Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

К.Дүйшөбаев: Кылмыш дүйнөсү менен бийлик чырмалышып калды


ЖКнын депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрелде Бишкекте атын өлтүрүштү.
ЖКнын депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрелде Бишкекте атын өлтүрүштү.

Мурдагы ички иштер министри K.Дүйшөбаев азыркы болуп жаткан буйрутма адам өлтүрүү фактылары бийликтин кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткенинен улам болууда деп эсептейт.

- Кеңешбек мырза, кечээ депутат Санжарбек Кадыралиевдин киши колдуу болушуна мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров пикирин билдирип, “Ак жол” партиясы өзүнүн ичиндеги көп сыр билген адамдардан “тазаланып” жатат деди. Башка адамдар бул окуя криминалдык чөйрөнүн ичиндеги чыр-чатактын натыйжасы болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышууда. Бул окуяга сиздин пикириңиз кандай?

-Азимбек Бекназаровдун пикири ошондой болсо, балким, анын ошентип айтканына кандайдыр бир негиз бардыр. Бирок акыркы окуяларды карап көрсөк, антип айканга дагы негиз болуп жатат окшойт. Мына жакында эле Медет Садыркулов менен Сергей Слепченкону жерге жашырып, акыркы сапарга узатпадыкбы. Алар болсо убагында ушул долбоорду даярдап, “Ак жол” партиясын түптөгөнгө абдан чоң салым кошкон саясатчылар, саясий технологдор эле. Бүгүнкү күндө Санжар Кадыралиев дагы “Ак жол” партиясынын абдан активдүү мүчөлөрүнүн бири болчу.

Эгерде антип эсептей турган болсок, негиздүү бир суроо туулат. Анда “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүн ушундай жол менен ким тазалап атат? Буга кимдин кызыкчылыгы бар? Бул партиянын артында ким турганы, ким түптөгөнү белгилүү да. Ошондуктан мунун артында абдан көп изилдей турган маселелер бар деп ойлойм.

- 2005-жылдан бери эле төрт депутат киши колду болду. Кесипкөй адам катары мунун себептерин чечмелеп берсеңиз?

-Эми мен төрт эмес, беш депутат деп эсептейм. Анткени Рысбек Акматбаев дагы убагында бийликтин колдоосу менен депутат болуп, сот ага чечим чыгарып берип, парламентке барып отурардын астында окко учпадыбы. Ошондуктан бүгүнкү күндө беш депутат окко учуп, депутат Руслан Шабатоев дайынсыз жок болуп кетпедиби.

Мунун бардыгы менин оюмча 2005-жылы болгон окуяларга байланыштуу деп эсептейм. Анткени биз бардыгыбыз билебиз да, март айында 2005-жылдагы окуяда криминалитеттин ролу кандай болуп, азыркы бийликтин келишине кандай зор салым кошконун.

Андан кийин дагы бийлик криминалитет менен абдан тыгыз байланышта болуп, аларга бир топ эле жардамдарды берип кол кабыш кылып келишпедиби. Ага мисал кылып айтканда, криминалитеттин ачык түрдө бийлик органдарына койгон талаптары. Өзгөчө ошол кезде премьер-министр болуп турган Ф.Куловду кызматтан кетирүү талабы. Ошондо президент оппозициянын митингисине чыкпай коюп, бирок криминалитет аянтка талап коюп чыкканда өзү чыгып барып, алар менен кол алышып учурашып, ошол жерде талаптарын аткарууга убада бергендери күбө болуп турбайбы.

Ошондуктан мен ойлойм, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан окуялар криминалитет менен бийликтин байланышы бар экендигин, ошол байланыштын бүгүнкү жашоо турмушубузга кедергиси тийип жатпайбы.

- Акыркы үч жарым жылда эле отуздан ашуун буйрутма киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Мунун көбөйүшүнө Ички иштер министрлигинин алсыздыгы себеп болуудабы же кылмыш дүйнөсүнүн чектен чыкканыбы?

-Мениче бул жерде эки вариантты тең эсепке алсак болот. Бирок биз эске алышыбыз керек, укук коргоо органдарында жалгыз эле Ички иштер министрлиги эмес. Ал жерде прокуратура дагы бар, соттору дагы бар, улуттук коопсуздук комитетти дагы бар. Бул жерде Ички иштер министрлигинин эле кемчилиги эмес, бүт укук коргоо тармагындагы органдардын кемчилиги бар деп эсептейм. Албетте Ички иштер министрлигинин өзгөчө ролу бар.

Бирок ага дагы себеп болгон көп профессионалдуу, мыйзамдын чеги менен иштеген таза абийирдүү кызматкерлердин бул иштеп жаткан иш формаларына макул болбой кетип калганы. Анан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин наркобизнеске, көп бандиттерге “крышовать” этип аралашып кеткендиги дагы көп роль ойноп жатат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын иштөө формалары криминалдык формаларга абдан жакындашып кетип жатат деп эсептейм.

Анткени мына жакында эле эки жыл мурда болгон “матрешка” окуясы, Медет Садыркуловго белек катары жиберилген кесилген кулак, сөөмөйлөр дагымунун далили болуп берет. Ошондуктан бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялардын бардыгы тең азыркы бийликтин жетер жерине жетип, айласын таппай кайсы форма менен иштерин биле албай, бир бурчтан экинчи бурчка чабылып жатканы деп эсептесе болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG