Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Ж. Назаралиев: Жаңы заманда жаңы лидерлер керек


“Талапкер менен таанышуу” рубрикабыздын кезектеги мейманы белгилүү дарыгер “Назаралиевдин медициналык борборунун” жетекчиси Жеңишбек Назаралиев. Талапкердин айтымында, маалымат технологиялары дүркүрөп өнүккөн заманда, дүйнө өзгөрүп, эл да өзгөрүп жаңырып жаткан учурда эски жетекчилерден эчтеке чыкпайт, жаңы лидерлер келиш керек.

- Жеңишбек мырза, эмне себептен президенттик кызматка ат салышып жатасыз. Сиз доктурсуз, Кыргызстан азыр ооруп атат деп эсептейт болушуңуз керек, доктур катары кандай диагноз кое аласыз?

- Эң туура суроо. Себеби мени доктур деп айтат, бирок кечиресиз, мен аялдын доктуру эмесмин, көз докдур эмесмин, мен психиатрмын. Психиатр деген бул психолог, политолог, социолог, терең карай турган кесип. Андан тышкары бир адамды билсе, демек үй-бүлөнүн турмушун билет, кайдан эмне чыга турганын. Эгерде ал үй-бүлөнү биле турган болсо, коомду билет. Эгерде коомду биле турган болсо, демек элди билет, элди билсе, мамлекетти билет. Орустарда макал бар, түбүн кара деген (“зри в корень”). Ошол себептен Кыргызстандын, кыргыз элинин оорусу кайдан чыкканын билип турабыз. Бул оорукчан эл негизи. Өзүн жашоосун жашап өтүп кетип аткан эл.

Ар бир эл 1200-1400 жыл гана жашайт деген теория бар. Эми бир күндө эле өлүп калбайт, ылдыйга кетет. Мына биз 1100 жылдан бери империя катары 10-11-кылымдарда өзүбүздүн эң бийик кубатыбызга жеткенде бизди Енисей жактан союп кетишкен. Ошондон баштап биздин элибиз бөлүнүп, жарымысы Түндүк жакка кетип, жарым азиаттарды түзгөн. Бул алтайлар, якуттар, чукчалар, хакастар, евенттер. Ал эми жолдон келатып чачылып кеткендер да бар, мисалы буряттарды калтырып кетишти жарым жолдо. Айтор, жерин, жазуусун баарын таштап бул жакка - Ала-Тоонун түбүнө келип, бүгүнкү Кыргызстандын жерине келип конушту.

Анан миң жыл мурун биз исламды кабыл албай, көчмөн болуп жашаганбыз. Эки миң, үч миң жыл мурун ар бир калк урук-тукуму менен жашаган, пайгамбарсыз, дини жок жүргөн эл болгон. Анан кийин пайгамбар Моисей 3 миң жыл мурун келгенден кийин еврейлердин калкын кармап калышты. Бул жактан Будда эки жарым миң жылдан келгенден кийин, бул жакта Иран, чоң-чоң Сауд Аравия сыяктуу мамлекеттер Мухаммед пайгамбар келгенден кийин бир жарым миң жылын динде калтырып, дин элдин омурткасын түзүп, азыр ошолордун элдери 100-300 миллион миллиард элге чейин жетип, өсүп кетип атат.

Кыргыз элибиз Кудайдан, динден алыс болуп калган. Ошондуктан биздин элибиз болгону эки жарым млн. Мен себебин айтып атам, кыргыз эмне үчүн өсө албайт. Мен психолог катары түбүн көрүп атам. Эмнеден дарылаш керек. Биз ар бир ооруну дарылаш үчүн себептерин билишибиз керек. Себептерин билмейинче эч качан дарылай албайсың.

Мына Суусамырды алалы. Суусамыр, Чүй, Фергана өрөөнүнүн ортосунда тоо. 1100 жылдан бери бири-бирибиз менен катташа албаган себебибиз, өрөөн-өрөөндөрдүн ортосунда тоолор туруп, жарым жылда атчан эки киши мейманга барса барып, барбаса жок, ошону менен кыргыздын катташуусу болбой калган. Ошондуктан нарындыктар оштуктар менен отуралбайт, ысыккөлдүктөр жалалабаттыктар менен, таластыктар ысыккөлдүктөр менен отуралбайт. Баардыгы кыргыз болгону менен бир калк болбой калганбыз. Бир калк болмоюнча, күч болмоюнча, бир кыргыз болмоюнча миллиард доллар береби, күнү-түнү теледен ырдайбы, эч пайда чыкпайт.

- Президент Бакиевдин жетишкендиктери жана кемчиликтери эмнеден, бийлик эмнеден жазып-тайып жатат?

- Баардык кылганы бүт көргөзмө. Акаевдин маалынан баштап курултайларды, реформаларды кылып, жарым жыл сайын премьер- министрлерди алмаштырып баштаган ар кандай программаларды түзө коюп. Быйыл региондорду, туризмди көтөрөбүз деген жыл. Булар эски кишилер. Азыр дүйнө өзгөрүлдү. Азыр бул дүйнөгө жаңы-жаңы лидерлер келди, Саркази, Обама, Ахмединежат, Медведев деген жаңы жаш-жаш лидерлер келип, дүйнө өзгөрүлдү.

Информациялык технология, компьютерлер келгенден кийин элдин акылы да өзгөрүлдү, үй-бүлөдө да башка мамиле болуп калды. Азыр достордун ортосунда да башка мамиле болуп калды, завод, мекемеге коомчулукта башка мамиле болуп калды. Ошол мамлекеттин ичиндеги түйүндүү маселе, ар бир мамлекеттин ортосунда мамилелердин өзгөргөндөн кийин лидер да өзгөрүлүш керек, жаңы лидерлер келиш керек, эскиче кылган азыр болбойт. Мен кемчиликти ошондон сезем.

Бул эски кишилерден, муну рефлексия, инертность деп коет. Илгеркидей ойлонуп, азыр жаңы кылайын деп окшоштурайын десе да түбүн билбей атышат, кандай кылып өзгөртүштү. Ошондуктан үй-бүлөлүк кландык, демократиядан качышып, феодалдык, полициялык режим кылып атканы бул корккондон. Эмне үчүн коркот? Анткени авторитети элинде жок. Президенттин күчү мылтыктарда эмес, автоматтарда эмес, ички иштер министрлигинде эмес, эл ичиндеги авторитетинде болот. Элдин ишенимин алыш керек, ошондо күч болот, ошондо эл турат, колуна кетмен кармап туруп иш кылып, тилди угат. Азыр тилди укпайт эл. Эл коркуп калган. Баардык ишти кылганы корккондон. Ошондуктан биз тез-тез алмаштырып, тез-тез өзгөртүп, элибизди өзгөртө албайбыз.

-2006-жылы декабрь айында парламенттик шайлоо болгон. Ошондо сиз “Асаба” партиясынын тизмесинде биринчи болуп чыгып, кийин бирок шайлоодон баш тартып чыгып кеттиңиз. Бул көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Ошонун себеби эмнеде?


- Эң башында парлменттик шайлоо башталганда эле мен оппозициянын лидерлери менен жолуга баштадым Текебаев, Сариев, Бекназаров, Куловдор менен. Дароо эле сөз койдум, бойкот кылабыз. Себеби бул шайлоо жасалма болот. Ошондуктан азыртан эле элди, электоратты даярдай берели, бышсын деп мен психолог катары карап айттым. 1-2 айдан кийин эл муну көрүп быша баштайт, кийин президенттик убагына келгенде биз бир муштумга биригип алып өзүбүздүн кишибизди колдойбуз деп, бул биринчиден.

Булар жок деп коюшту. Себеби булар тиги жактан барып туруп эле президент менен сүйлөшө берет турбайбы, мага 5-10 процент берип коюңуз деп, булар чыккынчы экен. Мен ошого киргениме абдан ыраазымын. Себеби мен ичинен билдим булар кандай экенин. Кийин бул жерде 11-12 киши отурат лидер болуп. Мен келип сурадым, шефиңер, чоңуңар, аксакалыңар, лидериңер ким десем бирөөсү жооп бералбайт. Мага айткылачы лидериңерди, эгерде лидериңер болсо мен ляппай деп, акыл-эси тың, программасы өтө бийик боло турган болсо мен ошонгу угайын, мен жардамчы болуп берейин десем, аларда лидер деген жок экен. Бул ички саясаты, бул мага жаккан жок.

Экинчиден, ал убакта фальцификация, чын эмес оюн болгондон кийин бул көрүнүп, билинип калды. Баардыгыбызды койго окшотуп, короого киргизип, бирден союш керек болуп калды. Мен дагы короого кирип калдым. Мен короодон качып кетели, андан көрө байкот кылалы деп “Асаба” партияга айттым. Эгерде бойкот кыла турган болсоңор мен акчаңарды төлөп берейин, эгерде жок дей турган болсоңор мен кетип калам деп айттым. Алар жок деп, мени чыккынчы дешти. Рахмат дегендин ооруна булар ушундай жаңжал көтөрүп жиберет экен. Анан кийин мен болуптур деп өзүм жалгыз 100-1000 талапкерлердин арасынан мен жөн кеткен жокмун, бойкот менен урушуп кеттим.

- Мурдагы президент Аскар Акаев сизди 2005-жылдын 24-мартындагы окуяда баңгизатты пайдаланган адамдарды өзүңүз пайдаланган деп айтып жүрөт, кылмыштуу элементтер болгон, мындайча айтканда наркомандарды пайдаланган деп. Бул канчалык туура?

- Адам корккондо ар кандай ойго ар нерсени кошуп сүйлөп коет. Клиникамда эң көп 30 наркоман жатат, алар менен апасы, аялы жатат, 60 киши. Болуптур 60 кишиге мен наркотик ийне саяйын, 60 киши 50 миң кишинин арасында жөн эле чөгүп кетет. Бир миң киши болду ал жакта. Мен кантип баарын чектиртип, сайдыртып, наркоман кылат элем. Нарколог, наркотик, наркомафия, наркомания – нарк деген корень бар да. Булар мени кийин наркобарон, наркомафиози да кылып койду мени, элдин баарын наркоман кылып койду деп Мотуев кыйкырып атат азыр. Бул акылдын кемчилиги.

Талапкер Ж.Назаралиев менен маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00

XS
SM
MD
LG