жокпу?

Б. Асанов: Жалал-Абад облусунда кооптуу кырдаал жок. Бүтүн баары жайында. Мамлекеттик структуранын бардыгы иштеп жатат. Ошондуктан кооптонто турган жагдай да жок. Келе жаткан шайлоолор да тынч өтөт деп ишенебиз. Чыр чыгара тургудай себеп деле жок.

"Азаттык:" Шайлоо маалында коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кандай жолго коюлган?

Б. Асанов: Коопсуздук маселеси боюнча бизде штаб түзүлгөн, иштеп жатабыз. Өлкө жетекчилиги менен тез-тез байланышып жатабыз бул жаатта. Коопсуздук маселелер боюнча биздин даярдыктар жакшы.

Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG