Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Ж.Касаболотов: Институт улуттук кызыкчылыкты көздөш керек


Көп жылдан бери эле, мурдагы кулатылган президенттер тушунда деле өлкөнү өнүктүрүүдө стратегиялык багыттарда кеп кеңештер иштелип чыгат делген институттар иштечү. Ошондой эле институт азыр да кайрадан түзүлдү. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясий серепчи, конфликтолог Жыргалбек Касаболотов жооп берди.

- Убактылуу өкмөттүн токтому менен улуттук стратегиялык иликтөө институту түзүлдү. Ушундай эле функцияны аткарган институттар мурдагы бийликтердин тушунда да бар болчу. Ошол буга чейинкилерге кылчайып көрсөк стратегиялык иликтөө институттары мурда кандай иш алып барчу, алар кандай максаттарда колдонулуп келген?

Жыргалбек Касаболотов: Негизи булар идеалында бийлик башындагылардын мээси болуп берүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, бийликтин өзүнүн түзүмүн жүргүзгөн туура эмес болгондуктан аны жөн гана идеологиялык илимий жактан негиздеп бере турган органга айланып калган.

Ал тургай менин эсимде, Акаевдин тушунда лирикалык түрдө кошомат жазып, түбүнө социалдык эксперт деп кол койгон адамдар кийин МСИнин директорунун орун басарлыгына келишкен. Негизги функциясы бийлик башындагыларга туура чечимдерди сунуш кыла турган орган болгондугуна карабастан президенттин, бийлик башындагылардын докладдарын даярдап бере турган, чет өлкөлүк долбоорлор менен иштей турган гана түзүмгө айланып калган.

- Сиз айтмакчы мындай институтта эң мыкты, глобалдуу ой жүгүрткөн, бийик деңгээлдеги адистер топтолуш керек. Мындайча айтканда, бул институт акыл борбору болуп атпайбы. Ошол себептүү анын натыйжалуулугун арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Сиз айткан мурдагы институттардын тагдырын кайталабаш үчүн.

Жыргалбек Касаболотов: Биринчиден, мунун башында турган адамдар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгы тууралуу абдан терең түшүнүгү бар адамдар болуш керек. Башкача айтканда, эксперттер деле ар кандай позициядан туруп иш кылат да. Бул институттагы эксперттердин жасаган иштердин баары улуттук кызыкчылыкка баш ийиш керек.

Экинчиден, мунун иштелип чыккан сунуштарынын, пландарынын баары бархыттын астында кала бербейт. Бийлик тарабындагы адамдар тарабынан жетекчиликке алынуусу керек. Негизгиси мамлекет жалаң эле өзүнүн гана институтун карап отурбай, башка аналитикалык борборлор менен да өнөктөштүк формасында иш алып барса болот. Бирок ошондо да улуттук кызыкчылыктар биринчи иретте туруш керек.

- Мурдагы президент Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиевдин өнүктүрүү агенттигинде өнүктүрүү институту бар болчу. Азыркы институт ошол институттун базасында түзүлүп атат. Мурдагы институтка улуттук стратегиялык тармактарды менчиктештирүү, башка шектүү делген механизмдерди иштеп чыгуу боюнча көптөгөн сындар айтылып келди эле. Ушул институт ушундай багытта колдонулуп кетпейт дегенге кандай тосмолорду же болбосо механизмдерди койсо болот?

Жыргалбек Касаболотов: Чындап келсек андай кепилдикти азыр да бере албайбыз. Негизи идеалында биз айткан институт Гуревич, Надел, Каганерлердин схемаларына каршы нерселерди алдын ала эскертип, тескерисинче, аларга каршы иштеш керек эле, мамлекеттик кызыкчылык болгондон кийин.

Бул эми эки нерседен көз каранды. Биринчиден, ошол институтта ким иштейт жана ким жетектейт. Экинчиден, ага тапшырмаларды ким берет. Эгерде чечимдерди өздөрү кабыл алып, “мына буга кандайдыр бир илимий негиздеме жазып бергиле” дей бере турган болсо анда албетте ал институт мурдагы ролунда эле кала берет. Эч качан өзүнүн түздөн түз функциясын аткара албайт. Балким жакшы тапшырма деле берилип, аны аткара турган адамдар менталитети боюнча таптакыр башка көз карашта болсо андан да эч нерсе чыкпайт.

XS
SM
MD
LG