Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

«Жапон» Сейтек: Кыргызда тарыхый мүмкүнчүлүк бар


 Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

Кыргызстандагы окуяларга чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз да абдан ынтаа менен көз салып жатышат. Алардын бири - Жапонияда Токио университетинин докторанты, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев.

Ал Жапониядагы студенттер биримдигинин да жетекчиси.

-
Биз, Жапониядагы кыргыздар, мекенибиздеги кан төгүүгө өтө кападарбыз. Каза болгондорго, алардын жакындарына көңүл айтабыз.

- 75 кишинин өмүрү кыйылды, жүздөгөн киши жарадар, талап-тоноолор болду. Бул үчүн ким күнөөлүү?

- Жалпысынан кыргыз эли өзү күнөөлүү. Бирок негизги күнөө Бакиевдин режиминде.

- Бакиев «күнөө менде эмес, күнөө оппозицияда» деп жатат. Аны жоопко тартыш керекпи же эл тынчысын деп, аны менен мунасага барыш керекпи?

- Бул окуяларды азыркы жаңы бийлик, сот Конституциянын негизинде компетенттүү органдар чечишсин. Жообун ошолор берсе жакшы болот.

- Эми эмне кылыш керек?

- Келечекте жеке адамга эмес, институттарга ишене турган жаңы система түзсөк. Азырынча президент болууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев татыктуу же татыктуу эмес деген гана сөздөр болуп жатат. Мындан беш жыл мурда кудум эле азыркыдай болгон. 2005-жылы Ак үйдү алууга анда мен да катышкам. Ошондо мен «Бакиевден ашкан кыйын лидер жок» деп досторумду үгүттөгөм. Бизге бир саясатчыга эмес, институтка таяна турган жаңы система керек. Дагы жаңы өкмөткө, жаңы кадрларды мобилизацияласа абдан жакшы болмок.

- Силерди чакырса барат белеңер?

- Мен жалаң эле чет өлкөдөн, жалаң эле жаштарды алып келиш керек деген жокмун. Бирок АКШда, Жапонияда, Европада адам ресурстары даяр болуп турат. Алар жетекчилик кызматтардын жок дегенде 20 пайызын ээлесе, өзгөрүү болмок.

- Силерге окшогон кыргыздар батыштык демократиянын шартында жашап, Кыргызстанга келишсе, демократияны бекемдөөгө салым кошо алмак экени чын. Бирок Кыргызстанга андай демократия керекпи? Бакиев өзү чакырган курултайда кыргыздарга мындай демократия жарашпайт экен дебеди беле?

- Азыр баары эле «жаңы идеология ойлоп табабыз, өзүбүздүн салттарыбызды колдонолу» деп жатышат. Мында да чындык бар, бирок азыр жаңы идеологияны ойлоп табуунун кереги жок. Биздин жаңы идеологиябыз мыйзамдын, Конституциянын негизинде жашоо болуш керек. Ал эми салттар ансыз деле бар, аларды эч ким четке каккан жок. Ошол эле убакта реалист да болушубуз керек. «Жаңы өкмөт келсе эле баары сонун болот» деп ойлобошубуз керек. Бирок азыр бизде тарыхый мүмкүнчүлүк бар. Эгер биз ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кала алсак, Кыргызстан Борбор Азияга эң үлгүлүү, эң фундаменталдуу өлкө болуп берет.

XS
SM
MD
LG