Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

«Кумтөр» келишими - арбын кошуп аз киреше табуунун формуласы


Алтын талаш Кыргызстан эгемендик алгандан кийин арбыды
Алтын талаш Кыргызстан эгемендик алгандан кийин арбыды

2003-жылдын аягында «Кумтөр» алтын кен долбоорун өзгөртүүгө макул болгон кыргыз өкмөтү жаңы шарттагы келишим түзүүгө жетишти. 2007-жылкы келишим парламентте жактырылбай калган.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары: Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев, «Кыргызалтын» акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов алтын кен долбоору, жаңы келишим тууралуу кеп кылышат.

- Орозбек мырза, мына ушул жаңы келишимди мындан да жакшы түзүүгө болот беле?

Орозбек Дүйшеев:
- Эл билип калышы үчүн айтып коелук. Алтындын айынан “легендарлуу парламент” таратылып, 2-чакырылыштагы парламентте аны эки жолу талкуулаганбыз. Бирок аны бийлик башында тургандар укпай келишти. 2007-жылы А.Атамбаев башында турган өкмөт чечкиндүүлүк жасап, атайын эксперттик комиссия түзүп, ага көп адистерди киргизди. Кыргыз үчүн күйгөн патриоттор чогулуп ошондо момундай жыйынтыкка келгенбиз. Эми муну улутташтырып жибергенде деле болбойт.

2003-жылкы токтомду жокко чыгарганда деле пайдасы болбостугун далилдеп, ишти мунасага келип чечүүгө келгенбиз. 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимде биздин үлүшүбүз азайып кеткен. Ошону көбөйтүп, салыктарды арбын чогултуу маселеси коюлган. Азыркы макталып жаткан келишим деле ошол схеманын негизинде ишке ашкан. Бул келишимден көп болот беле же жокпу, деген маселеге келсек бул өзү татаал маселе. Албетте, көп болсо болмок. Бирок ар нерсенин чеги бар. 2007-жылы андай шарттар айтылганда үч ирет канадалыктар кетип калабыз, деп чыгышкан. Анан кайра мунасага келебиз деп башталганда 52% токтолгонбуз. Бул жакшы көрсөткүч.

Мына, “Жерүйдө” ал 40% эле.“Кумтөр” - чет элдик ишкана. Ага талаш менен жеткенбиз. 2008-жылы -10%, 2009-жылы -11%, 2010-жылдан 12% болот дегенбиз. Бул товардык продукциядан, кирешеден. Мындай төлөм жок. Башка салыктарды бүт төлөйт. Ысык-Көлдүн өнүгүшүнө - 1%, социалдык фондго өзүнчө төлөнмөк. Биздин эсеп боюнча 17 – 18% чыкканбыз ошондо. Анан эми бүгүнкү күндө 18% деп атпайбы. Бирок ал 13% эле чыкты. 4% - компаниянын өсүшүнө, 1% - Көлдүн экономикалык өнүгүшүнө жумшалат. Жанагы 4% менимче, кереги деле жок болчу.

“Кумтөрдө” алтындын запасы көп. Аны куруш керек. Геологиялык изилдөөгө 13,7 миллион доллар жумшашты. Курулушуна 57 миллион. Ошону менен 70 миллион жумшашты. Анткен менен жаңы келишим мурдагысынан жакшы, анан кошумча 11 миллион акцияны алдык. Бул дагы жакшы жетишкендик. Кез-кезде жакшылыкты айтпай, жамандап иймей жерибиз бар. Жанагы А.Елисеев деген жаңы киши А.Атамбаевдин тушундагы келишимди жаман деп сындап жатат.

- Дастан мырза, ушул келишимге мактоо көп айтылып жатат. Сиздин пикир кандай?

Дастан Сарыгулов:
- 1993-жылкы келишим боюнча “Кумтөрдүн” 66,7% Кыргызстандыкы, 33,3% “Камеконуку” болчу. Бирок “Кумтөрдүн” үстүнөн алынган карыз акча кайтарылып берилгенден кийин, алтын кен 100% кыргыз элине өтүп, мүлкү, менчиги болмок эле. “Кумтөрдү” башкаруу да Кыргызстанга өтмөк. “Камеко” болгон пайданын 33,3% гана алып турмак. “Центерра” боюнча бир сөз менен айтканда абал мындай. Сиз экөөбүз жазында жайлоого бирге чыкмай болдук дейли. Сиз 200 кой коштуңуз. Мен 20 кой коштум. Сиз азыркы мактап аткан шартта 31% же 73 кой аласыз, мен 147 кой алам. Ушул калыстыкпы? Ушуну мактасак болобу?

Кыргызстан “Центеррага” 20 тонна алтын өндүргөн “Кумтөрдү” кошсо “Камеко” 2 тонна алтын өндүргөн Монголиядагы Боорону кошот. Анан Кыргызстандын үлүшү мурда 16%, эми 31% болсо ушул да калыстыкпы? Кыргызстанды уурдап-тонобосо А.Акаев эмнеге качмак эле? Европа менен Москвадагы далай казино, ресторан, дүкөн, үйлөрдү А.Акаев кайсы акчага алган? Ушул суроону “Кумтөрдүн” тегерегинде саясат жүргүзгөн депутаттар эмне үчүн кабыргасынан койбойт?

- Орозбек мырза, 2003-жылкы өкмөттүн токтому жокко чыгарылып калса андан Кыргызстан утуш алат беле?

Орозбек Дүйшеев: - Эгер аны 2004-жылы алып алсак мүмкүн болчу. А кезде ачык жерден казылып алынчу алтын 110 тонна болчу. 2007-жылдын 1-январына карата анын 40 тоннасы эле калган. Биз ошондон бул маселени мунаса менен чечип жер алдындагы казуу иштерин тездетели, дегенбиз. Жер алдында геологиялык иштер жүргүзүү керек. Кийинки 4 жылда жалаң курулушка 300 миллионго жакын доллар кетти. 47 миллион геологиялык изилдөөлөргө кетти. Биздин колго өткөндө эларалык укуктук талаштар узакка созулмак. Убакыттан уттуруп коймокпуз.

- Дастан мырза, сот демекчи, кийинки комиссия биз соттон уттуруп коймокпуз, соттошуп эмне кылат элек, дегенди айтууда.

Дастан Сарыгулов: - Өкмөт башчы андай чечимге кол коюуга акысыз болчу. Бул токтом эмес. Буйрукка Н.Танаев өзү жалгыз кол койгон. Бул мыйзамсыз. Экинчи жагынан 1993-жылкы келишимде “Кумтөрдүн” тагдырын жалаң гана Жогорку Кеңеш чечери жазылган. А бул жерде парламент эки жолу каршы чыкса да Н.Танаев А.Акаевдин тапшырмасы менен жалгыз чечип салган. Жанагы соттошсок утулуп калабыз, деген болбогон сөз. Себеби дүйнө жүзүндө коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Люксембург, Монако, Швейцарияда далай триллиондогон долларлардын сырын ачкыла деген талапты көп мамлекеттер койду. АКШ талабы менен андай акчалардын сыры ачылмак болду.

Эгерде биз “Центерранын” келишими мыйзамсыз, адилетсиз, калыс болбой калганын далилдеп берсек, а муну далилдеш оңой, аны менен жана 200 кой менен 20 койдун мисалында айттым, сот коррупцияга каршы, деп сөзсүз биз тарапта болот. Бирок муну койгон эч ким жок, кызыкпайт. Жаңы келишимдин артында дагы кайсы бир кызыкчылыктар чечилгенин айрым гезиттер жазып чыгышты. Ушул туурабы деп ойлойм.

- Айрым бейөкмөт уюмдар өндүрүлгөн продукцияны эле теңме-тең бөлүп алсак туура болмок, дешет. Орозбек мырза, ушундай вариант болушу мүмкүнбү?

Орозбек Дүйшеев: - Тоокен өнөр жайын түшүнбөгөндөр аны кырмандан сузуп алчу буудайдай көрүшөт. Продукцияны бөлүү боюнча бизде мыйзам бар. Бирок анын механизми иштелип чыга элек. Алтынды казыш үчүн капиталдык салымдар көп кетет. Миңден ашуун ар түрдүү химиялык заттар пайдаланылат. 1 тонна алсак, анын жарымын бөлүп ала турган болсок ага кеткен чыгымдын да жарымын төлөшүбүз керек.

- Дастан мырза, сизге деле ушул суроо.

Дастан Сарыгулов: - Мисалы, деле деңиз көрбөгөн кыргыз Жапандын бир аралына барып ал жердеги балыкчыга акыл үйрөтсө калыстык болбой калар эле. Маселен, тиш доктур жүрөк оорусун билбейт. Ошонун сыңары тоокен инженери дегендин баары эле алтын казууну биле бербейт. Анан эле “Кумтөр” боюнча айрым депутаттар, бейөкмөт уюмдар алтын боюнча чебер адис болуп алганы мен таң калтырат. Алтынды бөлүп алыш керек деген талап туура эмес. Азыр казылган алтынды Интернет аркылуу сатып ийүүгө же сатып алууга болот. Алтынды бөлсөк анын чыгашасын да бөлүшүбүз керек.

- Орозбек мырза, мына ушул алтын кендин экологияга тийгизген таасири, кесепети кандай болот? Дагы казылчу 400 ашуун тонна алтын запасы бар.

Орозбек Дүйшеев: - Мындан чочулабай эле койсо болот. Эң жаман нерсе - уран казып алуу. Цианид - аябай активдүү химиялык зат. Алтын мына ушул цианид менен сымапка гана эрийт. Абдан таза зат. Цианид иштетилгенден кийин тазаланып калат. Анын зыяны сууда калат, деген туура эмес. Кээ бирөөлөр аны көбүртүп-жабыртып айта берет. Андан коркпош керек. Маселе башкада, мөңгүлөр кандай болот, уулуу зат калдыктары сакталган жер түбөлүк муздун үстүндө жайгашкан, ал кандай болот?

-Дастан ага, сиздин пикир.

Дастан Сарыгулов: - Албетте, мындан кооптонуш керек. Бирок алтын өндүрүү боюнча дүйнөлүк тажрыйба эске алынып, техникалык эреже-талаптар долбоордо аткарылган. Иш жүзүндө да сакталган. Эгер ушунча эле зыяндуу болсо мына Макмал алтын кени иштегенине 20 жыл болду. Андан элдин зыян тапканын уктукпу? Маселе башка жакта. “Кумтөр” - ири алтын өндүргөн ишкана. Анын тегерегинде байлык, акча бар. Анын тегерегинде саясий күрөш күчөп жатат. Саясатташтыруу аракети жүрүп жатат. Ошого жараша экология маселесин да кандайдыр бир деңгээлде саясий куралга айлантуу аракети болууда.

- Рахмат, мырзалар, ишиңиздерди ийгилик коштой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG