Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Кадырбеков соту: 50 күбөнүн 8 суралды


20-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн козголгон кылмыш ишти кароо улантылды.

20-ноябрда сотто күбө катары “Олдомор” жоопкерчилиги чектелүү коомдун кызматкерлери менен Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин лицензиялоо бөлүмүнүн өкүлдөрү суралды. Суралгандардын текши баары 2006-2007-жылкы жер титирөөдөн кыйраган мектептерди жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү аракети жасалып, курулуш менен долбоорлоо жумуштары эриш-аркак жүргүзүлгөнүн ырасташты.

Архитектура жана мамлекеттик курулуш агенттигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Токонай Ысманова тергөө маалында ага кысым көрсөтүлгөнүн сотто билдирди.

- Мени И.Кадырбековдун кабинетине чакырышкан деп жазылып жүрөт. Андай эч качан болгон эмес. Башка уюмдар, башка маселелер боюнча бир да жолу чакырышкан эмес.

Токонай Ысманова тергөөчү ал суракта айтпаган сөздү жазып, сурак маалында кысым көрсөткөнүн ырастады. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев мындай иш сөзсүз текшериле тургандыгын маалымдады.

- Ал милдеттүү түрдө текшерилет. Андай кысым болду деген сөз бул тергөө учурунда болсо бизге милдеттүү түрдө арыз менен кайрылса болмок. Азыр сотто ачык-айкын айтып жатканына байланыштуу биз бул маселени да жөн койбойбуз. Бул милдеттүү түрдө текшериле турган иш.

Айбек Турганбаев соттук териштирүү маалында иштин анык-чыны айкындала тургандыгын ырастап, ушу тапта күбөлөр суралып жатканын айтты.

- Бүгүн соттун жыйынтыгы толук көлөмдө өттү. Чакырылган күбөлөрдүн бардыгы сот ишине катышты. Эки тарап тең: айып коюп жаткан тарап да, жактоо тарап дагы өзүнүн суроолорун берип, ага ынандырарлык, канааттандырарлык жооп алышты.

Соттун бүгүнкү отурумунун соңунда Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, айыпталынуучу Ишенбай Кадырбековдон соттун жүрүшү туралуу пикирин сурадык.

- Сот жараяны жүрүп жатат. Сот адилет чечеби деген үмүт менен жүрөбүз,- деп айтты Ишенбай Кадырбеков.

Ишенбай Кадырбековдун кызыкчылыгын сотто белгилүү коомдук ишмер Азимбек Бекназаров баштаган адвокаттар тобу коргоодо. Адвокат Павел Михайленконун ырасташынча, сот узакка созулушу мүмкүн.

- Тизмедеги күбөлөрдүн кээ бирөөлөрү келбей калышы мүмкүн. Алардын тизмедеги саны 50 киши.

Павел Михайленко иштин акыйкатын сот гана аныктай аларын, өз пикирин ал кези келгенде сотто айта тургандыгын кошумчалады. Соттун кийинки отуруму 24-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG