Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Марат Токоев: “Эмоцияга алдырган учурлар болду”


Кыргызстандагы соңку коогалуу окуялардын маалымат каражаттарында чагылдырылышы жана буга байланыштуу медиа тармагындагы аткарыла турган иштер тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстанда акыркы мезгилдерде болуп өткөн окуялар учурунда журналисттер чынында эле кооптуу-экстремалдык шарттарда иштеп атышты. Маалымат айдыңында эмоцияга алдырган учурлар да болду. Ушундай экстремалдык шарттарда татаал маселелерди чагылдыруу чеберчилиги кандай болду деп ойлойсуз?

Марат Токоев: Кыргызстанда биз ушундай экстремалдык абалда иштеп жүргөнгө көнүп деле калдык. Бирок биздин жалпыга маалымдоо каражаттары бул жагынан кичине чабалдыгын көрсөтүп атышат. Өзүңөр айтып кеткендей, эмоцияга алдырган учурлар болду, бир жактуу материалдарды берип койгон учурлар болду. Жалпысынан алганда биздин гезиттеги материалдар абалды курчутпай, бир калыпта кармап тургандай иштеди деп айта албайм.

- Бул багытта кандай иш-чараларды алып барыш керек деп ойлойсуз? Балким тренингдерди уюштуруу, окутуу, же башка бир программалар?

Марат Токоев: Бул жакта көп эле пландарыбыз бар. Биринчиден, журналисттерге сөзсүз түрдө окуулар керек болот, экстремалдык учурларда кантип иштеш керек, анан кантип чагылдырыш керек. Өзгөчө акыркы кезде араздашууларга түрткү болбогондой, бирок ошол эле учурда маселени кабыргасынан койгондой кылып улут аралык мамилелерди кандай чагылдырыш керек? Тилекке каршы, Оштогу окуялардын алдында пландаштырып аттык эле, бирок бул окуялар пландарыбызды артка жылдырып койду. Бирок июль айында ошол иштерди алдыга жылдырабыз деп ойлойбуз.

- Бир катар адистер кыргыз тилиндеги ММКлар ушундай этностор аралык татаал маселелерди эле эмес, саясий-экономикалык маселелерге келгенде да бир аз өксүп келатканын айтышат. Коомдук пикирди калыптандырууда ММКлардын ролу чоң. Балким кыргыз тилинде жазган журналисттерди даярдоого, окутууга көбүрөк көңүл бөлүш керектир?

Марат Токоев: Акыркы жылдары кыргыз тилдүү журналисттерди окутуу жагына өзгөчө көңүл бурулуп келатат. Себеби мурда жалаң эле орус тилинде окууларды өткөрүп келген уюмдар деле азыр сөзсүз түрдө кыргыз тилдүү окууларды жүргүзүүгө көңул бурушат. Андан сырткары биздин уюм жалаң эле кыргыз тилинде окууларды өткөргөн. Бирок ушул окуудан өткөн балдар кийин ЖМКга келгенде кандай иштешет, окуудан алган билимин колдоно алышабы? Кеп ушунда болуп атат.

Мойунга алыш керек, азыркы учурда ушундай окуудан өткөн балдардын баары тең эле ЖМКларга келгенде алган билимдерин толук-кандуу колдоно алышпайт. Биринчиден, буга редакциялык саясат да, ошол учурда эле гезиттин ээлери жолтоо кылат.

- Бирок окутуулар башталгандан тарта журналисттердин кесиптик чеберчилиги боюнча өзгөрүүлөр барбы?


Марат Токоев: ЖМКларда жакшы иштеп аткан балдар бар. Акыркы учурда үмүт бере турган нерсе: мурда окуу өткөрүп атканда жаңы нерсени уккандай болуп эле карап турушса, азыр болсо окуудан өтүп аткан балдар өздөрү да тренерлердин айткан көп нерселери менен макул болушуп, алар менен талашып-тартышып, алардын да жаңы талаптарды алдыга жылдыруу боюнча аракеттери көрүнүп атат. Менимче, бул жакшы жышаан.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG