Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

М.Салибаев: Революциялык комитет жөнүндө сөз болгон эмес


2-мартта Кара-Кулжада элдик жыйын өттү. Анда талкууланган маселелердин айланасында Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл округу боюнча депутаты Мамытбек Салибаев “Азаттыкка” маек курду.

- Революциялык комитет деген коомдук уюм түзүлгөндүгү бир нече булактан такталды. Бул тууралуу кечээ “Азаттыктын” кабарчысына “Ата мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов да айткан эле. Калмаматов “Азаттыкка” курган маегинде төмөнкүлөргө токтолгон:

“Алайкуунун жол маселеси да көтөрүлдү. Ушул жолду көзөмөлгө алуу үчүн азыр төрага шайланды, аты так эсимде жок, райондук кеңештин депутаты экен. Депутат Салибаев жетектеген комитет жол маселесин көзөмөлгө ала турган болду. Ал эми мындан аркы саясий иштерди жүргүзүү максатында революциялык комитеттин жоопкерчилигин өз мойнуна Алмамбет Атыркулов ала турган болду”.

Мамытбек мырза, кечээ кандай жыйын болду?

Мамытбек Салибаев: 1-мартта губернатор Мамасадык Сабирович, Айтмат Осмонович баш болгон кишилер менен бирге элдин пикир алышуусуна мен да катыштым. Бул жерде 25ке жакын киши катышкан.

Негизинен элдин көйгөйү - жол маселеси. Алайкуунун жолу кандай болуп атканы боюнча калк өз ойлорун айтты. Бул жерде өкмөткө, башкаларга күнөөнү койуунун эч кереги жок, бул табиятта болуп аткан нерсе. Депутаттык топ өзүбүз барып көрүп келдик. Бул жерде жол өтө оор.

Анан бул жерде комиссия түзүлгөн. Ар бир 5 айылдан 5 өкүл чыгып, элдин талаптарын, эмне болуп атканын акимчиликке жеткирип турган комиссия түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы менмин. Анан бурмалап, революциялык комитет деген туура эмес сөз.

- Ал жерде Революциялык комитет жөнүндө сөз болгон жок дейсизби?

Мамытбек Салибаев: Болгон эмес.

- Ошол эле мезгилде Алмакул аттуу каракулжалык революциялык комитеттин теңтөрагасымын деп бизге маек курду. Ал киши биздин башкы максатыбыз - элдин укугун коргоо деди. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак.

Мамытбек Салибаев: Бул жерде элди жаман атты кылуунун кереги жок. Алайкуулук туугандар революция эмес, өзү отурган жеринде карын күрөй албай, “тынч отуралы, бала-чакабыз алыста жүрөт, күнүмдүк оокатыбыз жетишээрлик бар” деп атышат. Анча-мынча жетишпегендер болсо керек. Бул жерде өйдө-төмөн болуп, революциялык комитет, бир балакет деген туура эмес.

- Алайкууда быйыл кыш оор болду, жолдор жабылып калды деген маалыматтарды жөнөкөй адамдар да айтып атат. Ошого карата бийлик элге колдоо көрсөтүү максатында кандай аракеттерди көрүп жатат?

Мамытбек Салибаев: Бул жерде бийлик жөн эле отуруп алды деген ой жок. Эл деле угуп атат, күндө телефон аркылуу кабарлашып атабыз. Бул жерге бийликти эле күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Бул табийгатты бир эле район, облус чечпейт экен. Бул республикалык масштабда чечиле турган маселе экен. Себеби техникалар бүт эскирген. Ал жакта 9 трактор иштеп атканын биз өз көзүбүз менен көрүп келдик.

- Райондук Кеңеш кандай сунуштарды берип атат?

Мамытбек Салибаев: Райондук кеңеш элдин суроо талаптарын бул эле жерде эмес, премьер-министр, губернаторго чейин түз бергенбиз. Элдин көйгөйүн айтканбыз, жол болбой атат, мынча күндөн бери жарык жок, эртеңки күнү калп болуп калбайлы деп бардыгын так, дааналап фактысы менен бергенбиз.

- Азыр жол ачылып, жарык берилдиби? Бериле элек болсо качан ишке ашышы мүмкүн?

Мамытбек Салибаев: Райондук кеңеште биз көзөмөлгө алып, депутаттык топтор Капчыгайдын Кара-Таш, Талды-Суу деген жерине жарыктын электр линиясын көчкү алган жеринде губернатордун орунбасары Айтмамат Алымкулович, аким болуп көрүп келдик. Кечээ күнү электрдин Оштогу тармактарынан келген бригадасы жөнөп кетишти, кечинде жетишиптир, ишти баштап атышат. Ал эми түндө саат 2 жарымда Ой-Талга барды, ал жакка чейин жол ачылыптыр. Бизге ошол жерден ДЭУнун, райадминистрациядан кишилер келдик деп телефон чалышты.

- Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG